Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Нарын шаарында көпчүлүк жыш отурукташкан жерлерде жана жол бойлорунда сүт сатып турган кыз-келиндер ондоп саналат. Шаар тургундарынын кээ бири алардын колунан сатып алышса, бир даары сүттүн санитардык сапатынан чочуп алышпайт.

Майрам айым 13 жылдан бери сүт сатып келатат. Ал эл көп каттаган Чкалов аялдамасында турат. Ушунча жылдан бери ал өзүнүн кардарларын тапкан.

- Көр турмуштун айынан турабыз. Документтерим, санитардык китепчем бар. Айылдагы уйларымды текшертип турам. Кайын агам ветеринардык дарыгер. Үйдөн айран уютуп келем. Ушул жерде 1-2 саат турабыз, сүттөр сатылып бүткөндөн кийин кетип калабыз.

Майрам айым ушул 13 жылдан бери бир дагы кардардан доомат уга электигин айтууда:

- Ушул кезге чейин бир дагы жолу арыз түшкөн жок. Эч ким мен менен соттошкон жок. Керек болсо ыраазычылыгын билдирип, үйлөрүнө чакырып, сый көрсөтүп, чай ичишип жүрөбүз.

Ал арада жаңы эле сүт сатып алган кардарлардын бири биздин кепке аралаша кетти.

- Майрамдын сүтүн көп жылдан бери алабыз. Сүтү таза, балдарыбыз бруцеллез өңдүү оорулар менен ооруган жок.

Бирок бардык нарындыктар эле жол боюнан сүт албайт. Жумагүл аттуу шаар тургуну аны мындайча түшүндүрдү:

- Көчөдөн сүт албайм. Таза экенине ишенбейм. Санитардык эпидемиологиялык станция анализ алып, тынбай текшерип тураарына көзүм жетпейт. Өзүмдүн ишенген кишим бар, ошондон гана алам.

“Ишенем, бирок текшерем”

Шаар мэриясынын социалдык, маданий маселелер боюнча бөлүм башчысы Абдылда Ибраев кайсы жерде гана болбосун сүттүн сапаты текшерилерин белгиледи:

- Сүт боюнча апта сайын ветеринардан маалымат алып турабыз. Алар ыкчам шакекче түрүндө анализ алып турушат. Сүт кайсы жерден келгенин, сапаты кандай болгонун көрсөтөт. Шаардын 11 жеринде сүт сатылат, Нарын районунун айылдарынан, Эмгекчил, Арабөктөн келет.

Колдон сүт сатып алган кардарлар адатта бруцеллёз оорусунан кооптонот. Текшерүү учурунда сүт таза чыкпаса, ветеринарлар чукул чараларды көрүүгө милдеттүү экенин мэрия өкүлү Ибраев кошумчалады:

- Эгер бруцеллёз чыгып калса, ошол замат сүттү жок кылууга алар милдеттүү. Мындан сырткары беш жерге сүт сатуучу латоктор коюлган, кичине да болсо шарт түзүп берүү максатында, калгандарына жетише элекпиз. Эми сүт сатуунун механизмдерин иштеп чыгуу керек. Албетте кемчиликтер бар, кээде көчөдө туруп сатышат, барсаң качып кетет. Сүтүн текшертип, сата берсин, биз тоскоол болбойбуз.

Нарын шаардык мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын лабораториялык адиси Кымбат Исмаилова сүт азыктары милдеттүү түрдө текшерилип турарын тастыктады.

- Базардын ичиндеги сүттөрдү күнүгө текшерип турабыз. Сүттөрдүн майлуулугун, суу кошконун текшеребиз. Вакцинация жүргүзүлүп тургандыктан бруцеллёз деген оору жокко эсе. Ар бир айылда ветеринардык дарыгер бар. Текшерүү жүргүзүп, уйларга ийне сайылып турат.

Кымбат Исмаилова сүт алгандар кандай гана сатуучу болбосун уруксат күбөлүктү талап кылууга акылуу экенин эскертти.

- Сүт алуучулар да сертификаттын негизинде алса, сүтү текшерүүдөн өткөнүнө карашса жакшы болмок.

Нарында эт менен кошо эле сүт азыктары дээрлик ар бир үйдүн күнүмдүк тамагына кирет. Суроо-талап кенен болгонуна жараша шаарга чекебелдеги айылдардан таң атпай сүт ташыгандар, аларды күтүп алып, сатып алып, же базарга чыгарып, же жол бойлорунда шаардыктарга сатууга адистешкен кыз-келиндер турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG