Линктер

Музейдеги өрт: соороткон өкмөт, үшкүргөн адис


22-июлда кечки саат ондо Бишкектеги Тарых музейинде өрт чыкты. Өрттүн муйзейге, анын ичинде баалуу экспонаттарга алып келген кесепети тууралуу маалыматтар эки ача чыгууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт музейдин кампасын каптаган.

Бул музейди оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан учурда болуп отурат. Музейде кыргыз элинин байыркы маданий мурастары жана Совет доорундагы эстеликтери сакталган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы өрт өз убагында өчүрүлдү, имарат жана экспонаттар жабыркаган жок деп билдирүүдө. Өкмөттүн маалыматында айтылгандай, өрт учкуну жыйындар залынын жанындагы кампадан чыккан, анда баалуу буюмдар сакталган эмес.

Бирок мурдараак ӨКМдин өрткө каршы кызматы 22-июлдагы өрттөн Мамлекеттик тарых музейинин 300 чарчы метри күйдү деп кабарлаган.

Көзүнө жаш тегеренген этнограф

Назира Момунбаева 17 жылдан бери Мамлекеттик тарых музейинде этнограф болуп иштейт. Ал өрттөнгөн экспонаттар менен кошо канчалаган жылдардан берки элибиздин байлыгы болгон баалуулуктар күйүп кеткенин көрүп, көзүмө жаш тегеренди дейт:

- 22-июль түнү Мамлекеттик тарых музейин өрт чалып, аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы башкармалыгынын кызматкерлери алты саат дегенде араң өчүрдү. Музейдин ичин жалындаган өрт каптабаса да экспонаттардан чыккан ыштар дүрт этип тутана албай, быкшып тура берген. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтуусунда, тарых музейи ремонт иштерине деп жабылгандыктан бардык экспонаттар кинозалга башаламан таштала берген. Бийиктиги киши бою ыргытылган буюм-тайымдарды аралап өтүп, өрттүн чыкан жерин басуу кыйынга турган. Мындан улам музейдин ичиндеги кинозалдын күн чыгыш жагындагы брондолгон эшигин кесип, экинчи жагынан кирүүгө аргасыз болушкан. Тилсиз жоону өчүрүү аракеттери таңкы саат 4:42де араң бүткөн.

Назира Момунбаева бул өрт кырсыгы бир гана музейдин кызматкерлеринин жоопкерчилигиндеги иш эмес, ал Маданият министрлигинин да тарыхый баалуулуктарга болгон көз карашын айгинеледи деп эсептейт. Анткени ал башынан эле кагаз документтер менен экспонаттарга көңүлкош мамиле жасалып келгенин кошумчалады:

- Ал жерде кылымдардан бери атадан балага, муундан-муунга аздектелип сакталып келе жаткан экспонаттар, тарыхый буюм-тайымдар бар эле да. Эми бир эле күндө жок болду. Өрт каптабаганын суу каптап, канчасы сынып, талкаланды. Мен этнограф катары айтам: бир эле кичинекей буюмдун өз тарыхы бар, аны айтып берсең узун сабак болот. Мен бул музейдин жетекчилигинин жана Маданият министрлигинин шалаакылыгы деп айтам. Анткени ремонт иштери башталганда эле алардын баарын аздектеп, башка коопсуз жайга көчүрүү керек болчу.

Өкмөт болсо өрт өз убагында өчүрүлдү, имарат жана экспонаттар жабыркаган жок деп билдирүүдө. Өкмөттүн маалыматында айтылгандай, өрт учкуну жыйындар залынын жанындагы кампадан чыккан, анда баалуу буюмдар сакталган эмес.

Суй жыгылган өрт өчүргүчтөр

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өрткө каршы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Доктурбек Абдраевдин айтуусунда, музейди өрт чалганда аны өчүрүү кыйынга турган. Жалпы жолунан тилсиз жоону токтотууга 146 адам катышып, музейдин ичиндеги башаламандык өрт өчүрүүдө абдан чоң тоскоолдуктарды жараткан:

- Кагаз салынган үкөктөрдөн баштап ат арабаларга чейин кинозалга киргизип эле үйө беришиптир. Музейдин ичин көздү ачыштырган коюу түтүн каптап, ары бери жүрүүгө да кыйын болду, ошончо экспонаттарды жок кылып албайлы деп, бирден сыртка ташып жаттык. Аралап өтүүгө мүмкүн эмес эле. Мындан улам күн чыгыш жагындагы брондолгон эшикти кесип, анан экинчи жагынан өчүрүп да, ташып да араң үлгүрдүк. Өрттү өчүрүүгө 22:12де киришкен аракетибиз таңкы 04:42де аяктады, баарыбыз суй жыгылдык.

"Күнөөлүүлөр жооп бериши керек"

Кыргыздын тарыхын алып жүргөн, мамлекеттик көзгө басар белгилүү музейде өрт чыкканын кокустук эмес дегендер да жок эмес.

Ал эми коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков “Азаттыкка” маек куруп жатып, шалаакылык ким тарабынан болсо да жоопкерчиликке тартылышы керек деген оюн билдирди:

- Бишкектин чок ортосунда мына ушундай чоң өрт кырсыгы катталып атат, болгондо да кыргыздын тарыхы сакталган жайда. Менин оюмча, албетте, биринчи ошол мекеменин жетекчисинин жоопкерчилиги каралышы керек, андан соң ошол жердеги электрик, күзөтчү, экспонаттар сакталган музейдин башчысынын жоопкерчилигин кароо зарыл. Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат дечи, бирок баягы “курмандыкка чалына турган козу” байкуш бир күзөтчү болбошу керек, иш так, калыс иликтениши зарыл. Анткени бул иште мекеме жетекчисинен баштап Маданият министрлигине чейинки адамдардын моралдык жоопкерчиликтери бар.

Мамлекеттик тарых музейи ремонт иштерине байланыштуу 25-мартта жабылган. Анда ширетүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу электр зымдарына күч келип, жогорку чыңалууну көтөрө албай, өрт чыгышы мүмкүн деген божомолдор да айтылууда.

Музейдин ремонту эки баскыч менен жүргүзүлүп, биринчи, 31-августка карата борбордук аянтты караган алдыңкы бети ачылмак. Экинчи этабында мына ушул ички ремонт иштери жасалып өткөрүлүп берилмек.

Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы түзүлгөн. Ал эми азыркы имараты 1984-жылы курулган. Анда кыргыз элинин тарыхы жана маданияты тууралуу 135 миңден ашуун эстелик, буюм-тайымдар бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG