Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Сирияда мектепке ташталган бомбадан 20дай окуучу мерт кетти


Хастагы аба соккулар мектепке урулду.
Хастагы аба соккулар мектепке урулду.

Сириянын түндүк-батышындагы Хас айылына 27-октябрда урулган аба соккулардан 26 адам, негизинен балдар мерт кетти. 50 дөй киши жарадар болду.

Куткаруучулар билдиргендей, чабуулдар калк жыш жайгашкан районго жана ал жактагы мектепке жасалган. Сириянын мамлекеттик телеканалы аба соккуларды өкмөттүк күчтөр Хасдагы согушкерлердин болжолдуу уюктарына туштап урганын билдирди.

Улуттар уюмунун Балдар кору-ЮНИСЕФтин башчысы Энтони Лейк эгер аба чабуулдар атайлап жасалса, ал аскерий кылмыш болорун айтты.

Хас байистүү оппозициялык күтөрдүн карамагындагы Идлиб провинциясында жайгашкан. Соңку маалыматтарга караганда, набыт болгондордун 20 чактысы мектеп окуучулары.

XS
SM
MD
LG