Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Нарын шаарындагы “Мукаш-Ата” базары толук күйүп, “Береке” базарынын жарымын өрт чалды. Эки базарда болжол менен 500дөй соодагер иштечү.

Жанаша турган бул базарлардагы өрт 5-июлдун кечинде, саат сегиз-тогуздар чамасында чыккан. Нарын шаардык өрт өчүрүү кызматынын ага инспектору Самарбек Абдрахманов өрттүн чыгыш себебин мындайча болжолдоду:

Базардагы өрт өчүрүлгөндөн кийин, 6-июль.


- Себеби деген электр зымдардын бүт баары жалаңданып калган. Бул жерге эскертүү берип, эки жолу айып пул салганбыз. Ушул базардын администрациясынын башчысына эскертүү бергенбиз. Ушул убакка чейин кемчиликтерде четтетпей жүргөн. Биздин божомол боюнча, транформатр щити, ошонун ичинен зымдар туура эмес туташкандан жарылыптыр, ошонун себебинен өрт болду да.

Эт бөлүмүндө соода кылган Жумагүл Абдылдаева товары күйүп кеткенине кейийт:

- Аз эле товарым бар болчу. Аз болгону менен ошонун баары акча да. Канчалаган, миллиондогон товарлардын баары өрттөнүп, күйүп кетти. Биякта сактап койгон акчаларыбыз бар болчу, ошолордон бери жоголуп өрттөнүп атат. Өрт - тилсиз жоо дейт. Кечээ кечки сегиз-тогуздарга чукул болгон окшойт. Биз он жарым, он бирдерде келсек аябай өрттөнүп, өрт өчүрүүчүлөр өчүрө албай атыптыр.

Өрттөлгөн күркөлөр.


Базарда азык-түлүк саткан Жылдыз Кожекеева эми алган кредитин кантип төлөөрүнө башы катууда:

- Мен азык-түлүк сатчумун. 200 миң сомго барабар товарым бар болчу. Карыз алганыбыз бар, көбүн мисалы төлөй албай калдык. Кредит алганыбыз бар. Карачы, канча жабыр тартып атабыз. Биз саат ондон өткөндө угуп калдык. Келип эчтеке кыла албай калдык өзүбүз. Алып чыкканга болбой калды да.

Базарда соода кылгандардын көбү стресс болууда. Алардын бири Нургүл Баякунова:

Сатуучу аял күйүп кеткен товарын көрсөтүүдө.


- Мен азыр тимеле өзүмдү жоготуп жаман болуп атам. Контейнерди араң сактап калганга үлгүрдүк. Ушул “Береке” базарында соода кылам. Мен товар сактоочу жай толугу менен күйүп кетти. 700-800 миң сомдун товары болчу.

Маселени чукул арада чечүүгө аракет кылган облустун губернатору Канатбек Муратбеков зыян тарткандар менен сүйлөшүү жүргүзүп, атайын түзүлгөн комиссия чыгымдарды эсептеп чыгаарын айтты.

Өрттөлгөн контейнерлер.


Күйүп кеткен базарда жер-жемиш саткан Үмүт Чымбаева губернатордон жардам берүүсүн суранды:

- Сизден сураныч, биринчи бизге кыймылдап турганга акча бөлдүрүп бериңиз. Ошону ойлонсоңуз. Анан базар курганга келгенде биз деле колдон келген жардамды беребиз. Бирөө 100 сом берет, бирөө 200 сом берет. Ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам беребиз, ашар кылабыз.

Облус башчысы болсо тилсиз жоодон жапа чеккендерди сабырдуу болууга чакырды:

Өрт өчүрүлгөндөн кийин.


- Биз кыйкырып-өкүрүп чыккан күндө деле, бир-бирибиз менен кыйкырышкан күндө деле эч нерсе чечилбейт. Бирок мен сиздерге губернатор катары болгон мүмкүнчүлүгүм менен аракет кылып, жанагы чечилбей аткан маселелерди чечкенге аракет кылайын. Президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке барайын, анан өзүбүздүн теңиртоолук агаларыбызга кайрылайын. Бул жерде эч кандай намыстын да, саясаттын да кереги жок.

Бул жолугушуудан соң өрт кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн штаб түзүлдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG