Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Ак-Сайдагы малчыларга жардам жетти


Калың түшкөн кардын айынан Ат-Башы районунун Ак-Сай кыштоосунда бир айдан ашык убакыттан бери кабарсыз калган малчылар башына түшкөн түйшүктү убактылуу кыйынчылык катары баалашат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов башында турган топ 47 үй-бүлөдөн турган малчылардан кабар алып, гуманитардык жардам жеткирип барышты.

Жол азабы

Калың карда оңой жүрө турган МТЛБ аскердик техникасы менен бийлик өкүлдөрү баштаган топ, чек арачылар болуп Ак-Сайга бардык. Жолдон кыштоодо ооруган киши бар деп, үч күн мурда жолго чыккан Ат-Башы райондук медицина борборунун жетекчиси Нурдин Аалиевге кезиктик. Ал жол азабы тууралуу буларды айтты:

- Үч күндүн ичинде араң 175 чакырым жүрдүк, дагы жетимиштей чакырым жол калды. Биздин УАЗ машинебиз кардан таптакыр эле жүрө албай калды. Анан кеңешип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары андан ары кетишти. Кечке чейин алар ооруган адамдарды бул жерге алып келсе, ушул жерден салып райондук ооруканага кетели деп турабыз.

Жол азабын тартып бараткан дагы бир малчы Камбарбек Аттокуров:

- Ак-Сайдын Сары-Иймек деген кыштоосунда койдон кутурма чыкты деп айтып жатышат. Азыр мал догдурларды алып ошол жерге баратам. Ал жерде менин малчым бар. Алар менен беш күн мурда байланышкам. Мал кырылып жатканын айткан.

Барга топук кылган малчылар

Ошентип жөө баскан кишиден бир аз ылдамыраак жүргөн МТЛБ техникасы менен "Торугарт" бажы өткөрүү бекетинен 80 чакырым алыстыкта жайгашкан Ак-Сайдын Терек кыштоосуна 12 саат дегенде араң жеттик.

Кыштоого барган жолду Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кар жирегичи эптеп жол ачыптыр. Бирок малчылар жакадан келген чөптү жолдун жээгине эле түшүрүп, малын ошол жерге алып келип чөп берип жатышкан экен.

Жакынкы малчынын үйүнө барып, турмушунан кабар алдык. Үйдө койчунун аялы Жээнбүбү Жолдошбек кызы өзү эле экен:

- Былтыр кыш жеңил болгон. Быйыл аябай оор болуп, жут болуп жатат. Биздин бул жерге келгенибизге бир жарым жыл болду. Үйдө жолдошум экөөбүз эле жашайбыз. Балалуу боло элекпиз. Жолдошум малга кеткенде коркпойм. Бир аз кыйналып жатканыбыз эле болбосо, жашоо сонун эле...

Жээнбүбү сыяктуу кыштоодо күн кечирип жаткан малчынын аялдары жашоосуна даттанышпайт. Керек болсо алар эс алууну мындай кой, бет май, упа өңдүү аялзатына тийиштүү буюмдардан кабары да жок. Алар мындай турмушуна топук кылышат. Жээнбүбүнү үч күндөн бери ичи ооруп, кыйналып жаткан жолдошун ооруканага жеткирүү маселеси гана кыжалат кылып жаткан экен.

Дегеле бул жердеги малчылардан жашоосуна болгон нааразылыкты уккан жокпуз. Дагы бир малчы Эсенбек Өмүргазиев мындай дейт:

- Бул биздин ата-бабабыздан калган жер. Ошондуктан жерди ээн калтырбай малыбыз менен кыштап, жердейли деген ой менен жүрөбүз да. Кыштообуз чек арада болгондуктан жоокерлерден кийин эле жерди биз кайтарабыз. Анан биз айылга жакын жерге туруп алсак болбойт да.

Малчылардын абалынан кабар алуу үчүн өзгөчө кылдаалдар министри Кубатбек Боронов да келди. Ал малчылар үчүн артта келаткан гуманитардык жардам тууралуу буларды айтты:

- Малчыларга жардам катары жылуу төшөнчүлөр жана азык-түлүктөрдү алып келдик. Анын ичинде 4000 конверваланган азык жана күнүмдүк керектелүүчү тамактар бар.

Мындан бир апта мурда калың жааган кардар улам өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Ал жол тазаланып, малчылардын көйгөйү чечилмейинче өзгөчө кырдаал алынбастыгын айтты:

- Азыр техника, күйүүчү майдан маселе жок. Аба ырайы гана тоскоол болуп жатат. Улам тазалаган жолго кайра эле кар толуп калууда. Биз колдон келген аракетибизди жасадык.

Бүгүн куткаруучулар Торугарт тозотуна багыт алып, Торугарт - Көк-Кыя - Кында жолундагы Жаңы-Культцентр аймагынан өткөнү белгилүү болду. Куткаруучулар бул аралыкта үч кишиге жардам берип, кыштоодон райондук ооруканага жеткиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG