Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

"Тарых жана тагдыр" рубрикасынын бүгүнкү коногу академик Жамин Акималиев.

Талантты табият берет, аны эмгек эрезеге жеткирет деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары таланттуу ырчы жана белгилүү окумуштуу, академик Жамин Акималиев табият берген талантын каржалбаган эмгек менен бапестеп, кыргыз маданиятында жана илиминде өзүнө гана таандык ордун ээлеп келатат. Адегенде тез көтөрүлүп, тез таанылган партиялык жана советтик кызматкер катары аты чыкса, кийинчерээк, тагыраак айтканда, 60-жылдары бир катар элге кеңири тарап кеткен обондуу ырлары менен сый-урматка татыды. Ошол эле мезгилде илимий ишке кызыгып, айыл чарба тармагында кандидаттык жана доктордук диссертациясын жактады, акыры академик деген бийик илимий даражага жетти. Ушул тапта Жамин агабыз республиканын Айыл чарба министрлигине караштуу Дыйканчылык илим-изилдөө институтунда жетекчилик кызматта.

Бирок бул жолку сөз академиктин ошол көп кырдуу ишмердиги тууралуу эмес, анын музыкалык чыгармачылыгы, атап айтканда, жарым кылым убакыт өтсө да эч бир эскирбей, унутулбай, дале болсо эл оозунда, музыка дүйнөсүндө жашап келаткан ырлары тууралуу болмокчу.

“Колхоз кечтери”, “Жалжалым”, “Ак кептерим”, “Сен барсың”, “Айта албай турам сөз менен”… Бул ырлар бир нече муундун жүрөгүнөн түнөк тапкан музыкалык чыгармалар го. Маселен, “Колхоз кечтерин” бүтүндөй бир тарыхый доордун, согуштан кийинки бейпил учурдун музыкадагы жөп-жөнөкөй, бирок ушунчалык так жана мукам берилген романтикалык портрети десек жаңылбайбыз. Чоң согуш жеңиш менен аяктап, байманасы ташыган СССРдей улуу державанын бир капталында бейкапар өмүр сүрүп жаткан кыргыз калкынын маанайын, 60-жылдардын унутулгус социалдык-руханий романтизмин бул ырсыз элестетүү эч бир мүмкүн эмес. Мен, маселен, бул ырды В. Соловьев-Седойдун атактуу “Подмосковные вечера” деген ырынын кыргызча аналогу дейт элем.

Жамин Акималиевдин жаш кези

Жамин Акималиевдин жаш кези

Ал эми “Жалжалым”- ошол жылдардагы эң эле кеңири таанылган музыкалык хит. Азыр деле ошондой. Махабат, жалындуу жаштыктын ысык илеби жана жаркын драматизми - бул ырдын негизги мазмуну. Ушул ырга карап Жамин аганын жаштык курагы кандай махабаттуу, ой-сезим жагынан кандай бай жана мазмундуу өткөнүн байкасак болот. “Бул ыр көкүрөктү биротоло ээлеп, жанар тоо болуп жарылып чыккан махабаттын жалынын ыр менен, обон менен жеткирүүнүн аракети эле” деп эскерет автор. “Адегенде көңүл күүсү комуз күүсүнө айланды, андан соң гана ага татыктуу сөз издөө аракети башталды… Ошондо борбордук китепканада, Чернышевкада, обонума татыктуу ыр издеп, менмин деген акындардын китептерин казып чыкканым аликүнчө эсимде. Акыры Аалы Токомбаевдин бир лирикалык ыры көңүлүмө абдан төп келгенсиди. Бирок ырдын атын өзгөртүп, “Жалжалым” деп ат коюп алдым. Баса, “жалжал” деген сөздү лирикада адеп мен колдондум окшойт, себеби башта көп колдонулчу эмес. Ошентип баягы менин ээ-жаа бербеген ички сезимим обон менен гана эмес, сөз менен да так туюнтулуп, соңунда “Жалжалым” деген ырым турмушка келди”.

Ачылган аппак гүл көрсөм,

Окшотуп коем өзүңө.

Жанымдын жарпы өңдөнүп,

Жалжалым, көрүндүң неге көзүмө.

Ала-Тоо башы ала арча,

Ала арча чыгат жанаша,

Алышып ойноп бир жүрсөк,

Жалжалым, алты бир жашар балача.

Күттүрдүң мени гүл бактан,

Күүгүмдө келдим сен үчүн.

Таалайдын таңы өңдөнүп,

Жалжалым, жаралсаң керек мен үчүн ж.б.

Албетте, Жамин Акималиевдин канаттуу ырлары тууралуу көп ойлорду ортого салууга болоор эле, бир бир нерсени баса белгилеп кетишибиз керек - “Колхоз кечтери” да, “Жалжалым” да, “Ак кептерим” да элдик мелостун, комуз менен ырдоонун эң мыкты салттарын чагылдырган ырлар. Ырчынын көпчүлүк обондору оор басырыктуу, жаркын меланхолиялуу лирикалык чыгармалар. Коңур үн, терип чертилген комуз менен коштолгон “Ак кептерим” менен “Айталбай турам сөз менен” (К. Досмамбетованын бир ырына музыкалык парафраза) сыяктуу ырлар азыр да обондогу философия сыяктуу туюлат. Ушул жагынан алып караганда Жамин Акималиев 60-70-жылдардагы маданий доордун -- “күмүш доордун” типтүү өкүлү десек туура болот. Ал доор - биздин улуттук маданияттагы өтө маанилүү доор. Ал доор илимде да, билимде да, маданиятта да эч качан унутулгус изин калтырды. Маселен, адабиятта Айтматов, Эралиев, Касымбеков, Султанов, Сарногоев сыяктуу залкарлар чыкса, музыкада Молдобасанов, Жумакматов, Абдраев, Эрматовдор чыкты. Ошол доордо Айталиев, Шералиев, Абдыкадыров­, Досмамбетова, Атабаевдер элдин терең катмарына сиңди. Ошол атактуу ысымдардын арасында, албетте, Жамин Акималиев да татыктуу орунду ээлейт.

Жамин Акималиев комузчулар ансамбли менен Москвадагы чоң театрдын сахнасында, 1956-жыл

Жамин Акималиев комузчулар ансамбли менен Москвадагы чоң театрдын сахнасында, 1956-жыл

“Менин аң-сезимдүү турмушумдагы эң эле күчтүү элес жана таасир - Муса Баетовду 12 жашымда көргөнүм болду го. Ырчынын кыштын кыраан чилдесинде менин атамдын, ал кезде айыл кеңешинин төрагасынын чакыруусу менен туулуп-өскөн Байгөнчөккө эмес, биздин айыл Үгүткө келип ырдаганы эч качан эстен кетпейт” деп эскерет Жамин ага. Атактуу “Даанышмандын” авторунун Ак-Талаада жаңырган керемет үнү, кыштын чилдесинде берген концерти кичинекей Жаминдин музыкага болгон өчпөс сүйүүсүн ойготкон окшойт. Өмүрүндө биринчи жана акыркы жолу көргөн ошол булбул Мусанын ырдаганы анын жан дүйнөсүн астын-үстүн кылган сыяктанат. Ошентип комуз үйрөнүп, кийинчерээк күү чертип, ыр ырдайт. Бара-бара 60-жылдардагы бир катар музыкалык хиттерди элди тамшандырып аткарууга жетишет.

Жамин аганын турмуш жолу, айрыкча каны-жаны менен бирге бүткөн музыкага эмес, партиялык кызматка кеткени, ырчылыктын эмес, илимдин чыйырына түшкөнү өзүнчө кызык сөз. “Эмне үчүн музыкант же акын болбой, илимдин жолу менен кеттиңиз?” деген суроого окумуштуу бүт баары кокусунан болгонун кеп кылат. Орто мектепти ийгиликтүү аяктап, эми ырчылык өнөрдү аркаласам деп кыялы алып-учуп турган кезде атасы артисттик жолду тандаганга макулдук бербегенин айтат. Сыягы, мезгилинен эрте (49 жаш курагында) каза болгон ырчы досу Муса Баетовдун ачуу тагдыры, ысык-суукка карабай эл алдында концерт берем деп жүрүп катуу ооруга чалдыкканы, деле ачуу-таттуусу аралаш жүргөн артисттин турмушу атасын терең ойго салганбы, айтор, “Жалжалымдын” болочок автору музыкалык окуу жайга эмес, тагдырдын буйругу менен айыл чарба институтуна окууга өтөт. Ошентип профессионал музыкант эмес, профессионал аграрий, окумуштуу, академик болот.

Бирок музыкалык чыгармачылыкта кеп санда эмес, сапатта турбайбы. Ага мисал ошол эле Муса Баетов, Атай Огомбаев, Бектемир Эгинчиев, Канымгүл Досмамбетова, Экия Муканбетов, Жеңишбек Шамшиев жана башкалар го. “Колхоз кечтери”, “Жалжалым”, “Ак кептерим”, “Айта албай турам сөз менен”, “Сен барсың” дагы канча муундун купулуна толуп, дагы канча муундун эстетикалык моокумун кандырат - муну элестетүү кыйын. Бул ырлардын кооз мотивдери симфониялык чыгармалардан тартып ар кандай эстрадалык аранжировкаларга чейин терең сиңип кетти. Айтор, муундар алмашып, заман өзгөрөт экен, бийлик алмашат экен, бирок жакшы чыгарма, таланттуу ыр, терең музыка ар дайым жаш бойдон, күлгүн бойдон кала берет тура.

Анда эмесе сизге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик, урматтуу Жамин ага!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG