Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Нарындагы эң ири Жетим-Тоо темир кен жайы жең ичинен сатылды деп жергиликтүүлөр нааразы болуп жатат.

Айылдык кеңештин айрым депутаттары Бишкектеги маалымат жыйынында Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку башчысы Ишимбай Чунуевди айыптады. Чунуев болсо мыйзам бузуу болду деген дооматты четке кагууда.

Жетим-Тоо кениндеги Данги аймагын чалгындоо үчүн кытайлык “Арт майнинг” компаниясынын лицензиясы былтыр жыл этегинде узартылган экен. Нарын облусундагы Орток айыл кеңешинин депутаты Кеңешбек Мүсүров кенди иштетүүгө каршы 10 миң кол топтолгонун айтып, лицензиянын берилиши үчүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку башчысы Ишимбай Чунуевди күнөөлөдү:

- Жетим темир кенине берилген лицензиялар 2011-жылы жокко чыгарылган. Бирок ага карабастан, кенди иштетүүгө мораторий жарыялоо боюнча 10 миң кол топтолгонун эске албастан, Чунуев 2012-жылы 17-декабрда жең ичинен болобу, айтор берип жиберди. Бул жерде чоң катачылык, мыйзам бузуу болгон. Себеби лицензия берилип жатканын жергиликтүү эл, жергиликтүү бийлик билген эмес. Нарын районунун акими 3-июнда бул тууралуу орун басарына берип жатат. Орун басары болсо 20-июнда Орток айыл өкмөтүнө кат жолдоп жатат. Биз болсо сессиябызды 8-июлда өткөрүп, Данги участогун геологиялык чалгындоого бербөө тууралуу чечим кабыл алдык.

Кыргызстан жаштар кеңешинин өкүлү Жеңиш Молдакматов президент Алмазбек Атамбаев соңку ирээт Нарынга барганда Жетим-Тоо ачылбайт деп айтканын эскерип, эгер казуу башталса, кесепети оор болоорун билдирди:

- Президенттик шайлоодо ар бир талапкер, парламенттик шайлоодо азыркы беш фракциянын өкүлдөрү Жетим-Тоо сатылбайт, берилбейт деп убада берген. Жетим-Тоонун үстүндө 500 метр аралыкта корук жайгашкан. Мыйзамда кен корук турган жерде болсо, ал мамлекетке кайтарылышы керек деп каралган. Ушуну эске алып, мораторий жарыялаш керек. Эгерде бийлик башчылары күзүндө, же жакын арада Нарында үчүнчү, же экинчи тарап дейбизби, оппозиция, позициясы дейбизби, Жетим-Тоону имиш кылып элди көтөрбөсүн десе, Жетим-Тоо маселесин жабыш керек.

Молдакматов Жетим-Тоо боюнча тиешелүү материалдар атайын кызматка берилгенин, ал жактан кылмыш иш козгоо талап кылынарын кошумчалады.

Ишимбай Чунуев болсо лицензиянын мөөнөтүн 2014-жылга чейин узартууда мыйзам бузуу болбогонун, аталган мамлекеттик мекеме расмий жооп даярдап жатканын “Азаттыкка” маалымдады:

- Мен лицензия бөлүмдүн балдарына тапшырма бердим. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Жаңы мыйзам боюнча бергенбиз. Бул боюнча агенттик расмий жооп берет. Бул жерде саясий буйрук менен эле маселе көтөрүп жатышат. Муну атайын комиссия чечкен. Ошол комиссия жооп берет. Комиссия былтыр 26-ноябрдан тарта иштеген. Алар маалыматты толук берет. Лицензия кен казууга эмес, чалгындоо үчүн берилген.

Геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов 1980-жылдары Жетим-Тоо темир кенин изилдөөгө катышкан. Анын маалымдашынча, кен 1950-жылы ачылган экен:

- Союздун тушунда 10 миллиард тоннага чейин темир бар деген божомол айтылган. Темирдин татаал жерлери көп, ар кандай минералдары бар. Жетим-Тоодо темир жаткан бассейиндин узундугу 45 чакырымга, туурасы 1,5 чакырымга созулат. Нарын суусунун оң жээги менен Караколдун Күрмөнтүсүнө чейин барат. Союздун тушунда геологиялык жактан начар изилденген. Ошондуктан Жетим-Тоонун кийинки божомолу боюнча 3,5 миллиард тонна темир бар.

Осмонбетовдун билдиришинче, кенде Данги, Кара-Таш, Молдобашы, Күрмөнтү дегендей 10 чакты участок бар. Кен Нарын дарыясынын оң жээгинде жайгашкан, сол жээгиндеги корукту марал, арка-кулжа байырлайт. Кенде алтын да бар дейт окумуштуу:

- Геологдор “Жетим-Тоонун ташы” деп койобуз. Ошол ташта Кумтөрдүн алтыны жайгашкан. Эгерде биз жакшылап издесек, Жетим-Тоодон темир эле эмес, алтын да тапсак болот. Алтын кармаган таш ошол Кумтөрдөн Жетим-Тоого чейин келет. Таштын жашы да, түрү да ошондой. Ошондуктан Жетим-Тоону темир кени деп эле далдактатып иштетпей, жакшылап издесе, алтын, дагы башка пайдалуу заттардын кенин табууга болот. Үчүнчүсү - эгер Жетим-Тоону казсак, Нарын дарыясынын суусун Сыр-Дарыя, Аралга чейин темирдин даты менен чайкайбыз. Анан коруктагы маралдарды, арка-кулжаны үркүтөбүз. Кыскасы, менин колумда болсо, Жетим-Тоону бербейт элем. Кийин өзүбүз казсак, алтын да табабыз.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Жетим-Тоонун Күрмөнтү жана Молдо-Башы деген жерлери “Майлин ресурс” деген кытайлык компанияга берилген. 2011-жылы компаниянын лицензиясы жокко чыгарылган. Бирок азыр “Майлин ресурс” кыргыз өкмөтү менен соттошуп жатат.

Буга чейин Жетим-Тоону Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курганы үчүн кытайлыктар алат деген сөз тарап, жергиликтүүлөр бир катар нааразылык акцияларды өткөргөн. Ушундай маалымат таратканы үчүн 2011-жылы ал маалдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов ошол убактагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевден сөгүш алган эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG