Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Шайлоо күнү 119 номурунда “түз байланыш” иштейт


Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча Республикалык штаб түзгөн “түз байланыш” аркылуу шайлоочулар бардык маселелер боюнча кайрыла алышат. Байланыш 11-декабрда саат 7:00дөн 20:00гө чейин тынымсыз иштейт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, мындан тышкары өкмөт үйүндө маалымат борбору иштейт. Анда штаб башчысы, 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин, “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевдин жана ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин катышуусунда шайлоо жана референдумдун жүрүшү тууралуу маалымат берилип турат.

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болот. Добуш берүү участоктору саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG