Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Соңку 20-30 жыл арасында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 25-30% кыскарганы жана азайып жатканы айтылууда. Эксперттер мөңгүлөрдүн ээриши бул аймактарга, суу таңсыктыгы менен бирге эпидемиялык да коркунучтарды алып келерин эскертишүүдө.

Кыргызстан ичүүчү таза суунун кору боюнча дүйнөдөгү сейрек өлкөлөрдүн бири. Жергиликтүү жигердүү адамдар тобу Борбор Азияны суу менен камсыз кылып турган Кыргызстан мөңгүлөрүн сактоого жапатырмак киришүү демилгесин көтөрүүдө.

Алай районунун тургуну Акимбек Кыдыралиев кол сунса жеткидей көрүнгөн ак кар, көк муздуу асман мелжиген тоолордун кыйла алыстаганын айтат. “Муну акыркы кездерде айылдын аксакалдары да белгилечү болду”, - дейт ал.

- Чынын айтсам жакында эле, 20 жыл эле мурда дейли, биз жайлоого чыккан мезгилде мөңгүлөр жайы-кышы турчу эле. Алайдагы Жошолу деген айылды эле алалы, суудан түшкөн мөңгүдөн машиналар өтчү эле. Эки жыл мурда барсам ал муздар, мөңгүлөр жок. Акскалдар деле айтчу эле, Сарыташтын Памир тоолору тарабындагы мөңгүлөр билинип эле турат жылганы.

Асман мелжиген кыргыз тоолорундагы сегиз миңден ашуун мөңгүлөр глобалдык жылуулуктун таасиринен улам азайып баратканын адистер да белгилеп келишет. Дүйнөдө акыркы 10 жыл ичинде 1163 мөңгү эрип кетсе, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн 25-30 пайызы жоголгон. 1965-1974-жылдары Кыргызстанда катталган 7628 мөңгүнүн азыр болгону 5237си калган.

Тянь-Шань тоолорунда мөңгүлөрдүн кыскарышы ХХ кылымдын экинчи жарымында байкала баштаган. Айрыкча бул процесс 1972-жылдан кийин күчөгөн. 1957-1998-жылдар аралыгында Тескей Ала-Тоодогу Кара-Баткак мөңгүсү 18 метрге, Кыргыз кырка тоосундагы мөңгүлөр 1972-1993-жылдары 8 метрге, Алай тоолорундагы мөңгүлөр 1968-1997-жылдары 16 метрге жукарган. Мындан сырткары, Эңилчек мөңгүсү 2,7 пайызга, Кайыңды мөңгүсү 18,5 пайызга кыскарышы толук мүмкүн.

Адистердин баамында, аба ырайы эки градуска жылыган учурда Күңгөй Ала-Тоонун түштүк кырка тоо тарабында мөңгүлөрдүн аянты 76 пайызга, түндүк тарабында 32 пайызга азаят. Нарын дарыясынын куймаларындагы мөңгүлөр өзүнүн аянтын 50 пайызга чейин жоготушу мүмкүн.

Колдо бар алтындын баркы жок

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев мөңгү жана суу проблемасы дүйнөдө курч масалелерден болуп жатканын белгилейт. Каныбек Иманалиев мөңгүлөрдү сактоо демилгесин да көтөрүп, суу боюнча атайын берене даярдап жатканын “Азаттыкка” айтып берди.

- Акыркы учурда суу жетпеген мамлекеттердин саны 60-65 пайызга чейин көбөйүп кетти. Дүйнөдө 5 миллиард киши таза сууга жетпей жашайт. Орто Азиянын негизги суу запасын Тажикстан менен Кыргызстан топтойт. Мөңгүлөр да негизинен Тажикстанда жана Кыргызстанда. Акыркы мониторингге караганда, жылына бир пайыздан мөңгүлөр азайып атат. Демек жүз жылдан кийин бул жок болуп кетиши мүмкүн. Биз муну эл аралык коомчулук менен бирге чечишибиз керек. Анткени мөңгүнү изилдеген илимий мекемелер, окумуштууларыбыз жокко эсе.

Окумуштуулардын божомолунда, глобалдык жылуулуктан улам ар жылы Кыргызстанда мөңгүлөр орто эсеп менен 7,5 метрден 13 метрге чейин жогору көздөй чегинип барат. Айрым изилдөөчү, окумуштуулардын айтымында, глобалдык жылуулуктун натыйжасында Борбор Азия чөлкөмүндө жаан-чачындар көбөйүп, дарыялардын суусу арбып, селдер жүрүшү мүмкүн. Ошону менен бирге эле мөңгү суулары азаят.

Экологиялык Мерцбахер атындагы "Мөңгү" корунун жетекчиси Үрүстөм Кабылбековдун айтымында, мөңгүлөрдүн кыскарышы менен жоголушу эпидемиялык жактан да коркунуч алып келиши ыктымал.

- Мөңгүлөрдүн ээриши Борбордук Азияга эпидемиялык жактан да коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Тоолуу жер болуп климатыбыз ошондой, эпидемия тез өөрчүшү мүмкүн. Экинчиден, Борбор Азияда 55-60 млн. киши биздин сууну ичип атат. Мөңгүлөр ээрип кетсе алып келинген суу менен багуу акылга сыйбаган чындык да. Ошондуктан мөңгүлөрдү жапатырмак киришип, көздүн карегиндей сакташыбыз керек.

Мөңгү - байлык


Коңшу мамлекеттер миңдеген гектар жерлерди иштетип, сууну эл аралык нормага ылайык колдонбогондуктан Арал деңизине суу жетпей келет. Андыктан деңиз жээгинен туз ирээтинде көтөрүлгөн чаңдар мөңгүлөргө таасир этүүдө.

Экинчиден, кийинки учурларда токойлордун кыйылып жатканы да мөңгүлөрдүн ээришине алып келүүдө. Себеби бир гектар токой жыл ичинде 50 тонна чаңды жутуп, өзүнө сиңирип алат. Ал эми жутулбаган чаңдар бийиктикке чыгып, шамал аркылуу мөңгүлөргө жетүүдө. Үрүстөм Кабылбеков ак элечек, көк муздуу кыргыз тоолорундагы мөңгүлөрдү сактоо жолдоруна токтолду.

- Жерлерди жашылдандырышыбыз керек. Биздин эсебибизден биз Борбордук Азияны түгөл электрлешүүгө киргизишибиз керек. Түгөл киргенге чейин бизди курчап турган мамлекеттер мөңгүлөргө залакасы тийбес үчүн, мештер иштебеш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын ар бир айылына көгүлтүр отту киргизип бериш керек. Эртең эле "чычкан аке, суу берчи" деп келишет да. Ошондо биз да “битта тамчы битта сум, экита тамчы эки сум, целый куча 10 сум” деп айтабыз да. Ошондо бизге жарашпай калат. Мөңгү - байлык деп айтып келем. Бул байлык, саясат туура эмес жүрүп келген. Саясатты экологиялык өңүткө которуу менен биз дүйнөдөгү бай мамлекеттердин катарына киребиз.

Айрым мамлекеттер мөңгүлөрдү жасалма түрдө сактап келишет. Бул үчүн абадан күн ысыгын өткөрбөй турган жылтырактарды мөңгүлөргө жабуу жолун колдонуп келишет.

Анткен менен Кыргызстандагы Суу маселелери институтунун айрым окумуштуулары мөңгүлөрдү сактоо аракеттери реалдуу эмес экенин айтып, анчалык чуу чыгаруунун кажети жок дешет. Ошондой эле бир кыйла бийиктиктен улам Кан-Теңир менен Жеңиш чокуларынан мөңгүлөр анча көп азайбай турганын айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG