Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Узакбаев: Бала төрөлгөнгө чейин эле кам көрүш керек


Эне-бала ден соолугу боюнча Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борбордун директору, профессор Камчыбек Узакбаев "Азаттыкка" маек курду.

Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борборго 50 жыл толду. Буга байланыштуу иш-чара бүгүн Бишкекте президент Роза Отунбаеванын катышуусунда өтөт.

- Балдарды коргош керек деген үгүт көп эле жүрөт. Ар кайсы өлкөлөрдөн жардамдар, витамин, дары-дармек келет. Бирок эмнегедир таасирин тийгизбей жаткандай. Эмне үчүн?

- Биздин борбор 1961-жылы уюштурулган. Бүгүнкү күндө анда миңден ашуун адам эмгектенет. Алардын ичинен илимдин 11 доктору, медицина илиминин 54 кандидаты, доцент, жогорку категориядагы 87 дарыгер иштейт.

Бизге бир жылда 100 миңден ашуун бала кайрылат. Анын 18 миңи жатып дарыланса, калгандары ооруларына байланыштуу кеп-кеңеш алып кетишет. Бул абдан оор иш.

Кесиптештерибиз деле балдарды дарылоо өтө жоопкерчиликтүү, татаал экенин айтып калышат. Ошого карабай акыркы кездерде республика боюнча эне жана балдардын өлүмү акырындап азайып келе жатат. Буга саламаттыкты сактоо системасында, анын ичинде Эне жана балдарды коргоо борборунда иштегендердин салымы зор деп эсептейм.

Чындыгында эле азыр балдарыбыздын ден соолугу биз каалаган деңгээлде эмес. Теңинен көбү ар кандай өнөкөт оорулар менен оорушат. Мунун себептери абдан көп. Биринчиден, бала төрөлгөнгө чейин эле аны туура багытта көзөмөлгө алыш керек. Болочок эне-аталар медициналык текшерүүдөн өтүп, өнөкөт оорулары болсо убагында дарыланыш керек.

Негизи төрөт маселесине кош бойлуу кезде абдан жакшы көңүл буруш керек. Ден соолугуна маани бериш керек. Анткени биздин изилдөөлөргө караганда кош бойлуу аялдардын 70% аз кандуулук менен оорушат. Андан сырткары экстрагинекологиялык оорулар деп коёт, ушул сыяктуу оорулардын пайызы да жогору.

Кыргызстанга өзгөчө аз кандуулукту жеңүү боюнча гуманитардык жардамдар жакшы эле келип атат. Биздин суубузда, жерибизде кээ бир микроэлементтердин жетишсиздигинен биздин борбор минералдык кошулмалар менен витаминдик комплексти иштеп чыгып, эл аралык уюмдардын жардамы менен чет жакта даярдап, балдарга берип жатабыз.

- Аз кандуулук менен ооруган аялдар шаарда көппү, же айылдардабы? Деги эле анын себептери эмнеде?

- Мунун көп кырдуу себептери бар. Биринчиден, биз туура эмес, бир кырдуу азыктанабыз. Мисалы, этти балдар, кош бойлуу энелер жетиштүү өлчөмдө жебейт. Бизде жер-жемиштин саны да көп, сапаты да жакшы. Ошого карабай аны туура өлчөмдө колдонбогондуктан балдар да, энелер да аз кандуулук менен оорушат.

Андан сырткары элдин социалдык-экономикалык абалы да начар. Көп балдар өнөкөт оорулар менен оорушат. Убагында дарыланышпайт. Ошол да себеп болууда.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG