Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Эсеп палатасы текшергенде Улуттук көркөм сүрөт музейинде жүздөн ашык сүрөт жок болуп чыкты. Мындан сырткары 47 предмет эки жолу жазылып калганы көрсөтүлгөн.

Бул маалымат боюнча музей жетекчилиги “Азаттыкка” комментарий берип, жоголгон буюмдардын тарыхы 1941-жылдан башталганын, ошондон бери тийиштүү мекеме ал буюмдарды музейдин каттоосунан чыгарбай келатканын айтты.

Маданият министрлигинин өкүлү дайынсыз экспонаттар боюнча атайын комиссия түзүлүп, алардын кантип жана качан жоголгону такталышы зарылдыгын билдирди.

Көркөм сүрөт музейинин экспонаттарды сактоо боюнча жетекчиси Айгүл Молдогазиеванын айтымында, Эсеп палатасы жоголду деген 114 экспонат кырк жылга жакын убакыттан бери кагаз жүзүндө гана катталып жүргөн буюмдар:

- Музейдин өзүнөн же чет өлкөлөрдө өткөн көргөзмө учурунда уурдалып кеткен буюмдар да болду. Тилекке каршы, ал экспонаттар да өз учурунда эсептен чыгарылбай калган экен. 1992-жылы да 13 экспонат уурдалган. Бул уурулуктар боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши ачылып, Маданият министрлигине маалымдалып, бирок азыр да жоголгон буюмдар табыла элек. Биздин эреженин 112-бөлүмүнө ылайык музейде жоголгон экспонаттар боюнча тийиштүү документтер Маданият министрлигине тапшырылган.

Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи

Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи

Айгүл Молдогазиеванын айтымында, Маданият министрлиги жогорудагы жоголгон экспонаттарды мурда эле музейдин эсебинен чыгарышы керек эле. "Бирок СССР мезгилинде жергиликтүү бийлик аларды жокко чыгаруудан тайсалдап, эгемендик мезгилинде бул жоопкерчиликти алууга бир да министрдин эрки жетпей жатат", - дейт адис.

Илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун илимий кызматкери Айдай Сулайманова башкы музейлердин биринде ачыкка чыккан көйгөйгө тарыхый баалуу буюмдарга кайдыгер мамиле жасаган музей кызматкерлерин жана аларды өз учурунда көзөмөлдөбөгөн мамлекеттик тийиштүү органдарды күнөөлөдү. Окумуштуунун айтымында, учурда республикадагы дээрлик бардык музейлерде ушундай маселе бар:

- Көзөмөл, жоопкерчилик жок. Ар бир экспонаттын орду, анын эсеби, паспорту болушу керек да. Мисалы, биз бир нерселерди такташ үчүн музейлердин сактоочу жайларына киргенде музей кызматкерлери өздөрү биз сураган предметтердин кай жерде турганын билишпейт. Негизи экспонаттар менен иштей турган атайын адистер аз окшойт. Ар бир буюмдун кайсы кылымга туура келери, кайсы маданиятка жакындыгы тууралуу маалымат болушу керек. Ар бир буюмдун сүрөттөрүн тартыш керек. Ченеп, өлчөп жазып коюшу керек. Мисалы, жоголуп кеткен күндө да аны ошол маалымат боюнча издегенге болот эмеспи. Бизде Кыргызстанда музейлер өтө начар иштейт.

Сулайманова өзү да кезинде шаардык музейлердин биринде иштегенин, адистер айлык акы аздыгынан улам тез-тез алмашылып, экспонаттарга иреттүү, астейдил мамиле жасалбай турганын, анын айынан сапатын жоготуп, уурдалып кеткен предметтер бар экенинен шек санабай турганын кошумчалады.

Айрым буюмдардын СССР убагында өткөн маданий күндөрдө жоголуп кеткени чын. Менин эсимде бар, Индияда Кыргызстандын маданий күндөрү өткөндө бир туш кийиз, башка да эки предмет жок болуп келген.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде экспонаттардын санын тактоо иштери акыркы жолу 1967-68-жылдары жүргүзүлүп, анда 49 предметтин орду чыкпай калган экен. Андан бери жоголгон буюмдардын жалпы саны 114кө жеткен.

Музей өкүлү Айгүл Молдогазиева “Азаттыкка” жоголду деп айтылып жаткан буюмдардын ичиндегилердин көбү мурдагы кызматкерлердин адистик чабалдыгынан улам эки жолу катталып калганын, кээ бир предметтер кезинде Москванын, эгемендик жылдары Маданият министрлигинин же Ак үй чиновниктеринин оозеки буюругу менен да ар кандай маданий иш-чара учурунда суралып алынып, бирок кайра кайтпай калган деген жүйөлөрүн билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү, көп жылдар бою музейлер боюнча иштеп келген адис Дамира Алышбаева Көркөм сүрөт музейинин министрликке койгон айрым дооматтарына макул эмес:

- Мен азыр "музей министрликке жогорудагы предметтерди каттоодон чыгаргыла деп жөнөткөн документтерин тапкыла",- деп тапшырма бердим. Аларда деле бирден көчүрмөсү калыш керек. Музей министрликке качан кайрылганын далилдеш керек. Бул маселени комиссия менен чечишибиз зарыл. Музейдеги ар бир буюм качан, кандай жагдайда жоголгону такталышы абзел. Туура, айрым буюмдардын СССР убагында өткөн маданий күндөрдө жоголуп кеткени чын. Менин эсимде бар, Индияда Кыргызстандын маданий күндөрү өткөндө бир туш кийиз, башка да эки предмет жок болуп келген.

Дамира Алышбаева бул маселе боюнча министрдин буйругу менен атайын комиссия түзүү зарылдыгын, анан гана аларды каттоодон чыгаруу боюнча сөз болорун айтты.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейи Кыргызстандын эң башкы сүрөт казынасы. Ал 1935-жылы ачылып, учурда 18 000дей эмгектер сакталып турат. Акыркы жылдарда аталган музейден үч эмгек уурдалып, кылмыш иши козголгон. Эки жыл мурун атактуу сүрөтчү Иван Айвазовскийдин сүрөтү уурдалган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG