Линктер

дүйшөмбү, 27-февраль, 2017 Бишкек убактысы 17:34

Кыргызстан улуттук азчылыктарды коомдук-саясий турмушка көбүрөөк аралаштыруунун, мамлекеттик кызматтарга тартуунун жолдорун издеп жатат.

30-ноябрда Бишкектеги улуттук жыйында бул жаатта бир катар маселелер бар экени айтылды. Мисалы, соңку жылдары ички иштер органдарында башка улуттун өкүлдөрү азайды, ошол эле учурда кыргыз армиясы моноулуттуу бойдон калууда.

Июнь коогасынан кийин 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары башкармалыгы Кыргызстандагы улуттук азчылыктардын коомдук-саясий турмушка аралашуусу боюнча иликтөөсүн жарыялаган эле. Анда өкмөттө, мамлекеттик кызматта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында башка улуттун өкүлдөрү аз экени, аларды тартуу боюнча чаралар жетишсиз болгону айтылган. Жаңы иликтөө айрым бир иш-аракеттер болгону менен абал өзгөрбөгөнүн көрсөттү.

Оштогу лөлүлөрдүн кыштагы

Оштогу лөлүлөрдүн кыштагы

Кыргызстандагы тажик диаспорасынын лидери Равшан Сабировдун пикиринде, кырдаалды жакшыртуу үчүн буга чейин берилип келаткан сунуштар ишке ашышы керек:

- 2010-жылкы окуялар боюнча улуттук комиссия иштеген. Ал комиссия 32 пункттан турган сунуш берген. Бүгүнкү күндө биз бала бакча, мектептерден баштап улуттарды аралаштырышыбыз керек. Аралашып үй-бүлө кургандарды колдошубуз керек. Керек болсо ошого жол ачышыбыз керек. Кыргызда куда-сөөк миң жылдык деп коёт. Ошондо биз улут аралык араздашууларды азайта алабыз. Мындай иш-чаралар керек. Эң башкысы, мыйзам так, бардык улутка бирдей иштеш керек.

Талдоочу Медет Түлөгөнов улуттук азчылыктар жана алардын маселелери ачык айтылып, талкууланып жатышын ийгилик деп эсептейт. Бирок жагдайды жакшыртуу үчүн ырааттуу иш жүргүзүү зарыл.

- Бизде бул жатта расмий саясат бар. Бирок маселе чоң, биз чечип, талкуулап үлгүрө албай жатабыз. Ошондуктан максаттуу, ырааттуу иш алып барышыбыз керек. Мисалы, мамлекеттик кызматтардагы улуттук азчылыктар. Улуттук концепцияда бул маселе жана аны чечүү боюнча жазылган. Бирок жылыш жок. Эми биз бул меселени ачык айтып, талкуулап жатабыз, муну башкы жетишкендик десек болот. Ушундай талкуулардан улам жыйынтык чыкса керек деп ойлойм.

“Перемена” коомдук фондунун жетекчиси Алмаз Тажыбайдын баамында, көп маселелер үстүртөн каралып жатат. Ошондуктан аракеттерден майнап чыкпай калууда:

- Маселелер тереңде жатат. Бирок чоң программа болуш керек. Азырынча улутуна карап кодулоону тыйган жолдор аз болуп жатат. Экинчи жактан биз жарандык коом түзө албай жатабыз. Мисалы, тилге байланыштуу эле маселелер көп болуп жатат. Ушул жерден ыдырап да жатабыз. Ошондуктан маселени түбүнөн чечишибиз керек.

Иликтөө боюнча, соңку жылдары ички иштер органдарында иштеген улуттук азчылыктын өкүлдөрү азайып жатат. Мындан үч жыл илгери милиция кызматкерлердин 6,3 пайызы башка улуттун өкүлдөрү болсо, азыр 4,5 пайыз болуп кыскарды.

Анткен менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов тоскоолдук жок деп ишендирип жатат:

- Мисалы, кызматка сынактык негизде алганда, эгер баллдары бирдей чыгып калса сөзсүз түрдө улуттук азчылыктын өкүлдөрүнө артыкчылык берилет. Өкмөт мындай токтомду 2014-жылы кабыл алган. Азыр бул ишке ашып жатат. Ички иштер органдарына кызматка орношуу үчүн сөзсүз армияга баруу керек. Бизде кызматка алууга эч кандай тоскоолдук жок. Академияда да улуттук азчылык өкүлдөрү окуп жатат.

Кыргызстан улуттук азчылыктардын укугун коргоо боюнча бир катар эл аралык милдеттенмелерди алган. Мисалы, парламентке келиши үчүн мыйзамда атайын жоболор каралган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бакыт Рыспаев азыр Кыргызстан элдер ассамблеясын өзгөртүү боюнча сунуш даярдалып жатканын айтып берди:

- Бизде коомдук уюм катары түзүлгөн. Ал эми башка мамлекеттерде, мисалы, Казакстанда ошол ассамблеянын башчысы болуп президент өзү эсептелет. Анан борбордон облустарга, райондорго чейин каражаттар бөлүнүп, бардык диаспоралар каржыланат. Бизде болсо алар улуттук-маданий борбор катары өздөрүн каржылап иш жүргүзөт. Алар Ноорузда же эгемендик күнүндө, майрамдарда гана пайдаланылып калат. Эгер каражат бөлүнүп, такай иш-чаралар уюштурулуп турса биз туруктуу иштейт элек, улут аралык маселелердин баарын камтыйт элек, деп маселе көтөрүп жатышат.

Июнь коогасын башынан өткөргөн Кыргызстанда улут аралык мамиле талылуу маселелерден болуп саналат. Бул жаатта бир топ талкуу-жыйындар өтүп, атайын концепция да кабыл алынган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG