Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Айдоочулар Торугарттан жылбай турат


Торугарт жолунда тизилген автоунаалардын кезеги
Торугарт жолунда тизилген автоунаалардын кезеги

Ушул тапта Кытайдан жүк тарткан жүздөн ашык автоунаанын айдоочулары Ат-Башы районунун аймагындагы таразага тартуу бекетинде үч күндөн бери токтоп турат.

Айдоочуларга ашыкча жүк жүктөп алгандыгы үчүн өтүүгө уруксат берилбей жатат. Топтолгон айдоочулар ашыкча жүккө тыюу салынган мыйзамга макул эместигин билдиришип, маселени чечүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары келишин талап кылууда.

Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан №9 тараза өткөрүү бекетинин жанына чогулган оор жүк ташыган автооунаалар тизилип отуруп баш-аягы беш чакырымга чейин жетти. Аларды алгач тараза өткөрүү бекетинин кызматкерлери ашыкча жүгү үчүн токтотушуп, айып пул салышкан. Бирок ага макул болбогон айдоочулар ич ара топтолуп, нормадан ашпаган жүгү бар айдоочуларды да катарына кошуп алышкан экен. Мунун себебин алар бардыгыбызга бирдей чен коюлушу керек деп түшүндүрүштү. Көлдүк айдоочу Айбек Керимкулов:

- Мурда 44 тонна жүк деп чектөө бар болчу. Эми ар бир машинага өзүнчө чен койгону жатышат. Бул акылга сыйбаган көрүнүш. Биз деле жолду карайбыз да. Азыр биз айдаган КамАЗдарга жаңы мыйзам боюнча 16 тоннадан ашык жүк салбашыбыз керек экен. Анда биз кантип үй-бүлө багабыз? Биздин талап унаага карабай жалпы салмакты коюп беришсин. Азыркы жаңы мыйзам биздин жаратылышка туура келбейт. Бул түз жолдору бар өлкөлөргө ылайыкталган. Азыр бизди 47 миң сом айып төлөгүлө деп кармап атышат. Аны кантип төлөйбүз?

Минтип айдоочулар өз ойлору менен бөлүшкөнчө жолугушууга Ат-Башы районунун акими жана Транспорт министрлигинин астындагы Салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмилбек Таштаналиев келди. Алар чогулган айдоочуларга ашыкча жүккө тыюу салынган өкмөттүн токтомун түшүндүрүүгө аракет кылганы менен эч майнап чыккан жок.

Ошол эле убакта Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев топтолгондорго ашыкча жүк жүктөп алганынын айтып, ал үчүн айып төлөшү керек деп эскертти. Болбосо мыйзамга баш ийбегендерге күч колдонулат дейт ал.

- Мына канча күндөн бери ар кандай шылтоолорду айтып турасыңар. Биздин максат - жаңы салынган жолду бузбай сактап калуу. Ага макул болбосоңор, азыр атайын спецназ чакыртабыз да, баарыңарды ушул жерден 40 чакырым алыс алпарабыз. Анан ошол жерден айып пулду ким төлөсө кетет, болбосо жата бергиле.

Ошентип бийликтегилер менен айдоочулар ары-бери талашып бир пикирге келе алышпады. Акыры айдоочулар Жогорку Кеңештин депутаттары келип, маселе чечсин десе, Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмилбек Таштаналиев мыйзам баарына бирдей, айып пул төлөбөгөндөрдү биз өткөрбөй аягына чейин турабыз деп көгөрдү

- Азыр 120дай автоунаа турат. Алардын 80и норма. Калган кыркы таразаны ачтырбай жатат. Милициянын да алы жетпей жатат. Биринчи максат - таразаны ачтырып, чектен ашпагандарды өткөрүшүбүз керек. Калгандары айып пул төлөмөйүн өткөрбөйбүз. Тура беришсин. Ушундай эле окуя бир жыл мурда Ош-Эркеч-Там каттамында да болгон. Дал ушундай окуя. Аларды тартипке алып келдик. Азыр бир килограмм да ашык жүк жүктөгөндөр жок. Тартипке алып келсек болот экен да.

Маселебиз чечилмейин турганыбыз турган, бир дагы автоунаа өтпөйт дешкен айдоочулар, акыры ич ара ортого акча чыгарып кой союшуп, тамак-аш дайындоого киришти. Арасынан бир-эки автоунааны гана жер- жемиш сыяктуу бат бузулчу жүктөрү барын эске алып жөнөп кетишти.

Мыйзам боюнча ашык жүктөлгөн бир тонна жүккө Бишкек-Торугарт жолунда 539 чакырым жүргөндүгү үчүн айдоочуга 10 миң сомдун тегерегинде айып салынат. Ал эми үч күндөн бери токтоп тургандар чектен төрт-беш тоннага чейин ашып кетишкен.

XS
SM
MD
LG