Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

ABBA тобу кайрадан толук курамда сахнага чыгат


Легендарлуу ABBA тобу, 1976-жыл.
Легендарлуу ABBA тобу, 1976-жыл.

Легендарлуу швециялык ABBA тобу кайрадан сахнага толук курам менен чыгат. Бул тууралуу 26-октябрда белгилүү болду. Агнета Фельтског, Бьорн Ульвеус, Бенни Андерссон жана Анни-Фрид Лингстад жаңы санариптүү, заманбап шоу үчүн биригишет.

Жаңы долбоордун продюсери Spice Girls тобу жана ырчы Эми Уайнхаус менен иштешип келген Саймон Фуллер. Анын айтымында, шоудо буга чейин болуп көрбөгөн эффекттер колдонулат.

ABBA 1970-жылдардын башында популярдуу болуп, 10 жылдан кийин топтун курамы чачырап кеткен. Алардын "Жаңы жыл" сыяктуу бир нече ырлары дүйнөлүк хитке айланган.

Жаңы шоу тууралуу кеңири маалымат жакында чыгат. Ал эми долбоор 2018-жылы гана ишке ашары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG