Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Бишкек мэриясы көп кабаттуу үй курууну көздөөдө


Бишкектеги курулуш.
Бишкектеги курулуш.

Бул үчүн алгачкы капитал зарылдыгын белгилеген шаар мэри келерки жылы бюджеттен каражат караштырылып жатканын билдирди. Албек Ибраимовдун сөзү боюнча, социалдык турак-жай куруу үчүн учурда 5 компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Турак-жайга жерди мэрия берет жана коммуникациялык байланыш менен камсыз кылат. Ибраимовдун айтуусунда, курулуш компаниялары батирлердин 1 чарчы метрин 26,5 миң сомдон сатууга макулдугун беришкен.

Өткөн жылы каражаттын жоктугунан "Тунгучта" курулуп жаткан социалдык турак-жайдын 4 кабаты гана курулуп, токтоп калган. Натыйжада үйдөгү 10 батирдин ээлери акысын толугу менен төлөгөн соң, курулуш ордунан жылган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жыл башынан бери жалпысынан 420,1 миң чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1% көп.(ZKo)

XS
SM
MD
LG