Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Токтайым Үмөталиева Өмүрбек Текебаевди Конституцияны алмаштырып салган деп айыптады


Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Өмүрбек Текебаев көз боёмочулук кылып, 2010-жылкы Конституциянын макулдашылган текстин референдумда өзгөртүп салганын билдирди.

Ал азыркы Конституцияда депутаттардын референдум өткөрүүгө укугу жоктугун, бул укукту Текебаев алып салгандыгын, бул үчүн Текебаевди сотко берип туруп, анан референдум өткөрүү зарылдыгын айтты.

Депутат Өмүрбек Текебаев Үмөталиеванын азыркы Конституция боюнча депутаттардын референдум өткөрүүгө укугу жоктугун моюнга алганына ыраазылыгын билдирип, референдум өтпөй кала турган болсо бул үчүн түрмөгө дагы олтурууга даяр экенин маалымдады.

Бишкекте “Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылы Башмыйзамды өзгөртүүгө арналган жыйын өткөрүүдө. Ага негизинен бийликке оппозициялык маанайдагы саясатчылар чогулду. Алардын арасында Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Турсунбек Акундар бар. (AzK\SDJ)

XS
SM
MD
LG