Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Нарын облусун теле-радио жана телефондук байланыш менен камсыз кылган “Ала-Мышык” станциясына быйыл 50 жыл болот. Ретрансляциялык телекөрсөтүү станциясы деңиз деңгээлинен 3050 метр бийик Ала-Мышык тоо чокусунда жайгашкан.

Кеп башында айта кетели: станция стратегиялык мааниге ээ болгондуктан, ал жерге ар ким эле бара бербейт экен. Уруксат алуу үчүн бардык талаптарды аткаруу керек.

Уруксат алып, тоого жөнөдүм. Буга чейин аталган станция жөнүндө теле, радио, гезиттерге дээрлик чыкпагандыктан, кызматкерлери “калкка маалымат таратуучу биз болсок, эмгегибиз көлөкөдө калат” деп, тамаша-чын аралаш таарынычтарын айтып алышты.

Станцияга барчу жолду жол деп деле атоого болбойт. Совет мезгилинде салынып, андан бери бир да жолу оңдолгон эмес. Азыр араң бир унаа баткан, бурулуштары чукул, өңгүл-дөңгүл жол. Мындай жолдо УАЗ же "Нива" сыяктуу унаалар гана жүрө алат.

Станциянын айдоочусу Замир Жапачеков жолдон да өзүнүн УАЗынын эскилиги жеткенин, далай ирет бузулуп жолдо калып, кыш чилдесинде жүрөгүн оозуна тиштеп, кудайлап тоого чыкканын кеп салып баратты.

- Жолду көрүп жатпайсыңбы, ушундай жолдо жүрмөй. Жайкысын эч нерсе эмес, кышкысын тайгаланып жатып 3 саттан ашык жол жүрөсүң. Техника эски, булар Союздан калган, андан бери канча өттү... Эптеп майлап, оңдоп-түзөп эле жүрөбүз.

Мекемеге тиешелүү эки техника бар, бири биз түшүп бараткан УАЗ, экинчиси - кышкысын жүрүүчү трактор. Чын эле УАЗдын эскилиги жеткени ичине түшкөн кишиге даана байкалат. Калдырап, чоңураак ташты сүзсө, чачырап кетчүдөй сезилет. Деген менен, далай ирет бул жолду калдыраган унаасы менен басып өткөн айдоочу карагай чердин арасында жайгашкан станцияга эки саатта жеткирди.

Көз жоосун алган жаратылыш, 3 миң метр бийиктиктен Нарын шаары алаканга салгандай көрүнөт. Асман тиреген тик антенналар. Чакан заводдой жерди ээлеген аянтта "Ала-Мышык" станциясында 35 күндөн нөөмөттөшүп бештен адам иштейт. Биз барган маалда нөөмөт башчы Кубатаалы Бостоналиев толкун таратуучу техникаларды текшерип жаткан экен.

- Булар дайыма көзөмөлдө турат. Ар бир каналдын техникасын көзөмөлдөп турабыз. Биз бул жактан карап, эгер бир нерсе болсо, ошол заматта Нарынга, Бишкекке, Балыкчыга билдиребиз. Буларды үзкүлтүксүз карап туруш керек.

Учурда "Ала-Мышык" он телеканалды, тогуз радиону, беш телефон байланыш түйүнүн жана Нарын шаарынын үстүнөн учуучу аба каттамдарынын үн толкундарын жеткирип турат. Бардык толкун таратуучу аппараттар турган негизги бөлмөнү станциянын жүрөгү десек болот. Нөөмөт башчы Бостоналиев өзгөчө көзөмөлдө турган техникалардын иштөө тартиби менен тааныштырды:

- Бул бөлмөнү УКГ зал деп коёбуз. Бардык теле-радио байланыш ушул жактан берилет. Бул передатчиктер, каналдар кетчү техникалар. Азыр жакшы передатчиктер иштеп жатат. Булар болсо көрсөтүп туруучу приборлор. Биз ары-бери басып карап турабыз. Режим кичине эле бузулса, дароо оңдош керек.

Станция 1964-жылы түзүлгөн. Алгач станцияны Вил Тюребаев деген адам баштаган топ ачкан. Кийин Тюребаев 1975-1991-жылдары байланыш министри болуп иштеген. Азыр станцияга анын аты берилген. Ошол кездеги техниканын дээрлик бардыгынын эскилиги жеткен. Адистер колдогу техниканы жамап-жаскап, үзгүлтүксүз иштетип жатабыз деп кошумчалады Бостоналиев:

- Бузулса өзүбүз оңдойбуз. Тетиктер такыр эле келбей калган. Эскиден кураштырып, эптеп оңдоп келатабыз. Айтор азырынча колдон келишинче эч үзгүлтүксүз иштетип жатабыз деп ойлойм. Бирок баары эскирди.

Кээде аба ырайына жараша антенна да бузулат. 60 метр бийик антеннага дасыккан адистер гана чыгат дейт "Ала-Мышык" станциясынын жетекчиси Садырбек Мамбетакунов:

- Жайы-кышы ар кандай аба ырайы болот. Техника бузулат да, ар кайсы жерден жарака пайда болуп суу кирет, кышында тоңот. Анан ошол жери иштен чыгат. Оңдош керек болгондо балдар чыгат, антенна бийиктеген сайын шамал катуу согот, анан улам алмашып, иштеп жатып оңдоп алабыз.

Совет убагында станцияда көбүнчө орус тектүү адистер иштеген экен. Азыр жалаң кыргыздар. Нарын боюнча жалпы 46 адам иштесе, алар беш станцияга бөлүнүп, 35 күндөн нөөмөт менен иштешет. Ашпозчу, кир жуугуч жок болгондуктан, бардыгын өздөрү жасайт.

24 жаштагы Чыңгыз Абыкеевдин иштегенине бир жылдан ашып калды, бул жактан мурда жасабаган аял жумуштарынын баарын үйрөнүп, керек болсо ден соолук текшерген аспаптарды өздөштүрө баштаган экен.

- Беш күндө бирден күзөтчү болобуз. Нөөмөткө беш киши келебиз. Нөөмөтчүнүн милдети - саат беште туруп, бардык аппаратты жандырып, чай даярдап, төртөө турганча баарын даярдап коюш керек. Бүгүн пелмен жасадым, ар кандай тамак жасайбыз: эт салабыз, манты, пелмен түйөбүз. Бул жактан тамакты аялдардан жакшы жасап жейбиз. Анан дары-дармек, кан басым ченегич алып келип, ченеп турабыз. Өзүбүз доктур, өзүбүз ашпозчубуз.

Бийик болгондуктан, кычкылтек суюк келет эмеспи. "Бул жагдай саламаттыкка терс таасирин тийгизет", – дейт дагы бир кызматкери Амандык Мусабеков. Айрым шашылыш, машине тоого чыга албай калган учурларда шаарга жөө түшүп, тетик алып келген күндөр болот.

- Биздин передатчиктер бузулса, уктамай жок. Аларды күнбү-түнбү иштетмейин жан тынбайт. Кээде жөө түшкөн күндөр болот, трактор жүрбөй калат, карга тыгылат, анан жөө жөнөйсүң. Он сааттап жол жүргөн түндөр болот.

Айтор, абдан оор шартта иштешсе да, ишине эч ким нааразы эмес. Бүтүндөй облусту теле-радио, байланыш менен камсыз кылуу миссиясын өтөп жаткандарына ыраазы. Айлык маянасы орто эсеп менен 8000-15000 сомго чейин. Бильярд, мончо салып, шарттарды түзүп алышкан. Ичүүчү сууну он күндө бирден, бир тоннадан ташып келишет. Ал эми мончо үчүн жаандын суусун алгыдай техника жасап коюшуптур.

Нарын жергесинде жалпысынан 4 чакан станция жана негизги "Ала-Мышык" ретрансляциялык телекөрсөтүү станциясы бар. Узундугу 32 км түзгөн бул тоо кыркаларында илгери жолборс, илбирс сыяктуу жаныбарлар көп болгон деген уламыш айтылат. Ошондуктан Ала-Мышык аталып калган дешет. Мен го "Ала-Мышыкка" жайкысын чыгып келдим. Кышында кантип барып келишет – элестеткенден эсим чыгат.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG