Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Жогорку Нарын каскадында курулуш токтоду


ГЭС курулчу жер
ГЭС курулчу жер

Кыргыз өкмөтү "Русгидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууда каржылабай жатканын айтып чыкты. Эми 2016-жылы каскад алгачкы электр энергиясын бере баштайт деген план күмөнгө айланып, "Русгидро" жетекчилери менен кайрадан сүйлөшүү керек болуп калды.

2012-жылкы келишимге ылайык, Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын Орусиянын "Русгидро" ишканасы курмак. Төрт жылдын аралыгында алгачкы каскад ишке кирип, электр энергиясын бөлүп чыгаруу каралган болчу. Долбоор боюнча төрт каскад курулмак.

Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушу мөөнөтүнөн кеч калганын 23-июлда вице-премьер-министр Валерий Диль айтып чыкты. Ал каражаттын которулбаганынан ишкана жалданма мекемелерге 200 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калганын айтты. Былтыр 960 миллион сом курулушка сарпталса, быйыл эч кандай каражат жумшала элек.

- ГЭСтеги курулуштун токтошу ишкананын начар ишинен болууда. Анын ичинде биздин адамдардын да күнөөсү бар. Себеби алар каржылоону көзөмөлдөп туруш керек болчу. Учурда жалданма мекемелерге 200 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калдык. Мамлекет биринчи электр өндүрүмүн 2016-жылга пландап жаткан, бирок курулуш тилкесинде жумуш токтоп турганы өкүндүрөт.

Жогорку Нарын каскадынын курулушу
Жогорку Нарын каскадынын курулушу

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдиргендей, жакында кайрадан "Русгидро" жетекчилиги менен жолугушуу алдында турат.

"Русгидро" компаниясы болсо курулуш аянтындагы жер тилкеси боюнча маселени чечип берүүнү өкмөттөн өтүнүп келет. Нарын каскадынын аянты 3 миң гектардан ашык, анда жергиликтүү элдин үлүш жерлери да бар.

Министр Кубанычбек Турдубаев жергиликтүү элдин жери боюнча маселе дагы деле чечиле электигин айтат.

- Курулуш аянттагы жер боюнча сүйлөшүүлөрдө жакшы аракеттерге жетишип жатабыз. 3300 гектар жер аянты болсо, ошонун ичинен 365 гектар боюнча дагы деле макулдаша албай жатабыз. Бул иштер жакын арада бүтөт деп ойлойбуз.

Кризис "Русгидрого" да жетти

Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу үчүн алгач 400 миллион доллар сарпталары маалымдалганы менен бир жылдан кийин анын баасы 727 миллионго өскөн. Мындан улам курулушка башынан эле сын пикирлер бар.

Отун энергетикалык комплекси боюнча көз карандысыз серепчи Расул Үмбөталиев учурда "Русгидро" компаниясы финансылык каатчылыкка кабылганын айтат. Үмбөталиев орусиялык ишкана өзүнүн активдерин Москванын фондулук биржасына чыгарып, Орусиядагы финансылык каатчылыктан улам активдердин баасы төмөндөп жатканын байкаганын айтып берди.

- Акыркы эки-үч айдын ичинде "Русгидронун" активдери аябай түшүп кетти. Алар 15 млрд. рублди сатыкка чыгарып, акциянын баасы күндөн күнгө дагы деле төмөндөп атат. Компания финансылык кризиске кабылды. Ошонун негизинде толугу менен каржылоо маселеси чечилбей жатат. Аны менен кошо Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында курулуш токтоп турат.

Нарын каскады жалгыз эмес...

Ошентип Орусиядагы финансылык каатчылыктан улам энергетикалык долбоорлор токтоп калса, дагы бир канчасы башталбай жатат. Маселен энергетикалык тартыштыкты жабат деп күтүлгөн Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кара-Кече жылуулук электр станциясынын курулушу качан башталары да белгисиз.

Вице-премьер-министр Валерий Диль ордунан жыла албай турган долбоорлордун ичине Камбар-Ата 2 ГЭСинин 2-агрегаты жана Сары-Жаз, Көкөмерен долбоорлорун кошту.

Камбар-Ата 2 ГЭСи
Камбар-Ата 2 ГЭСи

Кыргызстан суунун запасы боюна мурдагы СССР өлкөлөрүндө үчүнчү орунда турат. Өлкө кошуна мамлекеттерден жылына бир миллиарддан ашык кВт саат электр энергиясын сатып алуу менен абалдан чыгат. Башка өлкөлөрдүн кымбат энергиясы светтин баасына түз таасирин тийгизүүдө.

Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик электр баасын 1-августтан тарта 10% көтөрүп жатканын кабарлады. Тажикстандан импорттоло турган электр энергиясы 2,5 центтен айланса, казактардан келген электр энергиянын 1 кВт сааты 5 сомго бааланмакчы.

XS
SM
MD
LG