Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Элчилик имаратын ижарага берген адам кармалды


Москвадагы кыргыз элчилиги
Москвадагы кыргыз элчилиги

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратын бирөө сырттан ижарага берип жиберген.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратын белгисиз бирөө сырттан ижарага берип жибергени тууралуу кабар коомчулукту нес кылды. Элчиликке тиешеси бар экенин айткан кыргызстандык жаран орусиялык фирма менен келишим түзүп, макулдашылган сумманын 4 миллион рублин алдын ала алган.

Орусиялык фирманын ээси документтерин көтөрүп элчиликке барган. Ал элчиликтин конок үйүнүн "алдым" деп эсептеген бөлүгүн ремонт кылуу үчүн бошотуп берүүсүн талап кылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

- “Биздин колубузда келишим бар, элчиликтин конок үйүн бошотуп бергиле” деген талап менен келиптир. Элчилик имаратты ижарага берген эмес жана бергенге болбойт. Ошондуктан бул биз үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Документтерин караганда дароо шекшидик. Ал жерде элчиликтин мөөрүн окшоштуруп жасашыптыр, бирок элчиликтики эмес болчу. Элчинин колу да жасалма экен.

Шылуундук кылган жаран кеңсе үчүн ижарага имарат издеп жаткан фирманын жарыясы менен интернеттен таанышкан. Ушундан кийин элчиликтин имаратын сүрөткө тартып барып көрсөткөн. Ал жада калса “Иварес” деген жоопкерчилиги чектелген уюмдун атынан аракет кылган.

Жасалма келишиминде уюмдун атын, Бишкекте катталган деп дарегин, тиешелүү бардык укуктук негиздемелерди көргөзүп, өзүн Майрамбек Жумабековдун ишеним каты аркылуу Эсенгелдимурат уулу Ибрагим деп тааныштырган.

Элчиликтен имаратты ижарага берүү тууралуу эч ким менен келишим түзүлбөгөнүн айтышканда, алданган фирма өкүлү Ананов деген жаран жасалма келишимге кол койгон адамга телефон чалат. Ал проблемалар чыгып калганын айтып, 2-3 ай качып жүрүп аягында такыр жок болуп кеткен. Ананов августта полицияга арыз менен кайрылган.

Тартип коргоо органдары тарабынан кылмышка шектүү адам кармалганы тууралуу Айымкан Кулукеева билдирди.

- Биз Кыргызстандын тиешелүү органдарына кайрылдык. Алданган ишкер өзү да тартип коргоо органдарына кайрылыптыр. Азыр кылмышка шектүү адам кармалды. Москвада убактылуу кармоо жайында камалып турат.

Майрамбек Жумабековдун ишеним катын пайдаланган Эсенгелдимурат уулу Ибрагимди издей келгенде, орус телеканалдары анын 60 жашка таяп калган жаран экенин, буга чейин бир да кылмышка аралашпаганын айтып жатканын элчиликтен кошумчалашты.

Ушул жылдын апрель айында “Иварес” деген уюм элчиликтин конок үйүнүн имаратын ижарага сурап, конок үйдүн жетекчисине ар белгилүү адамдардын атын, алар менен байланышы тууралуу айтып кеткен. Бирок элчилик өкүлү имаратты ижарага бербей турганын түшүндүргөн.

Кыргызстандын элчилиги окуя болгондон кийин Кыргызстандын Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Жыл башынан бери Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин мөөрүн жасап шылуундук кылган үч факт катталды.

XS
SM
MD
LG