Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Бүгүн Кыргызстанда музейлердин эл аралык күнү белгиленүүдө. Аны утурлай Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт, өнөр музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаев Кыргызстандагы музейлердин абалы, музей-туризми тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Сиз жетектеген музейге күнүнө канча адам келет? Сүрөт-көргөзмөлөр учурунда чыгармаларды сатып алгандар болобу?

Юристанбек Шыгаев: Биздин музейге күнүнө орто эсеп менен элүүгө жакын адам келет. Бул элүү адамдын элүү пайыздайын чет өлкөлүк жарандар түзөт. Студенттер, окуучулар келиши мүмкүн. Андан тышкары биздин музейге көркөм сүрөттү сүйүүчүлөр келет.

“Азаттык”: Чет өлкөлөрдө музей-туризми деген түшүнүк бар. Мысыр, Түркия өңдүү өлкөлөрдө музейлерден эле кыйла акча түшүп турат экен. Бизде музей туризминин абалы өспөй жатканынын себеби эмне?

Шыгаев: Бул жакшы суроо болду. Өткөндө президент Роза Отунбаева музей күнүнө карата Тарых музейинде кызматкерлерди чогултуп чоң жыйын өткөрдү. Ошондо президент "музей бул ар бир мамлекеттин жүзү, күзгүсү" деп жакшы сөздү айтты.

Чет өлкөлүк жаран келсе биринчи каякка барат? Ал дүкөнгө же ЦУМга барбайт. Ал биринчи музейге барат. Музейге барып, Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен таанышканга аракет кылат. Ошондуктан бул туризмдин бирден-бир эң жакын кабыл алчу жайы десек жаңылбайбыз. Туризм багытында биздин музейлер абдан начар абалда. Мунун баары акчага такалат.

Негизи музей чет өлкөлүк жарандарды кабыл алып турганга даяр болушу керек. Даяр болуш үчүн биздин Маданият министрлигинен, өкмөттөн жакшы каржылоо болушу керек.

Мына 40 жылдан бери капиталдык ремонт болбой музейдин абалы абдан начар. Бизде микрофондор иштебейт. Лектордук залдагы аппараттарыбыз да эскирип иштен чыккан. Ал түгүл билет тыткан жерде акча жогунан билет жасата албайбыз. Баягы илгерки союз учурундагы билеттерди эмдигиче колдонуп келе жатабыз.

“Азаттык”: Мамлекеттен карап отура бербей, бул маселелерди өз алдынча аракет кылып чечүүгө болобу? Мындай мүмкүнчүлүктөр барбы?

40 жылдан бери капиталдык ремонт болбосо музейдин абалы абдан начар.
Шыгаев: Мүмкүнчүлүктөр бар. Ошого карабай биздин атайын эсеп дегенибиз бар. Биз чет өлкөлөрдөн белгилүү сүрөтчүлөрдү чакырып, ошолордун арендасынан түшкөн акчага биз өзүбүз оңдоп-түзөө иштерин кылып жатабыз. Бир топ чет өлкөлүк долбоорлорду жазып, гранттарды утуп, музейге бир топ киреше киргиздик. Ошонун негизинде биз өзүбүздүн чатырыбызды, жаан аккан жерлерибизди жамап, оңдоп, бүгүн түзөп алдык.

Ошентсе да музейдин алтын фондундагы коллекциялар өкмөткө таандык. Маданият министринин эмес, өкмөттүн, кыргыз элинин байлыгы. Ошондуктан дүйнөдөгү Лувр музейи, Метрополитен музейлеринин баарын өкмөт каржылайт. Бул жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен эмес, өкмөттүн эсебинен, себеби бул ошол мамлекеттин алтын казынасы болуп эсептелет. Ошондуктан бизге мамлекеттен, Каржы министрлигинен жылына акча бөлүнүп турушу керек. Союз учурунда 0,2 пайыз маданият тармагына бөлүнүп турчу. Азыр бир да пайыз жок.

Интернет менен өскөн муун

“Азаттык”:
Жалпы эле жергиликтүү жарандардын музейге баруу, ал жердеги чыгарма, экспонаттарды көрүү маданиятына кандай баа бересиз? Айрымдар бул маданият Совет мезгилине салыштырмалуу абдан эле төмөндөп кеткенин айтышат.

Шыгаев: Музейдин кирүү баасы мектеп окуучулары үчүн он сом. Студенттер үчүн жыйырма сом. Улуу кишилер үчүн отуз сом экен. Эми отуз сом акча үчүн ар бир адам музейге келсе, тазаланып, музейден чыккандан кийин башкача эргүү менен кандайдыр бир рахат алат. Кыргызстандын маданияты жөнүндө түшүнүгү болот.

Лувр, Франция
Ушул заманга жарашабы, же пейилге жарашабы, адамдар союзу учурунда көп келчү. Ал учурду мен туура түшүнөм Коммунисттик партиянын системасы менен кыйнап, мектеп окуучуларын, студенттерди сөзсүз түрдө алып келип турушчу.

Азыр анте албай калдык. Баары эле интернет. Кээде мен студенттер менен маек курсам "биз музейге баргандан көрө интернеттен көрүп алабыз" деп айтышат. Бул туура эмес.

Чет өлкөдө кичинекей бала бакчадан, мектеп окуучуларынан баштап атайын сабактарды музейден өткөнгө аракет кылышат.

Биз жакында жакшынакай кабарды уктук. Ташкентте Каримовдун буйругу менен ар бир мектеп окуучусу бир айда үч жолу мектептин эсебинен сөзсүз түрдө музейге барышы керек экен. Атайын ошондойду киргизиптир. Мугалим ушуну сабактан сурайт экен. Биз да ошону президентке жеткирип айттык.

“Азаттык”: Акырында Кыргызстанда музей-туризмин жандантып, музейлердин абалын жакшыртуу үчүн кандай аракеттер жасалышы керек?

Шыгаев: Мамлекет тарабынан, өзгөчө Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлору, жогорку окуу жайлардын ректорлору менен чогуу тегерек үстөлгө отуруп, маек куруп, биргелешип иш кылышыбыз керек. Ар ким өзүнүн арабасын ар кайсы жакка тарткан болбойт. Чогуу бир темада иштебесек, бүгүнкү күндө музейлердин абалын эч качан оңдой албайбыз.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG