Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстанда Совет доорунан кийин кескин азайып кеткен уяң жүндүү ак койлорду кайрадан көбөйтүү аракети көрүлүүдө.

Нарындын Кара-Кужур өрөөнүндө кой баккан Курманбек Аалиев меринос породасы башка койлорго салыштырмалуу кирешелүү болот дейт. Ортомчулар Кара-Кужур сыяктуу алыскы кыштоого чейин жетип, ак койдун жүнүн орто эсеп менен 50-60 сомдон сатып алышат. Кыштай жакшы багылган ак койдон үч-алты кило жүн кыркып алса болот.

- Ак койдун жүнүнөн, этинен дагы пайда табууга болот. Биздегилер эт-жүн багытындагылар. Бат эттенип, салмагы дагы жакшы. Нарындын ак койлору бардык жерде жакшы бааланат. Быйыл биздин айылдагы ак кой кармагандардын кочкорлорун сурагандар көп болду. Эл дагы ушул породаны көбөйтөбүз деп жатышат.

Өлкөдө расмий катталган алты миллион койдун 120 миң башы гана уяң жүндүү койлор. Айыл чарба адистеринин пикиринде, меринос породасынын жүнү сапаттуу болгондуктан койдун бул түрүн көбөйтсө, малчылар жакшы киреше тапмак.

Бишкектеги мал базар

Бишкектеги мал базар

Жакындагы парламенттеги талкуулардан кийин өкмөт мындай койдун санын көбөйтүү аракетин көрүүдө. Аталган маселенин демилгечилеринин бири, илимпоз Молдобек Ирсалиев уяң жүндүү койлордун санын көбөйтсө, айыл чарбасында эң кирешелүү тармак болоруна ишенет.

- Союз мезгилинде өлкөдө алтын казылган эмес. Эң жакшы кирешени жүн берген экен. Бүгүнкү күндө беш миллион кой бар дейли, алар ак кой болуп төрт килодон жүн алсак жыйырма миң тонна болот. Азыр 120 миңден башкасы кылчык жүндүү койлор. Алардын жүнү эч нерсеге жарабайт.

Ирсалиевдин пикиринде, учурда ак койду көбөйтүү үчүн мамлекеттин кагаз түрүндөгү программасы эмес, реалдуу кадамдар жана каражат талап кылынат. Себеби, бул тармак бутуна турганча колдоо керек:

- Азыркы калган ак койдон беш жүз тоннадай жүн алабыз. Аларды өкмөт элүү сомдон алып берем десе, жыйырма беш миллион сом керектелет. Ошентип өкмөт ак кой баккандарды колдоп турушу керек.

Анткен менен өкмөттүн оозун карабай өз алдынча ак койду көбөйтүүгө аракет кылган койчулар да жок эмес. Анын үстүнө кийизден жасалган буюмдар бааланып, уяң жүнгө азыркы кезде талап азыраак болуп калды. Бирок, ак кой багуунун тобокелчиликтери дагы дале арбын. ​

Жанарбектин тажрыйбасы

Жанарбек Ырсалиев Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө көп жылдан бери элдин коюн багат. Азыр короосундагы жети жүзгө чукул койдун эки жүзү өзүнүкү.

- Эки жүз койдун ашып кетсе 20-30у гана ак койлор. Калганы кылчык жүндүү койлор. Алардын жүнүн эч ким албайт, айла жок жылына эле өрттөлөт.

Кайра куруу мезгилинен баштап Нарындагы мал чарбачылыгында жүнү пайдалуу Тянь-Шань койлорунун саны азайып, эт багытындагы койлорго басым жасала баштаган. Эми баккан малдан пайданы арттыруу кызыкчылыгы пайда болгон менен аны ишке ашыруу оңой эмес.

- Ак койлордун санын көбөйтүүгө аракет кылып көрдүк. Анын козуларын чоңойтуу кыйын болгондуктан төл аз кирет. Ал эми куйругу чоң кара койлор биздин шартка ыңгайлуу.

Мал базар

Мал базар

Жанарбекке окшогон атбашылык айрым чабандар жаратылышы катаал аймакта ак койду көбөйтүү менен алек. Ал эми өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү 2020-жылга чейин малды асыл тукумдаштыруу боюнча атайын программа кабыл алган. Өкүлчүлүктүн регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Табылды Жумагулов буларга токтолду.

- Тянь-Шань породасындагы уяң жүндүү койлордун саны 2015-жылы облуста 6 730 баш болсо 2016-жылга 8 537ге жетти. Дегеле бул породаны көбөйтүүгө бардык эле чабан кызыгып атат. Анткени койдун этинен дагы, жүнүнөн дагы пайда табууга аракет кылгандар көбөйдү. Ал эми жүнүн өткөрүү үчүн жергиликтүү ишкерлер менен макулдашып жатышат.

- Союз мезгилинде өлкөдө алтын казылган эмес. Эң жакшы кирешени жүн берген экен.

Жергиликтүү бийлик бул өңдүү маалыматтарды камтыган отчету болгону менен, айыл чарбасында ак койду багууга шарт түзүлө элек. Бул жааттагы адис Шейшенаалы Максүтовдун пикири мындай:

- Убагында белгилүү илимпоздор 35 жыл дегенде гана ушул накта кыргыз уяң жүндүү койдун тукумун алдым деген. Анан азыр беш жылда тукум ала коебуз дегенге ишенбей турам. Аны алган күндө деле бизде шарт жакшы эмес. Анын козусу жылаңач туулат, ветеринардык дарылар керек. Ал шарттын баары жок болгон. Азыр ак койдун баарынын эле жүнү сапаттуу дей беришет. Андай эмес ак койлор дагы түргө бөлүнөт.

Облуста бир миллионго жакын майда жандык каттоодо турат. Алардын токсон пайызы кышында багууга оңой болгон жүндүү кара койлор.

Жүн заводдорунда абал кандай?

Буга чейинки расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда он миңден ашуун тонна жүн чогултулат. Бирок, анын көпчүлүгү кайра иштетүүгө жарабайт. Өлкөдө жүндү кайра иштетүүчү 4-5 ишкана бар. Алардын бири Токмоктогу жеке менчик “Касиет” заводу жылына жети жүз тоннага чейин жүн алып иштетүүгө күчү жетет. Аталган завод жүндөн ар кандай жип ийрип, кездеме токуп чыгарат. Ишкана өкүлү Анаранын айтуусунда:

- Союздан калган чарбалардын породасы жакшы сакталып калган. Алардын жүнү бир аз кымбат болот. Беш жүз же миңдей ак кой кармаган малчылар деле бар. Бирок, алар аз болуп атат. Көп малчылардыкы кара койлор менен аргындашып жүнү бузулган. Азыр баа сапатына жараша килограммы 150 сом болуп атат. Быйыл кытайлар жүз жетимиштен алып кетишти.

- Азыркы аракетин колдойм. Бирок, алар куру кыйкырык бойдон калып жатат. Мисалы, азыр ак кой сакталып калган он бештей чарба бар. Ишти мына ошолорду көбөйтүү менен башташ керек.

Бүгүнкү күндө жүндүн негизги аларманы Кытай мамлекети, андыктан бааны дагы алар аныктайт. Бир жылы жогорулатып, экинчи жылдары албай коюп жүн талаага өрттөлгөн учурлар бар. Айыл чарбасындагы адис Молдобек Ырсалиев бүгүнкүдөй жүндү сырье катары чет өлкөгө жөнөтүү менен бул тармакты көтөрүүгө болбойт дейт. Өкмөт жүндү кайра иштетүүнү колго алышы керек.

- Бир килограмм жүн башка жакка кетпеш керек. Мен ошон үчүн өкмөт дыйкандарга акча бөлсүн деп жатпаймынбы. Биздин комбинаттарды кайра жакшы иштетсе 100 сомдон туруктуу алып бере алышат. Алар андан жүн ийрип, кездеме токуп, көйнөк тигет. Биз ошолордун салыгын алып бюджетке чоң каражат түшүрсөк болот. Азыр өкмөт жыйырма беш миллион берип турса кийин аны салык менен эки эсе өндүрүп алмак.

Өкмөттүн колдоосу

Өкмөттө ак койду көбөйтүү боюнча атайын программа кабыл алынып, жумушчу топ иштеп жатат. Ушул породада кой багам деген малчыларга пайызы арзан жана кезексиз насыя берүү жагы каралган. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилигинин өкүлү Сулайман Мамаевдин ырасташынча, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу гана керек.

- Азыр ким ак кой багам десе, Айыл банктан кезексиз насыя алууга болот. Азыр эми министрликтин тобу жаңыдан иштеп баштады. Биздин аракеттин жыйынтыгы 2-3 жылдан кийин билинет.

Деген менен академик Жамин Акималиев өкмөттүн реалдуу кадамдары жок деген пикирде.

- Азыркы аракетин колдойм. Бирок, алар куру кыйкырык бойдон калып жатат. Мисалы, азыр ак кой сакталып калган он бештей чарба бар. Ишти мына ошолорду көбөйтүү менен башташ керек. Ал эми азыр чабандарга ак кой баккыла деген менен алар аны аткара койбойт. Реалдуу кадамдар менен маселени чечүүгө барыш керек. Азыркы өкмөттүкү кожокөрсүн деген эле саясат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG