Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Жумгалда зилзала болгон айылдардын абалы


9-апрелде Нарын аймагында болгон жер титирөөдө Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө жана Куйручук айылдары көбүрөөк жабыркап, атүгүл катуу чочуп кеткенден улгайган бир адам мерт болуп калганы да айтылууда.

Жер титирөөнүн очогу Чоң-Дөбө айылынан 30 чакырым алыстыкта Сандык жайлоосунда болгон. Алты баллдык ченемдеги жер титирөө бул айылда мал-жанга зыян алып келбегендигин, бирок олуттуу кесепети тийгенин Куйручук айыл округунун башчысы Бактыбек Сапаралиев “Азаттыкка” маалымдады.

Адам өмүрүнө зыян келбегендиги тууралуу маалыматтар айтылганы менен, Жаныбек Мамбетовдун 69 жаштагы атасы ошол зилзала маалында о дүйнө салыптыр. Уулу муну катуу чочуп кеткенден болду деп бүшүркөп турат:

- Атам үйдө алты чамасында жатты эле, жер титирөө болуп кеткендигине байланыштуу үйдө жаткан жеринен секирип туруп, “балдарды сыртка алып чык” деп кыйкырып, эшикке чуркап чыгып эле эсин жоготуп, 5 мүнөткө жетип, жетпей кайтыш болуп кетти.

Быйыл күздө Сарылкан Мамбетовдун 70 жылдыгын белгилейбиз деп, бала-чакасы кам көрүп жаткан болчу.

Куйручук айыл округунун башчысы Бактыбек Сапаралиев берген расмий маалыматка караганда, бул айылда кырсыктан алтымыштай үй жараксыз болуп калды:

- Бизге маалымат берген боюнча 6 балл болду деди. Айылда 50-60тай үйгө жарака кеткени такталды. Бирок МЧС эртең менен келип, жер адиси менен текшеришип, 45 үйдү жазып кетти. Кандай жарылганын, кандай болгонун көрүшүптүр. Эми кандай жардам берилерин МЧС өзү чечет да.

Куйручук айылынын тургуну Анара Табалдиева жердин силкингени кадимкидей сезилип, үрөйдү аябай эле учурду дейт:

- Мектепте балдарым окуйт, алар айтып келишти, үстүңкү кабатта жүргөндө кадимкидей жер титирөө сезилгенин айтышты. “Катуу силкинап, башыбыз айланып жерге отура калдык” дешти. Менин оюмча ошондой болгондон кийин 6 баллга чейин күчтүү болсо керек. Үйдө болчубуз. Катуу силкинип, биздин да жүрөгүбүз түшүп, башыбыз айланды. Үйүбүздүн бурчтарынан жарака кетип, акилери түшүп калды. Катуу эле болду. МЧСтен кишилер келип, текшерип, анча деле жарылбаганын айтышты. Бирок аябай эле катуу болду.

Жергиликтүү тургундардын билдиргенине караганда, азырынча кырсык болгон жерге жардам бериле элек.

Элеттиктердин бири Морис Сулайманов буларды айтты:

- Бизде өзүңүздөр билгендей эле араң турган тамдарга аябай эле жарака кетти.

Бирок мындай жабыркагандар болгон жок. Кичине өкмөттон деле Нарын облусуна, Жумгал районуна көнүл бурса жакшы болмок.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү өкүлдөрү чыгымдар эсептелип жаткандыгын кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG