Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Бүгүн АКШнын жаңы президенти ишине киришет


Трамп үй-бүлөсү менен.
Трамп үй-бүлөсү менен.

Бул үчүн Дональд Трамп 19-январда Вашингтонго келди. 20-январда жаңы президент Дональд Трамптын жана шайланган вице-президент Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өтөт. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышат. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон менен чогуу чакырылган.

Аземдин алдында Дональд Трамп Арлингтон көрүстөнүндөгү Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Вашингтондогу майрамдык концертке катышты. “Биз Американы бириктирип, аны кайрадан улуу мамлекет кылууну каалайбыз”,- деди Трамп концертте чыгып сүйлөп.

Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Дээрлик 28 миң полициячы жолдорго тосмолорду жана чектөөлөрдү коюп чыгышты. Борбордук аянтка кум жүктөлгөн унаалар апкелинди.

Ошондой эле АКШ борборунда, Нью-Йоркто жана башка шаарларда жаңы президентке каршы массалык митингдер өтөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG