Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Улан-Баторго бараткан жолдогу чаң, жол боюндагы жалпак үйлөр, жыгач кашаалар менен тосулган жалпак боз үйлөр анчалык деле көңүлдү жубатпайт.

Монголия бир караганга бири-бирине коёндой окшош постсоветтик өлкөлөрдүн бириндей эле көрүнөт. Шаарга киргенде совет мезгилинен калган беш кабат турак үйлөрдү, “мороженное”, “киоск” сыяктуу орус тилиндеги жазуулары бар эски күркөлөрдү, борбордук аянттагы коммунисттик жол башчы Владимир Ильич Лениндин, монгол коммунисти Юмжагийн Цеденбалдын эстеликтерин көргөндө совет заманы эске түшөт. Сапарлаштардан Улан-Баторду Балыкчыга да, Алматыга да түспөлдөштүргөндөр болду. Жол эрежеси менен кымындай иши жок, көчөдө жөөлөшкөн кымбат автоунааларды көргөндө кадимки Бишкекте жүргөндөй сезесиз. Бирок бул алгачкы гана таасирлер.

Цивилизацияны беттеген 16-республика

Калкы көчмөн турмушка ыктап, совет доорунда “он алтынчы республика” атыккан Монголияда бүгүн чоң курулуштардын арааны жүрүп жаткан кез. Үч миллионго жакын калкынын жарымынан көбү Улан-Батордо отурукташкан. Анда алдыңкы архитектуралык элементтерге ширелген заманбап бийик имараттар салынып, шаардын чеке белине бараандуу жаңы кичи райондор түшүп, мал киндиктүү өлкөнүн алыскы-жакынкы аймактарын туташтыруучу даңгыр жолдор курулууда.
Улан-Батордун чок ортосундагы 25 кабаттуу, атына заты төп “Көгүлтүр асман мунарасы” (Blue Sky Tower), шаардын четиндеги Чынгызхандын байыркы Каракорум ордосун эске салган “Монголия” отели сыяктуу асман мелжиген имараттар цивилизацияга зуулдап кирип бараткан жаңы Монголиядан кабар берет.








Кыргызстан Монголия кызматташтыгы: кечээ, бүгүн

Азыркы Кыргызстан-Монголия кызматташтыгын совет доорундагы жагдайга салыштырып болбойт. Маселен, 1970-80-жылдары Фрунзе шаарындагы №17 кесиптик-техникалык окуу жайы монгол кыздарын тикмечиликке ырааттуу даярдап турчу. Монголиянын алгачкы космонавты Жугдэрдэмидийн Гуррагчаа авиациялык окуу жайда окугандыгы айтылып жүрөт. Кезинде тоолуу Нарын облусу менен экзотикалуу Гоби аймагы достук карым-катышта болгон. Бүгүн кыргыз-монгол достугу коомунун алкагында илим, маданият жаатындагы кызматташтык тууралуу бирин-экин мисалдарды саноо менен гана чектелүүгө туура келет.



Расмий тараптар жолугушууларда экономика, тоо-кен, жеңил өнөр жай тармагында кызматташтыкты күчөтөөрү тууралуу билдирип, бирок экономикалык өңүттө конкреттүү долбоорлор ишке аша элек. Эки мамлекеттин бийик деңгээлдеги акыркы Бишкек жолугушуусунда Кыргызстан Монголиядан тыбыт берүүчү эчки жана меринос тукумундагы кой сатып алып, Баткен облусунун аймагында өстүрүү ниетин билдирген. Бул демилге экономикалык пайда алып келеби-жокпу али белгисиз.

Монголия өзү жогорку сапаттуу кашемир өндүрүшү боюнча дүйнөлүк таанымга эчак эле ээ болуп, Кытайдан кийинки орунга чыгыптыр. Ага жараша накта эчки тыбыттан же төөнүн жүнүнөн жасалган саркеч кийимдер Улан-Батордун өзүндө деле 150-180 доллардан арзан сатылбасын дүкөндөрдү кыдырып жүрүп билдик.


Ошентсе да кыргызстандык расмийлер “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясы ачып жаткан жаңы аба каттамы экономикалык карым-катышты жандантууга дагы бир өбөлгө түздү деп ишендиришүүдө. Мындай оюн “Азаттыктын” кабарчысына Стамбул-Бишкек-Улан-Батор аба каттамынын тушоо кесүү сапарынын учурунда Транспорт жана байланыш министринин орун басары Шералы Итибаев Кыргызстандын жер-жемиштерине байлады.

​Чынында эле Монголиядан шагы ийилген алма-өрүктү, жер жайнаган жемишти көрө албайсыз. Бул элдин негизги байлыгы - төрт түлүк мал жана тоо кендери, негизги азыгы – эт. Ошондуктан монголдор дээрлик тыштан ташылып келинген жер-жемиштерди Кыргызстандагы ак төөнүн карды жарылган бышыкчылык маалдагы баадан кеминде он эсе кымбат баада сатып жешет.

Монгол айдыңы, жылкысы жана моринхур

Ырааттуу жана ыкчам өнүгүп жаткан бул өлкөгө ишкердик менен шугулдануу үчүн эле эмес, Чынгыз хандын мекенин көрүү үчүн агылган туристтер да оңой эмес экен. Албетте эки күндүк сапарда Гоби өрөөнүнүн табышмактуу тарыхына сүңгүп кирүү, дүйнөнүн булуң-бурчундагы балык уулоочулардын ышкысын жандырган Хурхын-Гол көлүн же байыркы көчмөн кыргыздарга таандык деп жоромолдонгон Кыргыз руху көлүн көрүүгө убакыт жеткен жок, бирок Чынгыз хандын кичи мекени Каракорумду (Хархорум) көрүү шыбагасы тийди.


Монголиянын жайытынан чөлү, тоолорунан адыры көп талааларын жара бөлгөн төрт жүз чакырымдай аралыктагы Улан-Батор - Каракорум жолунун көбүнө асфальт төшөлүптүр. Каракорум багытын көздөп зуулдаган күлүк автоунаанын терезесинен өйүз-бүйүздүү монгол айдыңына көзүбүз кадалып жүрүп отурду. Жол талашкан кыйма-чийме унааны көрбөйсүз . Бирин-серин жүк ташыган же жеңил автоунаа, ат араба жолугат. Кыйыры ак булуттуу көк асманга жутулуп турган боз жашыл чексиз аймакты сыдырып бараткан көз топ-топ болуп тигилген боз үйлөрдү (кээде сокмо тамдар), аларды байырлаган күлүк автоунааларды, байланган желе-желе жылкыларды көрөт. Талаа-түздө төрт түлүк мал: төөсүнөн баштап баалуу кашемир тыбыттуу эчкисине чейин сан жеткистей жайылат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, монгол малы кыргыздыкынан кеминде алты-жети эсеге көптүк кылат.

Кыргыздыкынан кыйла кичине көрүнгөн монгол жылкыларынын таржымалын айдоочу Сева адам баласын сыпаттап жаткандай жан-алы калбай, англис тилинде жарпы жазыла айтып келатты. “Монгол жылкысы кичине болгону менен, укмуштуудай күлүк. Мен алты жашымда ат үстүндө ойночумун. Ар бир монгол баласы ат үстүндө чоңоёт” дейт ал. Машинесинин үкөгүн аңтарып атып, көп дисктердин арасынан улуттук моринхур аспабынын коштоосунда монгол жылкысын даңазалаган ырды таап чыкты. Ыр жаңыра баштаганда өзү дагы жаңы угуп аткансып, “Сонун! Сонун!” деп эргиди.



Моринхурдун тулкусу төрт бурчтуу жыгач, учу кошкуруп турган аттын башынын булгаары менен капталган сөлөкөтүн берип, боюна жылкынын кылынан кош кыл керилген. Бул аспаптан чыккан үндү жергиликтүүлөр аттын кошкуругуна да, чөлдөгү улуган шамалга да окшоштурушат. Уламыштарда аспап каардуу хандын колунан өлгөн жылкынын сөөгүнөн, терисинен жана кылынан жасалганы айтылат. Аны жаса деп жылкынын арбагы Сухэ аттуу жаш баладан суранган экен. Ошондуктан бул аспап монголдордо жылкыдан кем эмес кастарланат. Анын дубалдын бою менен тең эстелигин Бишкекке кайтып келатканда Улан-Батор аба майданындагы жүргүнчүлөр эс алуучу залдан көрдүк.

Чынгызхандын ак булуту

Ошентип сапар уланып, жолдо катар көк түстөгү жибек чүпүрөктөргө чулганган аса таяктарды жолуктуруп жүрүп отурдук. Буддага сыйынган монголдун бул белгилерин теңирчиликке өзүн жакын сезген кыргыздын мазарына окшоштурдук.


Бул өлкөдө аба ырайы тез-тез өзгөрүп турат экен. Жол бою дыбыраган жаан Каракорум аймагына келгенде басылып, чаңкыйган көк асманды аппак булут айланып, “Чынгыз хандын айтылуу ак булутун” эске салып турду. “Каракорум аймагы” деген жазуусу бар белгиден өткөндөн кийин биз Эдэнзуу (асыл олуя) монастырына келдик. Бул аягы жоктой көз карыткан талаа-түздөрдү басып өткөндөн кийин көргөн киши-каралуу алгачкы жер болду.

Чынгызхан 1200-жылдары аймакка курал жасоочу жана алыскы жортуулдарга кеткенде үй-бүлөсүн калтырып туруучу коопсуз жай болсун деп, Хархорум шаарын курдурган. Империянын бул ордосу ар кандай жортуулдарда талкаланып, андан таш баканын таштан жасалган эки чоң айкели гана калыптыр.

Уламыштарда Будда адамдарды алааматтардан сактоо үчүн дүйнөгө таш бака кейпин кийип келгендиги айтылат. Ал эми тарыхый булактарга караганда Каракорум шаарынын эки жак чегине таш баканын таш эстеликтерин Чынгызхандын урматына дин кызматкерлери тургузушкан экен. Кийинчерээк таштан жасалган мындай таш бака эстеликтерине көчмөндөр падышалыгынын Хөшөө Сайдан музейинен да кабылдык.
Ошентип орто кылымдан кийин дал ошол таштан жасалган таш бакалардын биринин жанына будда дининин ашынган тарапкери Абатай хан Эдензуу монастырын салдырып, курулушка Каракорум шаарынын калдыктарын пайдаланган.



Эдензуу бүгүн өлкөдөгү жүздөгөн будда монастырларынын эң байыркысы катары кастарланып, азыркы заманга чейин сакталып калгандыгы менен да даңазалуу.
Андагы храмдардын дубалдары таштан, граниттен салынган. Алардын тибет, монгол, кытай үлгүлөрүн элестеткен канаттуу, кооз чатырларынын жашыл боёктору бир аз тоссо да сакталып калган. Храмдар кулач жеткис төрт бурчтуу таш сокулар менен туташтыра курчалып, ар биринин чокусуна будданын эн белгиси кондурулган. Төрт бурчтук бул сокулардын саны 108 даана экендиги, кезинде бул дубалдын ичинде жүз чамалуу храм болгону тарыхта айтылат, бирок биз болгону он чакты байыркы турак жайды көрө алдык.

Монастырда Ихэ-Дзу будданын статуясы негизги мурас катары саналат. Калгандары Маньчжурия урушунда, диний калдыктарга каршы күрөш доорунда бузулган экен. Бүгүн бул монастырдын бир храмында гана сыйынууга уруксат берилип, негизги бөлүгү тарыхый эстелик катары мамлекеттик коргоого алынып, улуттук музейдин карамагына берилиптир.



Монастырдын сыртына чыксаңыз жолдун аркы-берки өйүзүндө түрдүү сувенирлерди, суусундуктарды отуруп, басып саткан, туристтерге тамак-аш жасап берип, автоунааларын кызматка сунуштап оокат кылган монголдор кадимки эле кыргыз турмушту эске салат.

Улуу жибек жолу: окшоштуктар

Каракорумга жамаатташ Архангай аймагында Хөшөө Цайдам музейи бар. Анда улуу жибек жолунунун удулундагы бир топ аймактарга бийлик жүргүзгөн түрктөрдүн аскерий кол башчысы Култегин менен анын бир тууганы Билге хан дооруна таандык буюмдар сакталып турат. Чакан музейден 2000-жылдардан кийин түрк, орус жана монгол археологдору биргелешип тапкан алтын таажыны, күмүш эликти, асыл таш мончокторду, идиш-аякты, көчмөн элдин турмушунан кабар берген түрдүү зер буюмдарды көрдүк. Алардын алдындагы “буга” , “алтан”, “аяг” сыяктуу жазуулардын мааниси кыргыздыкына окшошуп, тарыхый байланыштан кабар берип турду. Жакында монгол окумуштуулары мааниси окшош 4 миңден ашык сөздү таап, китеп кылып чыгарышкан экен. Ал сөздөрдүн арасына дал ушул Архангай аймагындагы түрк хандыгына таандык буюмдардын аттары да киргизилген. Сөздүккө таянган адистердин айтымдарында бул эки элдин мал чарбачылыкка байланышкан сөздөрүндө окшоштук көп.

Эки ыңкылапты башынан кечирген Кыргызстандагы ыкчам жашоо агымына салыштырмалуу Монголиянын турмушу жай, эли токтоо көрүнөт. Монголияда жергиликтүүлөрдөн эң жакын таанышыбыз, сапарлашыбыз Сева бизге жаңы монголдун образын жаратып бергендей болду. Эки күндүк сапарда анын эне тилин, жолду, жылкыны сүйөрүн, кимдир бирөөнөн көз каранды болгусу келбестигин, Чынгызхандын тукуму болуп калганына сыймыктанарын билдик. Кызмат көрсөтүүчү компаниянын атынан биз менен чогуу жүргөн бул кымбат автоунаа – Севанын менчиги экен. 25 жаштагы жапалдаш бойлуу, чымыр денелүү бул жигит Лондондо билим алган, бирок мамлекеттик кызматтарда иштегиси келбейт, анткени ал жакта айлык төрт жүз долларга жетпейт. Анын айтымында, эң эле көп айлыкты кен тармактарында, чет элдик компанияларда иштегендер табат экен. “Миң доллардан кем ишке бара албайм, үй-бүлөмдү, эки баламды багышым керек да” деди. Сыягы бул темир күлүгү менен өзү деле жакшы акча табат окшойт. Каракорумдан кайткан жолдо кээде үргүлөп кетип атты. Үч күндөн бери уктабай иштеп жүрөм деп күнөөкөрдөй күлмүңдөдү.

Монголияда эне тилинен башка тилде, айрыкча орус тилинде сүйлөшкөндөр жергиликтүүлөр арасында көп жолукпайт. Көчөлөрдө көрнөк-жарнактар кириллица тамгалары менен монгол тилинде же англис тилинде жазылат экен. Биздин сапарлашыбыз Сева азыр орус тилинде сүйлөгөндөр азайганын, мектептерде да бул тилди окутуу азайганын айтты. “Атам деле орусчаны унутуп баратам деп калат” деди. Севанын атасы совет кезинде Москвада окуптур. Жетимиш жылдай СССР менен коюн-колтук жашаган бул өлкөдө бүгүн орус тили жаштыгы совет дооруна туш келген улуу муундар менен бирге эскирип бараткандай...


  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG