Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Укук коргоочулар Кыргызстанда ар кандай себептерге байланыштуу дайынсыз жоголуп, табылбай калгандардын саны жылдан жылга арбып баратканын билдиришүүдө. Бирок жоголгондор тууралуу статистикалык так маалымат жок. Болжолдуу маалыматтарга караганда, былтыр дайынсыз кеткендердин саны 5 миңге жетип, анын жарымы табылганы маалымдалган. Ал эми эл арасында дайынсыз жоголгон жакындарын ондогон жылдардан бери таппай беймаза болуп жүргөндөр бар.

Үйүнөн чыгып кеткен бойдон кабары жок 36 жаштагы уулу Таалай Адыгаевди апасы Алмабүбү Сариева бир жарым айдан бери издеп, таппай, сыздап отурат.

Жашаган батиринен акыркы жолу ажырашып кеткен экинчи аялы менен көрүшүү үчүн кечке маал чыгып кеткенин кошуналары көрүшкөн. Алмабүбү апа милицияга кайрылса деле жыйынтык чыга элек. Акыры Нарындагы үйүн таштап, тууган-уругу менен кошо өлүү же тирүүсү билинбей жаткан баласын издөөгө өздөрү киришкен.

- Ошол күнү шаардагы “Апшерон” деген кафеге мурунку аялы чакырып, чогуу отурушкан экен. Үйдө калган телефонунда аны менен жазышкан СМС каттар сакталып калган. Андан соң аялды үйүнө жеткирип барып, өзү кайтып келген эмес.

Алтымышты таяп калган эненин баскан-турганда тилегени эле - баласынын амандыгы.

Бакыт Адыгаевдин айтымында, иниси Таалай аэропортто туруктуу иштеп, эл катары жашап жүргөн экен. Анын нааразы болгону - иликтөө иштеринин жакшы жүргүзүлбөй жатканы жана ИИМге, Башкы прокуратурага жазган арыздарынан дайын чыкпай жатканы.

- Тергөөчүлөр болгону түшүнүк кат алышты. Кафедеги официант кыздардан 10-15 күн өткөн соң сурашкан. Ал эми мурунку аялы жашаган үйдүн жанындагы дүкөндүн алдындагы видеокамеранын көчүрмөсүн алып, карашса болмок да. Тергөөчүлөр такыр эле ишти создуктуруп, эртерээк кыймылдашпай жатат.

Үмүт шамы өчпөйт...

Бул өңдүү жакшынакай жашап жүрүп эле кабары жок болгондор толтура экенин Дайынсыз жоголгондор коомунун төрагасы Бакыт Эгембердиев да белгилейт. Ошол эле кезде ар кандай жагдайда айлап-жылдап жоголгондорду издөө иштеринин создуктурулушу жайбаракат иликтенип жатканынан деген пикирлерге кошулат.

- Тактап айтканда шектүү адамдарга карата чара колдонбогондун айынан болууда. Бизде ыкчам иш алып баруу деген жок. Күч кызматкерлеринен көп нерсе көз каранды деп ойлойм. Анын үстүнө биздин милициянын деле техникалык базасы начар да. Изин суутпай иш алып барышса бир топ жагдайлар ачыкталмак. Андан көрө баңги, террор дегендерди кармаса кызматынан көтөрүлөт. Азыр Кыргызстанда адам жоголгон эшек жоготкондой эле болуп калган.

Жок издегендер аргасы кеткенде төлгөчүлөргө, көз ачыктарга барышат. Төлгөчү Ырыскан апа көйгөйүн айтып кайрылгандардын көбү тартип сакчыларынан жардам болбогондо келишерин айтат. Ырыскан төлгөчү ондогон адамдын арыз-муңун угат, үмүт бергенден артык жардамы деле жок.

- "Же өлүүсүн, же тирүүсүн айт" дешет. Эч нерсе деле болбойм. Кээде абалын көрүп, алдаганга туура келет. "Алыста жүрөт, аман-эсен келет" дейм. Эми адам деген үмүт менен жашайт да.

Кулчулукта жүрүп табылгандар

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун 10-20 жылдап убакыт өтсө да жакын адамдарын издеп, улам арыз жазып милицияга кайрылгандар дале толтура экенин белгилейт. Андай карабашыл адамдардын тагдыры көбүнчө киши колдуу болуп өлтүрүлүшү менен аяктарын айтат. Ал эми жоголгондордон жашы жете электердин көбү начар үй-бүлөнүн балдары, көбүн эсе социалдык факторлордон улам үй-жайын таштап кетип калгандар.

- Тилекке каршы көбүнчө кайсы бир күчтөрдүн курмандыктары болуп, же бөөдө кырсыктын айынан жаап-жашырылып, дайыны чыкпай калат. Маселен, сууга ыргытышат, көмүп салышат дегендей.

Ал эми дайын-оту жок болгон кыргызстандыктарды издөө менен алектенген “Кайдасың” телеберүүсүнүн кабарчысы Нуркамал Асканованын айтымында, ар бир көрсөтүү ар кандай кайгылуу тагдыр менен коштолот. Табылгандардын басымдуу көпчүлүгү миграциянын агымы менен чет жерде кулчулукта жүргөндөр. Кыргызстандын өзүндө деле алыскы аймактарга жалданып иштеп, дарексиз кеткендер бар. Ай сайын издөөгө берилген 40-50гө жакын адамдын жарымынан көбү да жашы жеткен жарандар.

- Көп учурда биздин программага кайрылгандардын туугандарын ошол эле коңшу Казакстандан табабыз. Анткени бир четинен жакын болгондуктан, жумуш издеп кеткен боюнча жан багып жүргөнүнөн кабар алабыз. Балдардын көбү кайра үйлөрүнө кайтарылат. Бирок эмгекке жарамдуу эле адамдар акча табуунун айласы менен жүрөт.

Анткен менен бир гана ИИМ жоголгондор мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп табылып жатат деген пикирде. Министрликтин өкүлү Эрнис Осмоновдун айтымында, былтыр жоголгон 5 миңге жакын адамдын жарымынан көбү жакындарына кайтарылып берилген. Бирок милиция кызматкерлери жоголгондорду көбүнчө кандай жагдайда табары туурасында айткан жок. Ал эми соңку 6 айда түшкөн 1000ге жакын арыздын 400гө жакыны жалаң өспүрүмдөр.

- Булар көбүнчө начар үй-бүлөдөгү балдар. Көп жоголгондор - 30 жаштан 60 жашка чейинкилер. Ар кимисинин жагдайы ар башка. Жашоо шарттын начардыгынан, социалдык факторлордон улам кетип калышат. Ошентип дайыны билинбеген бойдон калат.

Жыл сайын миңдеген адамдардын жоголуп жатканы туурасында милициянын берген маалыматы расмий түрдө айтылганы гана. Тилекке каршы чакан Кыргызстанда билинбей дайынсыз болгондордун санын так айтуу мүмкүн эмес дешет адистер. Буга өлкөдөгү социалдык абалдын төмөндүгү, өз укуктарын жакшы билбеген өңдүү мисалдар себептиги айтылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG