Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба, коопсуздук, соода-экономикалык жактан тыгыз кызматташмай болушту.

Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж башында турган делегация 3-апрелде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Элбэгдорж мырзанын сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгына туш келүүдө. Буга чейин Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр Кыргызстанга расмий сапар менен 2007-жылы келген болчу.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 20 жыл аралыгында экономикалык кызматташуу солгун жүргөнүн, эми мурдагы сүйлөшүүлөр жанданарын белгиледи.

- Биринчи кадам катары аба каттам ачсак, акырындап “Манас” аэропортунун да маселеси чечилет. Экинчиден, Монголия менен тарыхыбыз, тамырыбыз бир. Ошону да изилдөө боюнча чогуу комиссия түзөлү деп жатабыз. Кээ бир экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Мисалы, Монголияда кашемир деген кымбат материал бар. Ал эми Баткендин жери, тоолору эчки багууга ыңгайлуу. Тоо-кен иштери буларда абдан көп. Негизгиси Монголия 22 жылдан бери парламенттик жол менен бара жатат, эч кандай балээге дуушар болгон жок. Тескерисинче, өткөн жылы ички дүң продукциясынын өсүшү 17,5% түздү. Бул Кытайдыкынан 2 эсе, Кыргызстандыкынан 3 эсе көп. Ошондуктан бири-бирибизден үйрөнө турган көп нерсе бар.

Атамбаевдин айтымында, ырааттуу кызматташуу үчүн Бишкек - Стамбул - Улан-Батор аба каттамын ачуу сүйлөшүлдү. Алгачкы айлары Бишкек - Стамбул - Улан-Батор аба каттамы боюнча учактар аптасына бир жолу учуп турат.

Адистер Монголиядан парламенттик башкаруу, мал чарбачылык жана кен байлыктарды иштетүү багытында үлгү алса болорун, кен байлыктар жагынын эки өлкөнүн окшоштугун белгилешет. Кыргызстанда кен байлыктарды иштетүү багытында түрдүү талаштар орун алып келет.

Бул боюнча ири державалар Кытай менен Орусияга чектеш турган Монголия президенти Цахиагийн Элбэгдорж өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

- Кен байлыктар жаатында чоң державалар менен сүйлөшүүдө бир сыр бар. Ал парламенттик башкаруу системасы. Президенттер менен жолукканда дайыма “мен бул маселени жалгыз чечпейм. Биздин эл, биздин парламент чечет. Силердин сунушуңар абдан жакшы. Бирок келгиле муну талкуулайлы” деп жооп берем. Биз мындай иштерде улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга койобуз. Бизде бул багытта абдан либералдуу саясат болгон. Биз бир жылдан бери кен байлыктарды иштетүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп жатабыз. Бизде көп жаңылыштыктар болгон, бирок көп нерсеге жетиштик. Ушул багытта тажрыйба алмашууга даярбыз. Бул жылдары биз көп нерсени үйрөндүк.

Үлгү болчу өлкө

Серепчилердин белгилешинче, акыркы 20 жылда Монголия демократияны ийгиликтүү куруп жаткандыгы менен дүйнөнү таң калтырууда. Бул аралыкта мамлекет башчылыкка беш, парламентке да беш жолу шайлоо өткөн.

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев монголдордон эл аралык байланыш, башка элдер менен мамиле түзүүнү үйрөнүү керектигин белгиледи.

- Монголдор үчүн бир жактан Орусия, экинчи жактан Кытай коркунуч болсо да эч кимисине багынбастан мамиле таап, баарына тең мамиле жасап жатат. Болгону буларды патриархалдык салттар артка тартат, индивидуализм күчтүү эмес. Монголдор бизге караганда эркинирээк жана улуттук сезим күчтүүрөөк. Ар бир монгол эч качан башка тилде сүйлөбөйт, сөзсүз монголчо сүйлөйт. Биз өзүбүздү өзүбүз мактай бергенибиз менен эл аралык аренадан караганда улуттук сезим жок. Ошондой эле эл бийлиги күчтүрөөк, ошону үйрөнсөк болот.

Ал эми академик Жамин Акималиев Монголия менен мал чарбасы жагынан кызматташууну жандантуу сунуштарын колдойт. Ошондой эле жайыттарды иштетүү багытында мурдагы сүйлөшүүлөрдү жандантуу зарыл деп эсептейт.

- Монголияда мен эки жыл мурда болгом. Ал жакта эчкинин тыбытынан, койдун, төөнүн жүнүнөн мыкты кийимдерди чыгарып, аны сыртка сатып жатканын көрүп абдан кубангам. Бул жагынан алганда монголдордун тажрыйбасы абдан керек. Анткени биздеги өндүрүп жаткан ак койдун жүнү талаада калып жатпайбы. Ал эми кара койдуку эч нерсеге жарабайт. Эчкини Кыргызстанда көбөйтүү боюнча да сүйлөшсө болот. Андан сырткары жайыттарды кандайча пайдалануу керек, малды кантип которуп багыш керек, жайыттарды кандайча жакшыртуу зарыл, сугарса болобу, жокпу деген маселеде аларда да, бизде да илимий иштер бар. Ушул багытта да тажрыйба алмашса болот. Бир жылы Монголиядан адамдар Нарынга чейин барып, жайыттарды көрүп кетишкен.

Монголия президентинин сапары 6-апрелге чейин уланат. Бул күндөр аралыгында Цахиагийн Элбэгдорж башында турган делегация Жогорку Кеңештин депуттары, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат. Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте дарс окуйт. Андан соң Ысык-Көлгө да барышат.

Кыргызстан-Монголия товар алмашуусу өткөн жылы 2 млн. долларга жакындаган. Бул 2010-жылга салыштырмалуу 20% аз дегендик.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG