Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

О.Молдалиев: А.Атамбаевдин премьер болушун каалабаган күчтөр бар


Профессор Орозбек Молдалиев
Профессор Орозбек Молдалиев

Парламенттеги түзүлүп аткан коалиция тууралуу саясий илимдердин кандидаты, профессор Орозбек Молдалиев айтып берди.

“Азаттык”: Парламентте “Республика”, “Ата Журт” жана Социал-демократтар бириккен коалиция түзүлүп келатканы белгилүү болууда. Коалиция түзүүдөгү биринчи аракет спикерди шайлоого келгенде үзгүлтүккө учурап калбадыбы. Азыр ушул идеологиялык жактан ар башка үч партиянын союзуна сизде ишенич барбы? Булар биригип, бир команда болуп иштеп кете алышабы?

Орозбек Молдалиев: Булар биригип, бир команда болуп иштеп кете алат деп ишеним менен айтыш кыйын. Себеби коалиция түзүү тапшырылган “Республика” партиясы жаңы эле пайда болгон партия. Саясий тажрыйбасы, көзгө көрүнгөн иши деле жок. Албетте ичинде татыктуу адамдар бар болгону менен алар көпчүлүктү түзбөйт.

Экинчиден, “Республика” партиясы өзүнүн пландаган көп маселелерин аткара албай калды. Төрт партиядан турган коалиция түзөбүз деп кийин айтып калды, мурда болсо такыр эле беш партияны бириктиребиз деген ойлору бар болчу булардын. Бул деле Конституцияга туура келбей турган максат болчу.

Эми төрт партиядан деле түзө албай калды. Үч партия болуп түзүлүп атат, бул эми сиз айткандай үчөө тең үч багыттагы партиялар. Албетте Социал-демократтар партиясы эски, тажрыйбасы бар партия. Азыркы жетишкен жаңы багыттагы иштердин эң негизги күчтөрүнүн бири ушул Социал-демократтар. Ушул партия парламенттик көпчүлүк болгон коалицияга кирип атканынан үмүттөнсөк болот. Ушулардын негизине таянып алып иш кылышса берки эки партияга жаман болбойт. Бирок “Ата Журт” менен “Республиканын” ичинде парламенттик иш баштала электе эле ар кандай процесстер болуп атат. Ошондуктан бул жагы да кооптондурат.

Үчүнчүдөн, Алмазбек Атамбаевдин премьер-министр болушун каалабаган тышкы күчтөр бар. Ушул маселе коалициянын сүйлөшүүлөрүндө чечилдиби, ага тышкы күчтөрдүн таасири азайтылдыбы деген маселе турат. Анткени коалицияга кирип аткан эки партиянын ичинде сырткы күчтөрдүн таасири чоң. Ошол маселе чечилче, А.Атамбаевдин премьерликке өтүп кетүү маселеси кайра козголбосо, анда бул коалиция толук иштеп кетүүсү мүмкүн.

Бул жерден айта кете турган нерсе, бул коалиция ар кандай багыттагы үч партиядан турганы менен, регионалдык балансты дагы эске алган коалиция болуп атат. Үчөө тең элдин кызыкчылыгын ойлогон партиялар. Тышкы күчтөрдүн таасиринде болгону менен анысы азыраак. Улуттун кызыкчылыгын ойлогондор буларда көбүрөөк. Ошол жагы үмүттөндүрөт. Ошондуктан иштеп кетет го деп туралык. Негизинен кооптоно турган жагдайлар да бар.

“Азаттык”: Коалиция түзүүдө, бир аз мурун айткандай биринчи аракетте спикерди шайлоого келгенде үзгүлтүккө учурап калбадыбы. Премьер-министрди шайлоого келгенде да ушул сыяктуу абал түзүлүп калышы мүмкүн деген нерсени айтып атасызбы?

О.Молдалиев: Ооба. Мен көбүнчө ошондон кооптонуп турам. Кандай болуп калар экен деп. Эми муну будамайлатып деле жасалышы мүмкүн. Премьердин шайлоосуна жеткирбей эле Келдибековду шайлоого келгенде бул иштеп кетиши мүмкүн. Бирок ушул жерден адегенде эч болбосо спикерди түзүп, парламентти толук легитимдештирип алсак жакшы болот эле...

“Азаттык”: Бирок мына кыш келип калды, өлкөдө чече турчу маселелер толтура. Этникалык, диний кырдаал татаал, экономикалык абал оор болуп турат. Ушундай оор кырдаалды эске алып, биригип кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөкпү деген ой болуп атат?

О.Молдалиев: Сиздин бул оюңуз туура. Элдин баары да ушуну айтып атат. Бирок маселе, тилекке каршы, биздин эл шайлап берген өкүлдөрүбүз ушундай чечкиндүүлүккө бара албай атышпайбы. “Башка нерселерди коё туралык, адегенде ушул маселелерди чечели” деп чечкиндүү кадамдарга бара албай эле бүжүрөп, анан эле баягы тышкы күчтөрдүн оозун карап же башка кызыкчылыктарга ооп кетип атышпайбы. Ачык айтканда сатылып кеткендер деле болуп атпайбы.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG