Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Нарын: суудан өксүгөндөрдүн талабы


Нарындын Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынын тургундары сугат суу маселеси көйгөй жаратып жатканы үчүн бүгүн нааразылык акциясын өткөрүштү.

Үч жүзгө чамалуу айыл тургундары митинг аркылуу жаз келгенге чейин көйгөйдү чечүү зарылдыгын тийиштүү жетекчиликтерге эскертишти. Жашоочулардын айтымында, соңку жылдары сугат суунун тартыштыгынан жер майнаптуу колдонулбай калган. Ал эми жергиликтүү бийлик маселе өкмөттө каралып жатканын билдирет.

Чогулгандар “Элибизге суу жетпей кор болдук, президенттин жардамына зар болдук” деп жазылган баракчаларды көтөрүп чыгышты. Буга чейин дагы бул маселе менен жогорку бийликтегилерге бир нече жолу кайрылып бирок, эч кандай жооп болбой жатканына нааразы болушту.

- Кызыл-Туу айылы сууга зар болуп жатканын билесиңер. Биз бардык райондук, облустук бийликке кайрылдык. Алардын колунан келбейт окшойт деп борборго да бардык. Баары эле макул дейт. Жыйынтык жок, күтө беребизби? - деди Шайыт аттуу айыл тургуну.

Ал эми кызылтуулук Тыныбек акыркы жылдардагы сугат суунун тартыштыгынан малга жетиштүү тоют жыйнай албай келет. Ал айылдагы түзүлгөн комиссия менен Кызыл-Туу айылына быйыл канча каражатка малга тоют сатылып келгенин эсептеп чыккан.

- Эсептеп көрсөк былтыркы жылы биздин айыл 11 миллион сомго тоют сатып алыптыр. Бул Кызыл-Туунун 3 жылдык кирешеси. Жылдан-жылга тоют камдай албай калдык. Мындай көрүнүш улана берсе мал бакпай калабыз го. Өкмөт биздин маселени чечип койсо болмок.

Миңге жакын түтүн жашаган бул айылдын жалпы 2000 гектар жери бар. Ошол жердин болгону 200 гектарына гана суу жетет. Соңку жылдары талаага арпа-буудай эмес, чөп араң чыгып калган. Андыктан кышкысын малга тоютту башка райондордон сатып алууга туура келет. Маселен, Аскар Кенжекараевдин 5 гектар жери бар, бирок анын бир гектар жерин гана пайдаланып жатат. Мындай какырап отоо баскан жерлер акыркы жылдары кескин көбөйдү.

- Менин 5 гектар жерим бар. Болгону 1 гектарын гана пайдаланам. Калганы суу жетпей отоо басып жатат. Жылына 80 миң сомго чөп жыйнайм. Малдан пайда таппай эле калдык десек болот. Башка жактан чөптү кымбатка сатып келесиң да.

Бул айылга тээ илгери союз мезгилинен бери эле суу тартыш болуп келген. Бирок ал кездеги сугат тармагы жакшы иштеп тургандыктан коңшу айылдан суу тартылып келчү. Бүгүнкү күндө ал жактан келүүчү арык-каналдар иштен чыкты. Буга байлыныштуу айыл тургуну Белек Мамбетакунов сугат маселесин чечүүнүн мындай жолун сунуштады:

- Бизге Ичке-Таш-Рабаттын суусун тартып келүү керек. Аны латок же канал менен алып келсе жакшы болмок. Суу жерге сиңбейт эле. Ошол жактан гана суу тартып келүү керек.

Нааразылык акциясына чыккан айыл тургундарына район акими Жакып Субакожоев келип жолукту. Аким жакынкы күндөрү өкмөттөн бул көйгөй боюнча комиссия келерин билдирди. Бирок, бул бир жылда эле чечиле койчу маселе эмес экенин белгиледи:

- Буйруса 2-3 күндө өкмөттөн комиссия түзүлөт. Алар келип жеринде таанышып, эсептей баштайт. Бул айылда быйыл айрыкча суу тартыш болду. Себеби кургакчылык болбодубу.

Болжол менен бул айылга сугат суусун тартып келүү үчүн 180 миллион сомдой каражат талап кылынат. Чогулгандар бүгүнкү коюлган талап аткарылбай турган болсо Бишкек-Нарын-Торугарт жолун торойбуз деп эскертип, тарап кетишти.

Кызыл-Туу айылынын тургундары бул маселени көтөрүп, 30-январда Бишкекте маалымат жыйынын да өткөргөн. Кара-Коюң айыл өкмөтүнө караган Кызыл-Туу айылы облус борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG