Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Көчмөн музыкасыз жашай албаган Майкл


Бишкекте Монгол улуттук музыка жана Хооми көмөкөй үн менен ырдоонун чеберлери, британ музыканттары жана Кыргызстандагы "Устат-шакирт" ансамблинин өнөрпоздору биргелешип чоң программадагы концерт тартуулашты.

Монголдордун көмөкөй менен ырын созгон ырчы британ музыканты Майкл Ормистон (Michael Ormiston) музыкалык атайын билим албаптыр. Тек гана өз алдынча ар түрдүү музыкалык аспаптарды ийнине жеткире үйрөнгөн экен.

Ал бир жолу Лондондогу бир концертте монголдордун көмөкөй менен ырдаганын көрүп калып, абдан кызыгып калат. Ошондон кийин Монголияга сапар тартып, бир ырчы чабандын жанында жүрүп, андан ырдоонун ыкмаларын, Моринхуур деген кыл кыягын үйрөнүптүр.

- Мен Монголияга турист болуп барып, чабандан ырдаганды үйрөнүп алдым. Андан Хооми көмөкөй үн менен ырдоонун ыкмаларын өздөштүрдүм. Көчмөн элдин музыкасы менин жүрөгүмө абдан жакын. Анткени көчмөндөр байыртадан жаратылыш жана анын ыргактары менен куюлушуп, көмөкөй аркылуу чыгарган добушу аркылуу бир гармонияга жуурулушуп кеткендей таасир калтырат.

Майкл Ормистондун айтымында, ал өнөктөшү Кандида Валентино (Candida Valentino) менен бирге Кыргызстандагы салттуу музыканын өнөрпоздору менен жаңы музыкалык чыгармаларды иштеп чыгууну чечишет. Бул үчүн көчмөн элдин музыка фестивалын жана “Түбөлүктүүлүк кайрыгы” деген аталыштагы этникалык концерт өткөрүү максатында атайын долбоор менен Британиянын консулдугуна кайрылышып, ал жерден атайын грант утуп алышыптыр.

Мына ошол иш-чаранын алкагында Майкл Ормистон менен Кандида Валентино “Устат-шакирттин" өнөрпоздору, комузчу, чоорчу Жусуп Айсаев, комузчу, сыбызгычы Нурбек Серкебаев, кыл кыякчы Залина Касымова менен биргеликте Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда, Ысык-Көлдүн Тосорунда, Кочкордо, Ош шаарында Бишкектеги Улуттук кыргыз драма театрында салттуу музыкадан турган кызыктуу программадагы концерт тартуулашты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00
Түз линк

Өзгөчө Майклдын монгол ыры менен кыргыздын “Айыл кечи” деген ырын Нурбек Серкебаев менен аткарганы абдан уккулуктуу да, кызыктуу да болду.

"Майкл Ормистондун көчмөн элдин музыкасына, анын ичинде кыргыздын салттуу музыкасына кызыкканы таң калтырды" дейт Нурбек Серкебаев.

- Кыргыздын кыл кыягын да үйрөнөбүз дешип, сатып алды. Дүйнөдөгү көчмөндөрдөн ушул кыргыздарды тандап алып, көчмөндөрдүн байыркысы кыргыздар экен деп, кыргыздын улуттук аспаптарын бириктирип, алтай, хакас, монголдордун да унутулуп бараткан аспаптарын кошуп, ар түрдүү күүлөрдү жаңы ыргакта, заманбап иштеп чыкканы мени абдан ыраазы кылды. Мен да билген музыкалык аспаптарымды ойноп берип, бир ансамблде кызыктуу прораммаларды жасадык. Албетте Майкл менен алмашкан тажрыйбабыз абдан майнаптуу болду.

Кыл кыякчы Залина Касымова да британ музыканттары Майкл Ормистон, Кандида Валентино менен бир айга чукул бирге жүрүп, алардан көп нерсени үйрөнүп, тажрыйба алмашканын билдирди.

- Майкл монголдордун Моринхуурун черткенде кызыктай ыкмаларды көрдүм. Мен ошол ыргактарды, ыкмаларды өздөштүрдүм. Анан көчмөндөрдүн музыкалык аспаптары менен монгол, кыргыз, алтайлардын музыкасын аралаштырып импровизация менен аткарганда укмуштуудай авазда оболоп чыгат экен. Биз бул жакта кыргыздардын эле салттуу музыкасы менен алектенип жүрсөк, эми башка элдердин да музыкаларынан кабардар болдук.

Англияга баргандан кийин кыргыздын кыл кыягын үйрөнөм деген Майкл Ормистон кыргыздын музыканттары да Лондонго барып өнөрлөрүн көрсөтүүчү күн анчалык алыс эмес экенин айтты.

XS
SM
MD
LG