Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Атамдын атын койдум, неберемдикин кайда койсом?


Кара-Суунун Жаңы-Чек айылында өзбек улутундагылар жашаган көчөгө былтыр июнда каза тапкан Калыбек Макеевдин ысымын беришти. Коогалуу күндөрү эки элди жараштырып жүрүп, ал ушул жерде киши колдуу болгон эле.
Кара-Суунун Жаңы-Чек айылында өзбек улутундагылар жашаган көчөгө былтыр июнда каза тапкан Калыбек Макеевдин ысымын беришти. Коогалуу күндөрү эки элди жараштырып жүрүп, ал ушул жерде киши колдуу болгон эле.

“Арай көз чарай” талкуусу “айыл, шаар, көчө жана башка жайларга сөзсүз адамдын ысымын ыйгаруу керекпи” деген темага арналды.

Талкууга Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттигинин уюштуруу укуктук башкармалыгынын башчысы Аалы Жумагулов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аалы Молдоканов катышты.

“Азаттык”: Элге эмгеги сиңген тигил, же бул инсандын ысымдарын сөзсүз түрдө айылга, көчөгө, аймакка жана башка жайларга коюш керек деген түшүнүк кадимкидей тамырлап баратат. Азыр адамдын тууганынын, атасынын, же аты белгилүү адамынын атын койдурам деп чуркап жүргөндөрдү ар бирибиз жолуктурабыз. Ушул инсандардын ысымдары кандай эрежелерге ылайык ыйгарылыш керек?

Аалы Жумагулов: Азыркы учурда өкмөтүбүз болуп аткан процессти эске алуу менен мыйзам чегинде тартипке келтирүү боюнча аракеттерди көргөн. “Географиялык аталыштар жөнүндө” деген мыйзам бар. Ошол мыйзамдын 6-беренесинде “республикада жеке адамдардын атын административдик-аймактык бирдиктерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга, шаарларга, айыл-кыштактарга коюуга болбойт” деп тыюу салынган.

Андан сырткары башка объектилерге, көчөлөргө, аянттарга, парктарга ысым ыйгаруу маселеси болуп атат. Мыйзам чегинде бүгүнкү күндөгү тыюу жанагыдай гана тартипте. Калгандарына жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен коюу улантылып келе жатат.
Шаардын атын кайра өзгөртөбүз дегенде 100 пайыз эл колдоп, шаардын калкы тик турган жок да. Бир ууч адам чогула калып, саясатка айлантып, өзүлөрүнүн имиджин көтөрүп аткандар бар.

“Азаттык”: Көчөлөргө, парктарга, мектептерге ж.б. жайларга, айылдарга, айыл өкмөттөрүнө, шаарларга адамдардын аттарын ыйгарууга мыйзам тыюу салат. Бирок ошол эле мезгилде мен байкап, иликтегенде айыл өкмөттөр да, айылдар да бар экен. Мисалы, Жаркынбаев айыл өкмөтү, Арстанбек Дүйшеев атындагы айыл өкмөтү деген сыяктуулар. Бул мыйзамдын иштебей жаткандыгыбы, же мыйзамга караганда кыргызчылыктын мыйзамдары бийик туруп атат дегенди түшүндүрөбү?

Аалы Жумагулов: Мыйзамдар кабыл алынгандан кийин бизде өкмөттүн астында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, ошол комиссия жактыргандан кийин гана сунушталат. Бул болсо мыйзамдар кабыл алынганга чейин коюлуп кеткендер. Кийинки убактарда ысымдар коюлган факты жок.

“Азаттык”: Азыр кафелерге, ресторандарга, ал эмес арак саткан дүкөндөргө небересинин, жалгыз баласынын атын койгон учурлар бар. Бул эмнени түшүндүрөт?

Аалы Молдоканов: 6-беренеде "кыштактарга, шаарларга, административдик-аймактык бирдиктерге, чоңурак географиялык объектилерге адам аттары коюлбайт" деген бар.

Бул кыргыз элинде, мыйзамда, илимде жок салт бизге качан келип калды? Бул жаман салт 150 жыл мурда келген. Биз Орусия империясына баш ийип бергенден кийин, алар баскынчылык саясатын жүргүзгөндөн кийин айыл, кыштактардын баарына орусча аттар коюлуп кеткен. Ага чейин бир дагы жерге жада калса Манас деген ат коюлган эмес. Кыргыздын баатыр, мыкты кишилери көп эле чыккан.
Элдин үрп-адатын, салтын, тарыхый баалуулугун көздөп атканы чынбы, же өзүнүн кызыкчылыгы барбы? Кээде өзүнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн топтор жеңип кетип атпайбы.

“Азаттык”: Депутаттар тыя албайт деп атасыз. Бирок ошол эле мезгилде мыйзам иштеш керек да, мыйзамды депутаттар чыгарыш керек. Бүгүнкү күндө иретке келтирүү зарылдыр?

Аалы Молдоканов: Келтирүүнүн жолу бар. Мыйзам жол берип атпайбы, биз азыр жеке менчиктин, капитализмдин заманында жашап атабыз. Андыктан бардыгы менчикке баш ийет.

“Азаттык”: Бул соодакерчиликке, коррупцияга айланып баратабы? Буга бөгөт коюунун кандай жолдору бар?

Аалы Жумагулов: Кийинки убактарда айыл-кыштактардын ичинде көчөлөргө, майда объектилердин баарына сый көрсөтүү жолу менен аттар коюлуп кеткен фактылар көп эле болгон. Жанагы жобо чоң объектилерге мындан ары адамдын атын коюуга тыюу салбасак болбойт экен, антпесек баары катары менен коюлуп кете берет деп ушул кемчиликти четтетүү багытында каралган.

Кафелерге, майда дүкөндөргө жана башка социалдык объектилерге коюлуп атат деп айтып атпайбызбы. Проблеманы экиге бөлүп караш керек. Мисалы, бир объект жеке менчик, экинчи объект жалпы коомдук пайдаланууда. Парктарга, аянттарга, көчөлөргө ат коюуда дыкаттык менен мамиле жасаш керек.

Аты коюлган адам чын эле татыктуу, эмгеги сиңген болсо эл туура кабыл алат. Анан кафе, ресторандар жеке менчик, аны кантип атайт – ар кимдин өзүнүн укугу. Мыйзам чегинде тыюу салууга эч кимдин укугу жок. Анткени өз менчигине кандай жарнакты илик коет – ал ар кимдин өзүнүн иши.

“Азаттык”: Кээ бир учурда бир эле айылдан бир киши эмес, бир канча аттуу-баштуу бир нече киши чыгышы мүмкүн. Андай учурда уруулардын ортосунда каршылашууну жараткан учурлар да пайда болуп жатат. Бул маселени кантип чечиш керек?
Бул кыргыз элинде, мыйзамда, илимде жок салт бизге качан келип калды? Бул жаман салт 150 жыл мурда келген.

Аалы Молдоканов: Ал жерде элге, көпчүлүккө добушка салыш керек. Мисалы, Таластын башындагы бир мектепке татыктуу 2-3 кишинин атын коюш керек болгон, басма сөздө да чоң талаштар жүргөн. Добушка салган учурда “ошол мектепти салып, эмгегин сиңирип, ошол жерге бардык жайларды ачып, уюштурган кишинин атын койолу” деп көпчүлүк ылайык көрүп, ошол кишинин аты коюлду. Ошондой туура чече турган жолдору бар. Бизде күчкө салмай, башка жолдор менен адам тааныбаган татыксыз бирөөлөрдүн аттары коюлуп калган учур албетте нааразылыкты чыгарып атат.

Аалы Жумагулов: “Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндөгү” мыйзамда жазылган, эгерде бир нерсенин атын өзгөртүү, же аттарды коюу мезгилинде биринчи иретте жамааттын пикирин угат, анан жергиликтүү кеңеш карайт. Анын сунушу районго, райондон облуска келип, комиссияга түшүп, бул жерден карашат. Бул жерде өзүнчө жүрүп аткан процесс деп айтууга болбойт. Анын бүт механизмдери иштелип чыгып, эң биринчи пикир, сунуш элдин өзүнөн түшүш керек. Бардык болуп аткан нерселерге түз баа бериле турган болсо, биз айтып аткан кемчиликтердин көбү болмок эмес. Аны өкмөт карап чыгып, бүт тартипке келтирген.

“Азаттык”: Биз соодагерчиликке өтүп, коррупциялашып кетти деп айтып атабыз. Балким ошону экономикалык нукка буруу зарыл болуп жүрбөсүн? Менин укканыма караганда, Жогорку Кеңеш бүгүн автоунаасы барлар төрт окшош номур алам дегендерге 70 миң сом төлөп, ошол номурду сатып алуу жөнүндө токтом кабыл алышыптыр. Балким көчөнү, же айылды гүлдөтөм, милдетин алам деп кандайдыр бир кепилдик бергендерге уруксат берүү зарыл болуп жүрбөсүн?

Аалы Молдоканов: Мектепке бир адамдын атын койгубуз келип калды, эгерде ал кишинин эмгеги сиңген болсо, экинчи экономикалык жагы, ошону койдуруп аткан баласы өзүнүн каражатына жаңы мектеп салып берсе, “атам ушул айылда жашады эле, атын койолу, кандай дейсиңер” десе, бир аз жүйөлүү болот эле. Же болбосо көчөнү асфальттатып, суу киргизип берип, ушул көчөгө кийин көзүм өтүп кетсе атымды коюп койгулачы деп керез калтырып кетсе, биз аз ылайыгы келет эле.
Адамдын эмгегин акча менен баалоо эч убакта мүмкүн эмес. Анын атын коюш үчүн тарыхый инсан өзүнүн элине эмгегин сиңирип кетиш керек.

Акчалуулар, мансаптуулар биринен бири сатып ала баштайт, кимиси көбүрөк акча берсе ошол жерди атайбыз дейт. Атын калтыра турган татыктуу адамдар бар. Балээнин баары кымындай эмгеги сиңбеген, эч ким билбеген бирөөнү койдура коюп, эл ошону жерип атат да. Мунун салты бузулуп калды. Бул жерде илим жагын карап, комиссия түзүп, ошолордун сунушуна ылайыктаса бузуп албайт элек.

“Азаттык”: Экономикалык кызыкчылыктарга буруу зарылдыгы жөнүндө пикирлер дал ушул өкмөт тарабынан, же өкмөткө ыктаган саясатчылар тарабынан кандайдыр бир демилгелер көтөрүлө баштады. Ушул канчалык жөндүү болот?

Аалы Жумагулов: Менин оюмча эч кандай жөнү жок. Анткени адамдын эмгегин акча менен баалоо эч убакта мүмкүн эмес. Анын атын коюш үчүн тарыхый инсан өзүнүн элине эмгегин сиңирип кетиш керек. Айрымдардын артынан туягы калбайт. Кийин акчасын төлөп берип, жолун салуучу киши жок болсо, анын аты коюлбай калыш керекпи?

“Азаттык”: Мисалы, Дүйшөн сыяктуу мугалим, ал жалаң мугалимдик менен шугулданган, байлык топтогон эмес, анын бала-бакырасы да акчасы жок, бирок рухий баалуулуктарды сактап келаткан адам. Анын жанында айылдашы акчалуу адам, балким аким болуп иштеди, атасынын көзү өтүп кетти. Ошол колунда бар бизнесмен акча берип, айыл өкмөтүн сатып алып коюуда. Дүйшөн сыяктуу эмгеги сиңирген, рухий дөөлөттү сактап жүргөн адам калып атат. Азыр деле ушул сакталып атат. Ушундай жагдайдан кантип чыгабыз, элдин табитин кантип тарбиялайбыз, элдин демилгесин кантип өркүндөтө алабыз, кантип туруштук бере алат ушундай акчага?

Аалы Жумагулов: Кээде элдин атына жамынып алып, демилгелүү топтор түзүлүп атат, "элдин атынан сүйлөп атабыз" дейт. Шаардын атын кайра өзгөртөбүз дегенде 100 пайыз эл колдоп, шаардын калкы тик турган жок да. Бир ууч адам чогула калып, саясатка айлантып, өзүлөрүнүн имиджин көтөрүп аткандар бар. Эл ушуну ажыратып караса.

Элдин үрп-адатын, салтын, тарыхый баалуулугун көздөп атканы чынбы, же өзүнүн кызыкчылыгы барбы? Кээде өзүнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн топтор жеңип кетип атпайбы.

“Азаттык”: Талкууга даярданып атып мыйзамчылар менен сүйлөшсөм, алар ысымдарга байланышкан маселени административдик реформа аркылуу жөнгө салса болот деген ишенимде болуп атышат. Чын эле административдик реформаны жөнгө салуу аркылуу ысымдарды ыйгаруу балким ошол аймактын гүлдөп, өнүгүшү үчүн бирдей мааниге ээ түшүнүк катары калыптанып, тигил, же бул адамдын ысымын ыйгарууну каалаган жарандарыбыз атын түбөлүк калтыруу менен бирге жоопкерчиликти да мойнуна алаар деген ишеним бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG