Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

КДК жыйынына бийликтен эч ким келбеди


Бишкекте бүгүн бийлик менен оппозицияны мунасага чакырган жыйынга Ак үйдөн эч ким келбеди. Бул тууралуу аны уюштурган Кыргызстан демократиялык кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди.

Жогорку Кеңештен жыйырмадан ашуун депутат чакырылганына карабай, “Ата мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эле келди. Коомдук ишмерлерден Медеткан Шеримкулов катышты.

Жыйында тараптарга кайым айтышууну токтотуп, бир пикирге келүүгө чакырык таштоо пландалган эле. Аталган кыймыл "бийлик менен оппозициянын ортосунда болуп жаткан окуялардын арты жакшылыкка алып келбейт" деген жүйө менен октябрда да жыйын уюштурган. Бирок ага да бийликтен эч ким келген эмес. Жарандык коом өкүлдөрү, оппозиция жана активисттер гана катышкан.

Кыргызстан демократиялык кыймылы 26 жыл мурун өлкө эгемендик алганда жаралып, чоң саясий өзгөрүү, жаңылануулардын башында турган. Үч жылдан кийин партия түзүлүп, кыймыл жоюлган. Быйыл июнда кайрадан кыймыл катары ишин жанданткан.

XS
SM
MD
LG