Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Икбол: Стив Жобстон эмнем кем?


Икбол Исаков
Икбол Исаков

“Азыркы кыргызстандык” түрмөгүнүн кезектеги каарманы - белгилүү ойлоп табуучу Стив Жобс менен катарлаш болууга умтулган аравандык мекендешибиз Икбол Исаков.

Икбол азыр Оштогу облустар аралык балдар ооруканасын электрондоштуруу менен алектенип жатат. Буга чейин аравандыктарды маалымат менен камсыздап туруучу акысыз SMS борбор ачкан. Жакында Кыргызстандагы алгачкы он-лайн радиону иштете баштады. Мунун баарын айылда отуруп эле өз кызыгуусу менен ишке ашырууда.

35 жаштагы Икбол Исаковду бир жерден кармаш кыйын. Бир туруп Аравандан көрсөңүз, аз өтпөй эле Оштон табасыз. Идеясына шайкеш нерсе жөнүндө угуп калса, жолдун алыстыгына карабай Бишкекке жөнөп кетмей адаты да бар. Баш калаадагы мүмкүнчүлүктөрдү Ошто да ишке ашырганга аракет кылып жүргөн мекендешибизди достору тамашалап “электрон адам” деп атап алышкан. Чын эле, сүйлөшүп калсаңыз, дароо сөздү техникадан баштайт:

- Сайт ачам десеңиз же интернетке байланыштуу бизнес баштоону кааласаңыз, хостингдин баары Бишкекте. Ошон үчүн достор менен Ошко да бир хостинг ачууну пландап жатабыз. Бул үчүн “Кыргызтелеком” менен сүйлөшө баштадык. Эгер аны ишке ашырсак, интернет-бизнес өнүгөт. Оштуктар да башка шаардыктардай болуп, интернет-магазиндерден соода кыла баштайт. Интернет айдыңынын мүмкүнчүлүктөрү чоң шаарларда гана эмес, аймактарда, айыл-кыштактарда да бирдей болсо экен деген максат.

Каарманыбыз 2011-жылы Араван районундагы жашоочуларды маалыматтар менен ыкчам камсыздап туруу максатында SMS-Борбор деген кызмат ачып, жердештеринин телефон номурларын ага туташтыра баштаган. Муну ал эч кандай төлөмү жок эле, акысыз сунуштап келүүдө. Өзүнүн эсебинде азыр райондогу миң чамалуу тургун анын кызматына туташкан:

- Маалымат сайттар жарыялаган кабарлардын кызыктуу жана актуалдууларын дароо таратам. Бул үчүн Твиттерде SMS-борбор аккаунтун ачып, аймакта жашаган кишилердин номурларын улап койгом. Баса, окурмандардын көбөйүшүнө дагы бир фактор себеп болгон. Мен SMS-борбор аркылуу каерде жол кайгуул кызматкери турганын жазып турчумун. Элдин көбүндө машине бар эмеспи, ошондуктан баары менин кызматыма туташканга кызыкдар эле. Азыр кабарларды гана таратып тим болбой, коммерциялык эмес мүнөздө жарыяларды да жазып турам. Мисалы, сатып алуу, сатуу, жоголгон документтер жөнүндөгү билдирүүлөр.

Икбол Исаковдун тиричилиги кадимки эле айылдык кишилердикине окшош. Талаада эмгектенет, базарга чыгат. Бирок техникага байланыштуу идеяларды ишке ашырууну эч качан токтотпойт. Жакында ал Кыргызстандагы алгачкы он-лайн радиону ачып, иштете баштады. “Чайхана” деп аталган интернет-радио тууралуу каарманыбыздын өзүнөн угалы:

- Интернет аркылуу чыгып жаткан радиолор Кыргызстанда жок. Мен изилдеп көрдүм. Салттуу радиолорубуз бар эмеспи, FM толкунунда чыгып жүргөн. Ошолордун интернет-версиялары бар, бирок өзүнчө он-лайн болуп түзүлгөн радио жок экен. Үйүндө отуруп эле интернетте радио иштетип жаткандар тууралуу укпадым. Бишкекте ушул темада өткөн бир тренингге да катышкам. Ошондон кийин онлайн радио ачуу пикири туулду. Бир күнү досторубуз менен чайханада аш жеп отуруп, ушул маселени талкууладык. Изилдеп көрсөк, ага каражаттын да кереги жок экен. Ошентип, быйыл “Чайхана” деген радиобузду иштете баштадык. Орозо болгон учурда айрым себептер менен ал убактылуу чыкпай калды. Жакында кайра иштейт. Бул бир тажрыйба. Балким жакынкы жылдары он-лайн радионун доору башталар. Ошондо адис издеп калышса, Араванда балдар бар эле, деп бизге кайрылышат да...

Каарманыбыз Стамбулдагы Техникалык университетти аяктаган. Кыргыз, өзбек, орус, англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Чет элдик достору да бир топ. Электрондук кызматтарга байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууда да алардын тажрыйбаларын, сунуштарын колдонот. Баса, ал бир жыл мурун Фейсбуктагы баракчасына сүрөтүн коюп, “Келечектеги аравандык Стив Жобс” деп жазып койгон эле.

Икбол Исаков ушул сүрөттү "Фейсбукка" жарыялап, өзүн Стив Жобско теңеген.
Икбол Исаков ушул сүрөттү "Фейсбукка" жарыялап, өзүн Стив Жобско теңеген.

- Чынын айтсам, Стив Жобс менин кумирим эмес. Бирок ошол сүрөтүмдүн форматы Жобстун белгилүү бир сүрөтүнө аябай окшош тартылган. Ал кезде идеяларымды ишке ашыруу менен алпурушуп жүргөн кезим эле. Стив Жобс жетишкен ийгиликтерге биз да жетсек болот, ал да биздей эле адам деген максатта жазып койгом.

Стив Жобс
Стив Жобс

Икбол Исаков элге акысыз кызмат көрсөтүүчү социалдык долбоорлор менен гана алектенбей, мамлекеттик мекемелерди электрондоштурууга салым кошуп келатат. Бир жыл мурун Араван районундагы айыл өкмөттөрдүн сайтын ишке киргизген. Кийинчерээк Кара-Суу райондук администрациясынан сунуш түшүп, аймактагы айыл өкмөттөрдүн иш-тартибин электрондук системага бириктирген. Азыр болсо Оштогу облустар аралык балдар ооруканасын электрондоштуруу иши менен алектенүүдө. Бул үчүн АКШнын эл аралык уюмдарынан каржылык көмөк алыптыр:

- Ар бир дарыгерде, ар бир лаборантта жана каттоочу жайда компьютерлер болот да, алар системалык түрдө бири-бирине туташат. Муну менен биз оорулуулардын кезекке туруусун азайтабыз. Анткени, системага керектүү кагаздар, документтер камтылып, иштөө темпи жанданат. Бул ишти “Реверс групп” деген уюм менен бирге ишке ашырууга бел байлаганбыз.

Былтыр Икбол Араванда мини футбол боюнча чемпионат өткөрүү демилгесин көтөрүп, ар аптанын дем алыш күндөрү район борборундагы стадионго 500 чамалуу көрүүчү топтой баштады. Ошентип, аймактагы 16 команда чемпиондук үчүн күч сынаганга киришти.

Икбол Араванда уюштурган мини-футбол чемпионаты.
Икбол Араванда уюштурган мини-футбол чемпионаты.

- Жалпысынан 30 мелдеш өткөрүшүбүз керек эле. Бирок 18 жолу оюн уюштуруп, анан токтотуп койдум. Себеби, биздин жаштарда футбол ойноо этикасы өсө элек экен. Мушташа берип тажатышты. Бирок футболго кызыккандар аябай көп экенин байкадым. Ошондуктан, келерки жылы чемпионатты кайра жандантайын деп турам. Бирок бул ирет ар бир оюнчуну келишим менен чемпионатка кабыл алам. Анда “футболдун эрежесин сактайм, башкаларга күчүмдү көрсөтпөйм, маданияттуу болом” деген пункттар жазылат. Учурда жаштардын өздөрүнөн демилге көбөйө баштады, - дейт Исаков.

Каарманыбыздын өнөрү, идеялары тууралуу айта берсе сөз түгөнбөйт. Математиканы тереңирээк үйрөтүү жана Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоочу окутуу курсун да иштетип жүрөт. Быйыл жыл башында “Араван KG” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом ачып, жеңди түрүп дагы да жигердүү ишке бел байлап турган убагы. Келечекте эки кызын да мезгил менен тең кадам шилтөөгө тарбиялап жатканын белгилейт.

- Идеяларды ишке ашыруу үчүн бүт мүмкүнчүлүктөр бар. Интернет жетпеген айыл деле калбады окшойт. Аны социалдык тармактарга сүрөт жарыялап, бири-бирине лайк басууга, чатта болор-болбос нерселерди сүйлөшүп отурууга колдонбой, пайдалуу жагын алышыбыз керек. Интернеттен эле чет элдеги абройлуу окуу жайларга тапшырса болот. Баары өзүбүздүн колубузда. Жакшы окутпайт деп мектепке шылтоологон да туура эмес. Мен негизинен жаштар менен иштеп атпаймынбы, карап отурсам, жаңы муунда акчаны сүйүү аябай өсүптүр. Ооба, акча керек. Аны баарыбыз жакшы көрөбүз. Менин айтайын дегеним, оңой жол менен акчалуу болууга умтулгандар көп экен. Кээде идеяларды ишке ашыруу үчүн жаштарды тартсак, дароо айлык сурашат. Аларды да түшүнөм, акча зарыл, албетте. Бирок айлык алуу үчүн иштеш керек, идея кошуш керек. Беш-алты жыл аз акчага болсо да тер төгүп эмгектенсең, анан акча өзү сени издеп калат. Башкалардан сунуш түшөт, ошентип анан бай да болосуң...

XS
SM
MD
LG