Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Мамбеталиев активистти сотко берди


Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев жарандык активист Адил Турдукуловдун үстүнөн сотко кайрылды. Турдукулов муну бийликтин соцтармактардагы эркин пикир алышууга тыюу салууга жасаган аракети деп сыпаттоодо.

Беш миллион сомго бааланган намыс

Эркин Мамбеталиев Турдукуловдун Фейсбуктагы билдирүүлөрү "аброюма шек келтирди" деген негиз менен сотко кайрылып, моралдык зыян катары беш миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу анын адвокаты Элмира Умарова “Азаттыкка” билдирди:

- Биз Мамбеталиевдин абийирин жана ар-намысын коргоп берүүсүн жана моралдык чыгым катары беш миллион сом өндүрүп берүүсүн өтүнүп сотко кайрылдык. Адил Турдукулов Эркин Мамбеталиевди эч негизсиз “киши өлтүргүч”, “президент Атамбаевдин киллери” деп атап, социалдык тармактарга жазууга укугу жок болчу.

Доо арыз ээсинин жактоочусу Турдукуловдун Фейсбук аркылуу Эркин Мамбеталиевди “киллер”, “президент Атамбаевдин жакыны” деп атап, атайын каралоого аракет кылган деп эсептейт. Мындан тышкары Адил Турдукулов тарабынан Фейсбукта “Эркин Мамбеталиев камактан азыркы президент Атамбаевдин, ошол убактагы президент Роза Отунбаеванын жана Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашеванын кийлигишүүсү менен бошотулган” деп жазып, жалган маалыматты коомчулукка таратууга аракет кылган деп билдирүүдө.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Ал эми жарандык активист Адил Турдукулов бул доо арыздын артында Эркин Мамбеталиев эмес, бийликтеги адамдар турат деп эсептейт. Анын айтуусунда, Фейсбукка бул жорумдар бир жыл мурун жазылган:

- Биринчиден, Эркин Мамбеталиевди мен тааныйм, анын деңгээлин да билем. Бир жылдан бери унчукпай келип, эми көңүл бурула баштаганы бийликтин соцтармакты көзөмөлгө алуу аракетин көрсөтүп турат. Бийликтин комплекстүү системалык иши деп эсептейм. Социалдык тармактарды балким Атамбаев өзү окуп баштагандан бери, соцтармактарды тейлөө, аны көзөмөлгө алуу аракети жүрүп жаткандай таасир калтырат.

Деген менен былтыр эле жаңы жылдын алдында Эркин Мамбеталиев ортого жалпы тааныштарын салып, Адилди кепке чакырганы айтылууда. Алардын ортосуна Эркин Мамбеталиевдин күйөө баласы, “Жаңы доор” партиясынын лидери Жамалбек Ырсалиев түшкөн. Бул тууралуу Ырсалиев өзү “Азаттыкка” билдирди:

- “Адил менен сүйлөшүп кой, жөн эле жалган жалаа жаап, жаза бербесин, сүйлөшүп койчу” деп мени жиберген. Ал экөөбүз бир жерде жолугуп, “мындан кийин экинчи жазбайм” деп жигиттик сөзүн берген. Мен аны Эркин байкеге “экинчи жазбайм деп эркекче сөз берди” деп айтып келгем. Бирок ал сөзүнө турбай эле улам эле жаза берди. “Вечерний Бишкекти” алып жатат, тигил-бул деп. Менин өзүмө да далай тийишти, менин үй-бүлөм менен Эркин байкенин үй-бүлөсү тойдо түшкөн сүрөттү чыгарып, “департаментке күйөө баласын кызматка койду” деп жазды. Мен деген ал кызматка “Замандаш” партиясынын шаар кеңештеги квотасы менен баргам. Эми социалдык тармак, эркин пикир алмашуу деп эле, бир адамдын аброюна шек келтирчү маалыматтарды калп-чынды аралаштырып жаза берүүгө болбойт да.

Президентке көлөкө түшүргөн Эркин Мамбеталиев

Президентке көлөкө түшүргөн Эркин Мамбеталиев

“Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы соңку чуулуу окуяларга байланыштуу Эркин Мамбеталиевдин ысымы көп аталып жатат.

Адил Турдукулов өзү да мурда Алмазбек Атамбаевдин командасында жүргөн. 2010-жылдан кийин ал Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинде иштеп жүрүп, кызматтан алынган. Жамалбек Ырсалиев анын Фейсбуктагы жазгандарын Атамбаевге жеке таарынычы деп эсептейт.

Адил Турдукулов булардын баарын четке кагып, “таптакыр жазбайм” деген убада бербегенин айтууда:

- Мен айткам, эгер ал өзү да унчукпаса, мен да жазбайм дегем. Бирок Эркин Мамбеталиев унчукпай калбай, “Эгемен” деген гезитке өзүн мактап, коомдук ишмер катары интервью берген. Мен ошондо Фейсбукка биздин коомдо туура эмес пикир калыптандырып жатат деп жазгам. "Киши кандай гана кылмыш кылбасын, Атамбаев сыяктуу калканың болсо, анда сага баары боло берет” деген баалуулук элге тарашына бөгөт коюлушу керек. Мен бир да сөзүмдөн кайтпайм, аягына чейин позициямда турам.

Тил кесмек жок...

Адил Турдукулов социалдык тармактагы жазганы үчүн сот жоопкерчилигине тартылып жаткан алгачкы жаран эмес. Мурдараак ЖК депутаты Дастан Бекешов дагы бир жарандык активист Мавлян Аскарбековду “Фейсбукта жалган маалымат таратып жатат” деп сотко берген. Бул иш боюнча соттук териштирүү учурда Октябрь райондук сотунда жүрүүдө. Мавлян Аскарбеков мурдараак соцтармакта жазган жоруму үчүн Башкы прокуратурага да чакырылып, сурак берген

Аз күн мурда Фейсбуктагы “Мурч” баракчасына кирип, окуганы үчүн Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиев менен УКМКнын кызматкерлери суроо узатышкан. Ушундан улам коомчулукта бийлик социалдык тармактарды көзөмөлгө алууга аракеттенип жатат деген пикирлер басымдуу.

Эркин журналист Эрнист Кыязов кыргыз бийлиги бул жаатта Орусияны туурап жатат деп эсептейт:

- Орусияда интернетте Владимир Путинди сындады, бийликти сынга алды деп айрым активисттерди соттоп жатканын билебиз. Кыргыз бийлиги да аларды туурап, Кыргызстандагы соцтармактарды катуу көзөмөлгө алууну көздөп тургандай. Бирок биздин эл Акаев, Бакиев, Атамбаев доорунда деле эркин пикир алышуунун даамын татып алды. Ошондуктан, эми минтип кайтарууга мүмкүн эмес. Тескерисинче тыйган сайын күч алат.

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

Фейсбукта "Мурч" шакаба баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери аңгемелешүүгө чакырды.

Эрнис Кыязов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин айрым учурларда такталбаган, сот тарабынан далилденбеген маалыматтарды айтып, коомчулукка жарыялаганын белгилеп, бул жагынан коомго бийлик өзү үлгү болуп берүүдө деген пикирин да кошумчалады:

- Биздин президентибиз деле элдин алдына чыгып сүйлөгөндө сот тарабынан далилденбеген маалыматтарды айтып, айрым адамдардын аброюна, намысына шек келтирген сөздөрдү айтып эле келе жатат. Текебаевди эмне гана деген жок, сот чечими жок "мародер" деди, жаныбарга салыштырды, Өмүрбек Субаналиевди эмне деп атаганы элдин эсинде. Бийлик өзү мына ушундай сөздөрү менен коомго үлгү болуп жатпайбы.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун иши 9-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда каралат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG