Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Нарындан жыпар жыттуу шам чыгат


Нарындан чыккан шамдар.
Нарындан чыккан шамдар.

2006-жылдан бери Нарын шаарында “Шофар груп” аттуу жоопкерчилиги чектелген уюм шам чыгарып келет. Бул идея 2005-жылы Британиядан Нарынга келген Крис Биндерге таандык.

Нарынга келгенде өндүрүш ишканалары болбогондуктан Крис Биндер жөнөкөй шам чыгаруучу ишкана түзүүнү чечкен экен:

- Мен эгерде Нарында кичинекей өндүрүш болсо жакшы болмоктугун ойлодум. Анткени Нарында дээрлик өндүрүш жок. Ошон үчүн жыпар жыттуу шам чыгарууну чечтик. Беш жыл мурун ишти баштадык. Азырынча бул жакта сегиз киши иштейт.

Шам жасаар алдында...
Сегиз киши иштеген чакан ишкана жергиликтүү бюджетке жылына жарым миллиондой сом төгөөрүн айтат жетекчи:

“Салык, кирише салыгын, андан сырткары Соцфондго төлөйбүз”.

Ишкана ачылгандан бери шамдарды жергиликтүү базарларга гана чыгарып келген. Эки жылдан бери чет өлкөлөргө да сата башташты.

“Ошол себептен туристтерге жана эл аралык деңгээлге ылайыктап шамдардын көлөмдөрүн түрлөйбүз” дейт ишкананын менеджери Бакыт Токтотемиров:

- Ар кандай дизайндар бар. Анткени Кыргызстан туристтерге ыңгайлуу жерде жайгашкан өлкө, ошон үчүн биз боз үй формасындагы шамдарды чыгарганбыз. Туристтерге арналган жыпар жыттуу шамдар бар. Муну көбүнчө ресторан, кафелер алат, же жөн эле үйдө колдонсо болот. Жөнөкөй шамдар да бар, кичинекей, алардын жыты жок.

Учурда ишкана жумушун эмне себептер токтотуп турганын менеджер мындайча түшүндүрдү:

- Бирден-бир себеби азыр талап азыраак болуп атат. Кытайдан келген шамдар бизге атаандаш болууда. Экинчиден, жумушчуларыбыз эс алууда. Ошон үчүн азырынча токтоп турабыз.

Ишканадан чыккан шамдарды чет өлкөгө интернет аркылуу да сатышат. Мындан сырткары Нарын шаарындагы дүкөндөргө шамдарды жарнамалап турган атайын соода агенти болуп иштеген Тилек Иманбердиев кардарлар ар кандай кабыл алышат дейт:

- Кээ бирөө бар, “ой, булар Нарындан чыккан, булардыкы зыяндуу” деп түшүнбөйт. Мен деле жыпар жыты менен кызыл, сары, жашыл, көк өңү барларды колдонуп атам. Аябай жакшы. Нарындан чыккан деп кээ бирөө аябай жакшы кабыл алышат, “Нарындан да ушундай чыгат бекен” деп таң калышат.

Учурда аталган ишкана улуттук колоритти карманып, боз үй формасында жана оймо-чиймелерди салып кооздоп чыгарган шамдары дүйнөлүк рынокто өз ордун табат деген ишеничте туралы.

XS
SM
MD
LG