Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Москвада "күйөөсү" таштаган келиндердин арманын "Азаттыктын" сайтынан окуп, эл катары мен да улутундум. Элге окшоп “нике күбөлүгү жок неге төрөйт” деп опурулма пикирлерди алдыга жайып алып, кенен-кесир талкуулагым келди. Бирок үн каталбадым. Эмнеге? Анткени эл көргөн “Мигранттын Москвасын” ушул жайда мен да көрүп келдим.

Буга чейин Анталияда отелде мейман тоскуч - ресепшн болуп иштедим. Келишим менен баргандыктан, баары жайында болчу. Анан калса, деңиз, эс алуу, туристтер, чогуу окугандарым менен бирге иштегендиктен мигранттын кыйын турмушун деле сезгеним жок.

Ал эми Москваны сырттан укканым менен ичинен билбейт элем. Бирок кандайдыр бир деңгээлде элестетип бара жаттым.

Каттоо залда орончуда наристесин бооруна кыскан эженин баштыктарын көтөрүшкөнчө маектеше кеттим. Бир маалда телефонуна бирөө чалды окшойт, “жалганчы” деп сүйлөшкөнү кетти. Көрсө, эже Москвага өзүнүн иштей ала турганын жолдошуна далилдеш үчүн бара жатыптыр. "Садовоеде сатуучу болуп иштейм, барган соң жолдошумду да чакыртып алып, кызымды каратам" деди. Баса, “жалганчысы” жолдошу экен.

Ошентип, атын алыстан уккан “баягы Москванын” жашоосуна аралаша баштадым. Жайкы каникулум бекер өтпөсүн, кичине болсо да акча иштеп алуунун айласын издеп, кол өнөрчүлүк жумушка кирдим.

Эки бөлмөлүү 12 киши жашаган батирге жайгаштым. Чоң залда жетөө, жатак бөлмөдө бешөө болуп жатып аттык. Баарыбыз эртең менен жумушка жөнөйбүз, кечинде келебиз. Кезек-кезеги менен үй тазалап турабыз. Ар бир кишинин белгилүү гана уктоочу, отурчу, эс алчу жайы болот. Айтор, үйдүн ар бир чарчы метринин кадырын билип каласың. Көп кишинин деминде, жанында уктоо өзүнчө эле эрдик. Кечки он бирде эшиктер жабылып, светтер өчүп, баары эс алышат.

Бирок, баш көтөрбөй иштеген шаарга окшогону менен Москвадагы кыргыздар арасында акылга сыйбаган айрым нерселерди да ичинен байкап жаттым. Кимдер бирөө мени жашсынтып пикириме кошулбайттыр, бирок, оюмду таңуулабайм. Бул ишти айтуудан мурда балким турмуштук тажрыйбам жетишпей ушундай ойлонуп жатамбы деген да кайчылаш толгонууда да жүрдүм.

“Никесиз Москва” десем аша чабам го, бирок, Орусияда мигранттар аарсында никесиз эле үй-бүлө куруу мода болуп кеткендей. Мисалы, молдого жетелешип барып, нике окутуп алышат экен. Экөө гана күбө. Бирок баланы же кызды жакшы билбей туруп, баш байлоонун кесепети акыры көптөрү үчүн оор болуп жаткандай.

Жапжаш жигиттер өзүнөн бир топ улуу апасындай аялдар менен жашап жүргөнүн көп көрдүм. Бир байке "аялым" деп бир кызды тааныштырып жүргөн экен, кийин көп өтпөй Кыргызстандан чыныгы аялы келиптир, мурда тааныштырган аялын "ал ким эле" дегенге өтүптүр. Бул эми мен уккан, көргөндөрдүн бир эле бөлүгү. Айта берсе абдан көп. Мындай көрүнүштүн жыйынтыгын интернеттен, маалымат каражаттарынан байма-бай окуп жатабыз, айрыкча мындан кыздар жабыр тартышат. Ортодо балдар төрөлүп, кароосуз айрымдары “таштанды балага” айланат. Бул жоопкерчиликсиздикпи, адепсиздикпи же жөн гана убактылуу дене кумарыбы - билбейм?!

Үйлөнүп алган соң бала жараларын баары эле билет да, анан эмнеге баланын жоопкерчилиги, ал да тирүү жан экенин көптөрү этибар албайт. Ушундай кенебес болуп баратабызбы?

Баса, жапжаш балдар көчөдө сөгүнүп, куру патриот болуп жүргөндөрү да көп экен. Бир нерсе десең “Москвадагы кыздар бузулган” деп коюшат. Айрымдар болсо короодо эле аялын уруп жиберишет. Антейин десең, ошолорду көрүп туруп, баш байлаган биздин кыздарга да таң каласың. Эми кандай болсо да жоопкерчилик, үй-бүлө баалуулугун сактайлычы. Кароосуз балдардын жаралуусуна салым кошпогулачы. Ансыз деле Москва кыргыз кыздарынын көз жашына жуулуп турат экен!..

Элвира Акимова, Бишкек шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG