Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Чагым салган жазуулар кыжаалат кылууда


Чагымчыл жазуулар шаардын чок ортосундагы Навои паркына коюлган учактын бооруна да жазылган.
Чагымчыл жазуулар шаардын чок ортосундагы Навои паркына коюлган учактын бооруна да жазылган.

Ош шаарынын айрым жерлеринде улуттук кастыкты козуткан жазуулар пайда болушу шаар калкын кыжаалат кылууда.

Мындай жазууларды Черёмушки кичирайонундагы дубалдарга, өзбек улуттук Бабур драма театрына жана Навои паркындагы учакка калтырышкан. Күч органдары муну бейбаштар уюштурушу мүмкүн деп болжоп, иликтөөгө алгандыгын кабарлашты.


Бейбаштардын кылганыбы?


Оштогу «Адам укуктары боюнча эдвокаси борборунун» юристи Нурбек Исмаилов улуттар аралык кастыкты козуткан жазууларды шаар калкы менен жолугуп жатып кезиктиргенин ортого салды:

- Бул боюнча бизге Черёмушки кичирайонундагы эл менен жолугуп жатканыбызды айтышты. Алар шаар боюнча үч жерде жазылып турат дешти. Ошол эле кичирайондогу аскер бөлүкчөсүнүн дубалдарына, анан Бабур өзбек драма театрынын дубалдарына жана СМУТТда бир жарандын эле үйүнүн дубалдарына жазып кетишкен. Ал жерден түздөн-түз эле улуттук маселени козгогон, башкача айтканда, «Сарттарга өлүм!» деп турат.

Исмаиловдун айтымында, бул окуя кандуу окуяларды эстен чыгарып бараткан элди кайрадан чочулоого алып келүүдө:

- Негизи элдин кооптонуусу күчөп кетти. Анын үстүнө Черёмушки кичирайонунда бир кылка улуттун өкүлдөрү, башкача айтканда жалаң өзбектер жашайт. Алар үчүн бул нерсе 2010-жылкы окуяны эске салгандай болуп жатат. Эми муну ким жазганы белгисиз го, бирок менимче, көчөдөгү эле бир жаш балдар же, ичип алган бирөөлөр жазышы мүмкүн.

Тургундардын белгилешинче, жазуулар борбордук базарда жана Навои паркындагы учактын бетинде да пайда болгон.

Черёмушки кичирайонунун жашоочусу Салижан бул ишти кайсы бир күчтөр тарабынан атайылап уюштурулуп жаткан чагым деп эсептейт:

- Сарттарга, же мындайча айтканда өзбектерге өлүм деп жазылган жазууну жөнөкөй эле бир жаш балдар жазып койду дегенге кошулбайм. Муну бирөөлөр атайын чагым кылгысы келип жасап жатат. Бул эми араң жашап жаткан элди кайра дүрбөлөңгө, кыжаалатка салууда. Алдын ала минтип коркутуп жаткандан кийин эми бир күн бирөө жарым үйгө кирип келбейт деп ким кепилдик бере алат? Ансыз да эшик-эликтин баары ачык турат. Кечкисин ээн-эркин сыртка чыгыштан кооптонобуз, балдарды күндүзү ойнотуштан коркобуз. Кыскасы элге кыйын эле болду.


Милиция иликтеп баштады


Ал эми күч органдары элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда. Шаардык ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Замир Сыдыков улут аралык кастыкты козгогон жазуулар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

- Дубалдарга ар кандай сөздөрдү жазып, улуттар аралык кастыкты козгоо боюнча эки факты катталган. Азыр факт боюнча кылмыш иши козголуп, улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Муну эми бир бейбаш немелер эле уюштурушу мүмкүн деп болжоп жатабыз. Ошол себептүү мындан саясат кылып, кооптонууга негиз жок. Учурда абал тынч, баардык кырдаал күч органдарынын көзөмөлүндө.

Ошол эле кезде чагымчыл жазуулар пайда болушун Ош шаардык кеңешине болчу шайлоо менен да байланыштыргандар бар. Болбосо аймактагы кырдаалдын туруктуулугун каалабаган топтордун кайрадан баш көтөрө баштагандыгынын белгиси дешет серепчилер.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG