Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Соттолгондорду ишке орноштурууга арналган жыйын өтүүдө


Түрмө.
Түрмө.

Соттолуп, түрмөгө отуруп чыккандарды жумуш менен мамлекет камсыз кылуусу зарыл, бул үчүн атайын мамлекеттик программа иштелип чыгышы керек. Мындай сунуш Бишкекте өтүп жаткан талкууда айтылды. Анда билдирилгендей, коомдогу өгөй мамиледен улам, жаза мөөнөтүн өтөп, эркиндикке чыккандар ишке орношо албай кыйналышат. Айрымдары кайра эле кылмыш кылып, түрмөгө түшөт.

Эркиндикке чыккандарды адаптациялоо жана жумуш менен камсыз кылууга арналган "тегерек үстөлгө" Жаза аткаруу кызматынын, жарандык коом өкүлдөрү, Британиядан жана Орусиядан атайын чакырылган эксперттер катышууда.

Иш-чараны “Балдар укугун коргоо” лигасы Британ элчилигинин көмөгү менен уюштурган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG