Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Чоң искусство менен анда-санда гана аралашкан нарындыктар ар улуттан куралган эл аралык көчмө циркин кызуу тосуп алышты.

Кадыресе клоундарындан тарта аба гимнастикасы, бразилия бийи, ат жалындагы трюктар жана башка жанрлар боюнча оюндарга тоолуктар жакшы эле марышты. Айрыкча кичкентайлардын кубанычы койнуна батпай турду.

Элина: Мен биринчи жолу ушул циркке келип атам. Клоундар аябай күлдүрүштү. Бразилия бийчилери жакшы бийлешти. Кызыктуу болду.

Кутманай: Мага цирктен обуруч айланткан кыз абдан жакты. Аябай жакшы айлантат экен. Кытай жакты, сонун экен. Аттары жакты, жакшы үйрөтүлүптүр. Мен да ошондой кылсам деп ойлондум.

Эл аралык цирктин өнөрпоздоруна орто муундун өкүлдөрү да толо келген эле, алардын бири Бурул айым:

- Мына Нарынга такай концерттер келип эле, алар жаштардыкы болчу. Бизге жаш балдарга ылайыктуу жок болчу. Нарынга биринчи ушундай келип, балдарга абдан жакшы болду да. Балдарыма жакты, көңүлдөрү ачылып калды.

RRULA көчмө циркинин жетекчиси Раишбек Камбаров жергиликтүүлөр кучагын жайып тосуп алганын айтууда:

- Ушуга кубанычтамын. Шаар башчылары эл үчүн иштеп атканына эми ишенем. Негизи бизде “биринчи ижара акыны төлө, тигини төлө, андан кийин кел” деп айтат да, башкача айтканда алдын ала төлө дейт. Булар тескерисинче жерин берип “элге иштеп кет, элди сүйүнтүп кет” деген адамдар экен, ошого мен абдан кубанам.

Бул эл аралык циркте 33 адам эмгектенет экен. Алардын бири – бразилиялык бийчи Патрисия Виера:

- Менин оюмча, эл биринчи келгенде таңкалып жатышты.

Шоу башталганда баары сүйүнүштү, жомок башталган сыяктуу. Ошол кез мага абдан жагат. Бийди 11 жашыман баштагам, азыр 22демин. RRULA циркинен баштадым. Мага абдан жагат. Балдардын бактылуу жүздөрүн абдан жакшы көрөм.


АКШда цирк мектебин бүтүп келген өнөрпоз Нуржамал Козугулова Нарынга дагы келүүгө убада берди:

- Циркке 18 жашыман катыша баштадым. Калифорнияда цирк мектебин бүтүп, азыркы учурда абада ойногон жанр менен иштейм, аттардын үстүндө трюктарды кылам. Нарын эли аябай жакшы экен. Жигердүү келип атышат. Кийинки жылы Нарынга сөзсүз келебиз.

Нарын шаарынын тарыхында биринчи жолу үч жума бою эл аралык цирк оюндары тартууланды.

Эми Ат-Башы районунун бийликтеринин өтүнүчү боюнча эл аралык RRULA көчмө цирки атбашылыктардын черин жазмакчы.
XS
SM
MD
LG