Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

"Ата-Бейиттеги" Айтматов комплекси


"Ата-Бейиттеги" Айтматов комплекси
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

Чыңгыз Айтматовдун “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги күмбөзү курулуп бүттү.

Аны жазуучунун улуу баласы Аскар Айтматов салдырды, курулуштун акырында президент Атамбаев жана демөөрчүлөр салым кошту. Аскар Айтматов атасынын күмбөзү үчүн башкалардан алынган каражаттарды кайтарып берүүгө ниеттенип жатат.

Күмбөздүн курулушу жазуучунун 85 жылдыгы алдында создукпай бүтүп калганына үй-бүлөсү кубанууда. Ротонданын ичинде “Жамила” китеби ортосунан ачылып турат.

Жезден коюлган китеп менен баральефти скульптор Сааданбек Ажиев жасады:

- Мен өмүрүмдө ушул кишинин жаткан жайына эстелик жасап, анын курулушуна катышам деп ойлогон эмесмин. Бул үчүн мен абдан сыймыктанам. Портретин мен жабыштырып, баральефти жасадым. Аны жасап жатканда башкача бир сезим болду. Өтө берилип иштедик.

Күмбөздүн пайдубал жактары кызыл гранит, калганы ак мармардан тургузулду. Айтматов жаткан көрүстөндүн үстүндөгү түндүк да мармардан жасалды. Архитекторлор көп сүрөттөрүн изилдеп чыгып, Айтматов жалаң ак кагаздардын арасында отурганын байкашкан. Андыктан ак түс колдонулду.

Архитектор Улан Бейшенбаев да “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин авторлорунун бири:

- Айтматовдун мемориалдык комплекси “Ата-Бейитти” толуктап турган элемент болушу керек. Ошол эле учурда өзүнүн да бир өзгөчөлүгү болушу шарт.

Аскар Айтматов мемориалдык күмбөздү башынан Таж-Махалга окшоштургусу келген. Мунун баарына болжол менен 15 жарым миллион сом жумшалды. Бул тууралуу курулуш ишин бүтүрүп жаткан “Бедиз-Арт” жоопкерчилиги чектелген коомдун директору Зоя Никитенко билдирди:

- Анын 50 пайызын Аскар Чыңгызович төлөгөн. Азыр бизге жардам көрсөтүшүп, 2 жарым миллион сом берип жатышат. Анын 1 миллионун президент Алмазбек Атамбаев жеке эсебинен, дагы бир миллион сомду демөөрчүлөр которду. Калган жарым миллионду ала элекпиз.

Чыңгыз Айтматовдун улуу баласы Аскар Айтматов “Азаттыкка” кошумча берилген каражаттарды кайра кайтарып берүү ниети бар экенин билдирди:

- Ооба, ал акчаларды насыя сыяктуу алып, кийин кайтарып берүүнү пландап жатабыз. Анткени мен бул туурасында такыр билген эмесмин. Менден жардам керекпи деп эч ким сураган жок. Андыктан жакында кайтарып беребиз.

Мемориалдык күмбөздү башынан бери Айтматовдун уулу өзү гана куруп жатканы айтылган. Аскар Айтматов атасынын күмбөзүн үй-бүлө, туугандар бирге бүтүрүп жатканын кошумчалады. Анын ачылышы 14-ноябрга пландалууда. Бул күнү Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган эл аралык форум башталат.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 80 жашында дүйнө салган. Анын сөөгү “Ата-Бейитке” - атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

XS
SM
MD
LG