Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Каржы базарынын каймагын калпыгандар


Доллар жана сом, Бишкек
Доллар жана сом, Бишкек

Кыргызстандын ички каржылык валюта рыногундагы конъюктураны кимдер аныктайт? Улуттук валюта–сомдун наркынын өйдө-ылдый түшүүсүнөн кимдер пайда таап жатышат? Өлкөнүн каржы базарынын негизги оюнчулары кимдер жана чет элдик валютанын сыртка чыгып кетишин алдын алууга болобу?

Улуттук банк акча алмаштыруу жайларына "сомдун курсун ойноткон чайкоочулук жасайт" деп доомат коюп келет. Акча алмаштыруу жайларынын кожоюндары Улуттук банк, коммерциялык банктар менен келишип алып, интервенциялык операцияларды жең ичинен жүргүзүүдө деп айыпташууда.

Чуу жараткан чукул жагдай

Өткөн жылдын соңунда Кыргызстанда бир АКШ долларынын баасы акча алмаштыруу жайларында 79 сомго чейин чыкты. Ошол эле кезде улуттук банк Америка валютасынын наркын 75 сом 90 тыйын деп көргөздү.

Буга байланыштуу Улуттук банк шашылыш чараларды көрүп, долларга болгон талапты басуу үчүн 6-ноябрь жана 12-ноябрь күндөрү каржы базарына интервенция жасап, бир жумага жетпеген аралыкта 37 миллион доллар саткан. Валюта базарындагы мындай жагымсыз тенденция бийликтин айласын кетирип, Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын ашкере кызыл кулактыкка айыптаган. Ошол эле кезде Улуттук банк жасаган интервенциянын жалпы валюта базарына жана анын ичинде акча алмаштыруу жайларындагы жагдайга эмнеге анчейин таасир этпегени белгисиз бойдон калды. Бишкекте чет эл валютасын алып-сатуу менен алектенген жеке ишкер Амангелди Калыков жасалган интервенциянын көпчүлүгү жыйынтык бербей келгенин төмөндөгүчө баяндады:

Доллар баасы азыр 75 сомдун тегерегинде кармалып турат.
Доллар баасы азыр 75 сомдун тегерегинде кармалып турат.

- Бул жерде кенедей эле көлөмдө иш алып барган акча алмаштыруу жайлары тагдыр чече албайт да. Мында валютаны алып-сатуу менен алектенген бир топ ири каржы компаниялары бар. Биз сатып алалы деп барсак, коммерциялык банктар курсту жогору коюп коюшат же болбосо интервенция иретинде түшкөн валюта сатылып кеткен дешет. Биз ошентип алардан түз сатып ала албайбыз. Мында коммерциялык банктар ал жактан сатып алышып, анан кайра ири компанияларга сатышат. Улуттук банк сайтында жазган менен анын качан жана каякта доллар сатканын биз билбей эле калабыз. Чынында аны кимдер сатып алып, кайра кимдерге сатышары бизге бүдөмүк. Биз элден алып, элге сатабыз. Анан ошол кичине өлчөмдө иш алып барган акча алмаштыруучу жеке ишкерлерди чайкоочулук кылды деп айыпташканы туура эмес.

2015-жылдын этегинде каржы базарында түзүлгөн чукул жагдайды тез арада жөнгө салуу үчүн Улуттук банк өлкөнүн каржы рыногуна жалпысынан 77 миллион доллар сатып, натыйжада бир АКШ доллары 75-76 сомдун айланасына чейин түштү. Мына ошондой эки жылдан бери биринчи жолу ири өлчөмдө жасалган валюталык интервенциядан кийин өлкөнүн каржы рыногу бир аз турукташып, сомдун долларга карата курсу бир айдан ашуун убакыттан бери бир калыпта кармалып турат.

Валютанын агымы каякка кетүүдө?

Бирок бул үчүн ири чыгым жумшалып, Улуттук банк бир айдын ичинде бир нече жолу интервенция менен чыгууга туура келди. Ошол эле кезде баш калаадагы акча алмаштыруу жайларынын биринин менеджери Расул Таабалдиев өлкөдөн чыгып кетип жаткан валютанын агымы күчтүү экенин айтты:

Долларды кара май ташыган компаниялар сатып алышат. Ошентип доллардын ири агымы импорт үчүн Кытайга, Орусияга жана Казакстанга чыгып кетип, бирок кеткен өлчөмдө кайра кайтып келбей жатат.
Расул Таабалдиев

- Улуттук банк менен комбанктардын иш-аракети чайкоочулук деп каралбайт. Бирок терең изилдей келсең, моралдык жагы ошондой эле. Алардын кызыкчылыгын караган, бирок ачыкка чыкпаган ич ара эрежелери бар. Коммерциялык банктар негизинен валютаны импорт товарларды ташыган ири компанияларга чоң өлчөмдө сатышат. Алар долларды Казакстанга алып барып, теңге алып, аны кымбат сатып, ортодогу айырмачылыктан туйтунуп жатышат. Долларды кара май ташыган компаниялар сатып алышат. Ошентип доллардын ири агымы импорт үчүн Кытайга, Орусияга жана Казакстанга чыгып кетип, бирок кеткен өлчөмдө кайра кайтып келбей жатат. Минтип отурса, өлкөнүн ичиндеги валюталык ресурс азайып, кырдаал өзгөрсө долларга карата таңкыстык келип чыгышы мүмкүн.

Каржылык конъюктураны кимдер аныктайт?

Анткен менен Улуттук банк өлкөнүн ички каржылык валюта базарындагы эрежеге баш ийбей, сомдун наркын улам көтөрүп, чет элдик валютаны чайкап саткан негизги оюнчулар катары акча алмаштыруу жайларын атаган болчу. Акчанын туруксуздугунан улам, валюта базарындагы жагдайды өйдө-ылдый кылган конъюктуранын башында турат деген доомат менен Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын жабуу демилгесин дагы көтөрүп жиберген болчу.

Анткен менен, акча алмаштыруу жайлар бирлигинин төрагасы Бактыбек Чойбеков каржы базарындагы конъюктураны түзгөндөр башкалар экенине токтолду:

- Улуттук банк валюталык интервенцияны коммерциялык банктарга гана жасайт. Себеби, акча алмаштыруу жайлары валюта сатып алуу базарына киргенге акыбыз жок. Алардын өздөрүнүн атайын механизмдери бар. Анан валюта комбанктарга сатылгандан кийин алар кайсы компанияларга сатышканы тууралуу отчет беришет. Негизинен ири компаниялар түшкөн долларды сатып алышат. Бирок коммерциялык банктар акча алмаштыруу жайларына мына ошол интервенция иретинде түшкөн валютаны сатпай жатышат. Анткени алардын өздөрүнүн кардарлары бар. Бизге андай мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Эгерде бизге каржы базарына кирип, валюта сатып алууга уруксат беришкенде анда доллардын кескин өсүшүнө жол берген жагдайлар азыраак болмок.

Мындан эки жыл мурун башталган каржы капсалаңы негизинен эл аралык санкцияга тушуккан жана мунайдын баасынын кескин түшүүсүнөн жабыркаган өлкөлөргө мүнөздүү. Буга биринчи кезекте Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү болгон Орусия менен Казакстан кирет. Ошондуктан өзгөчө Орусия, Казакстан жана Азербайжан сыяктуу кара май экспортоого ыңгайлашкан өлкөлөрдүн улуттук валютасынын кунсузданышына алып келди.

Доллар кымбаттаган сайын элге керектүү товарлардын баасы да өсүүдө.
Доллар кымбаттаган сайын элге керектүү товарлардын баасы да өсүүдө.

Ал эми Беларус, Тажикстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн улуттук валютасы кыйыр түрдө тийген таасирден улам кунсузданып, күчүн жоготтууда. Өткөн 2015-жылдын башынан бери кыргыз сому 20 пайыздан ашуун кунсузданып, ошол эле кезде эл керектөөчү товарлардын баасы кескин жогорулады. Мындай жагдайда 2014-жылдын башынан бери Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун наркынын кескин төмөн түшүүсүн алдын алуу үчүн ички каржы базарына бир нече курдай валюталык интервенция жасады. Алтын-валюталык резервдин эсебинен эң ири акча чыгымдалган учур дагы мына ошол жылга туура келет. Талдоочулар Улуттук банк, комбанктар жана ири валюта керектөөчүлөр базарды аныктап, валюта баасын бычат деп кеп салышат. Адис-эксперт Кубан Чороев валюталык интервенциядан ири пайда көргөн оюнчулар тууралуу мына буларды билдирди:

- Интервенция жасалган коммерциялык банктар маалыматты биринчи алып, анан ошого жараша өздөрүнүн кардарларына карата каржы базарында конъюктура түзө алышат. Ошол сатылып алынган курс менен сата турган курстун ортосундагы айырмачылыктан жакшы пайда көрүп жатышат. Мисалы, бүгүн доллардын курсу 76 сом болсо, Улуттук банк ал банкка 75 сомдон саткан болушу мүмкүн. Биз аны билбейбиз. Анан Улуттук банк коммерциялык банктар менен келишип алып, алар болсо акча алмаштыруу жайлары менен тил табышып иш жасап, бир эле учурда олчойгон ири киреше таап жатышат да. Аны ким көзөмөлдөй алат? Эч ким. Анткени мына ошондой жагдайда интервенция жасоонун жол-жобосу бизде ачык-айкын болбой жатпайбы.

Карбозов: жашыра турган жагдай жок

Улуттук банк 2014-жылы 537 миллион АКШ долларын ички валюта базарына сатыкка чыгарып, анын ичинен 20 миллиондойун кайра сатып алган. Ошону менен ички базарга сатылган валютанын өлчөмү 516 миллион долларды түздү. Өткөн 2015-жылы улуттук банк бир нече курдай интервенция менен чыгып, каржы рыногун жөнгө салуу үчүн 330 миллион 760 миң доллар сарптады. Ошол эле кезде валюта рыногунан 35 миллион доллар акча кайра сатып алды. Жаңы жылдын биринчи айындагы валюта сатуу интервенциясы 77 миллион АКШ долларына жетти. Мына ошентип улуттук банк эки жылдан бери алтын-валюталык резервдин эсебинен 900 миллиондон ашуун АКШ долларын сатыкка чыгарды. Улуттук банктын өкүлү Бакыт Карбозов валюталык интервенция жүргүзүүдө жашырып жаба турган жагдай жок экенине мындайча токтолду:

- Бул эми жөн эле айтылган сөз го. Андай көз боёмочулук болушу мүмкүн эмес. Анткени бизде автоматташтырылган система аркылуу валюталык интервенция операциялары жүргүзүлөт. Бүт бардык коммерциялык банктар мына ошол системага туташкан. Бардыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Ал жерде ички каржылык операциялар дагы жүргүзүлөт. Ал жерде кандайдыр бир жашыруун иштер же көмүскө коррупциялык схемалар болушу деги эле мүмкүн эмес. Анда электрондук соода тутуму турат.

Бирок ошол эле кезде эксперттер белгилегендей, Улуттук банк сатыкка чыгарган валютаны кайсы коммерциялык банктар, качан жана кандай курс менен сатып алганы тууралуу маалыматтар буга чейин коомчулукка отчет иретинде ачык жарыяланган эмес. Кубан Чороевдин 2015-жылдын июнь айында Улуттук банкка жолдогон мына ошол жогорудагы жагдайга байланыштуу суроосу жоопсуз калган. Улуттук банк ички каржы валюта рыногуна сатылган акчанын кимдерге, кандай өлчөмдө жана кайсы курс менен сатылганы тууралуу толук маалыматты “банк сыры” тууралуу мыйзамга ылайык ачыкка чыгара албай турганын билдирген. Бирок адистердин айтымында, маалыматты жашырууну ичине камтыган ал мыйзам талабы банк кардарларынын кызыкчылыгын коргоого гана багытталган.

XS
SM
MD
LG