Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

"Мол булак" кардарлары менен араздашууда


Чакан насыя алып, аны төлөй албай калгандардын нааразылык акциясынан бир көрүнүш. Бишкек. 2012-жыл
Чакан насыя алып, аны төлөй албай калгандардын нааразылык акциясынан бир көрүнүш. Бишкек. 2012-жыл

"Мол булак" кичи насыя уюмунун Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында жайгашкан кеңсесинде иш кагаздар өрттөлдү.

Облустук милициянын айтымында, отуздай аял кеңсенин эшигин сындырып кирип, "Мол булактын" иш кагаздарын жана документтерин өрттөп салган.

Өлкөнүн каржы айдыңында көп жылдан бери кардарларына кичи насыя берип, ишмердүүлүк жүргүзгөн “Мол булак” насыя уюму Ат-Башынын Казыбек айылына өз кеңсесин ачканына төрт жылдан ашты.

Андан бери жергиликтүү эл бул жерден насыя алып келген. Аталган уюмдун кардары Кыял Мамытбекова уюмдун жогорку пайызы жана орой мамилеси элдин кыжырына тийип бүткөнүн айтты:

- Биз төлөбөй койгон жокпуз, кечиктирсек да берип жатабыз. Анан эле коркутуп-үркүтүп, сотко беребиз дешкени туура эмес да. Азыр баарыбыз эле кризисте отурабыз. Жеңилдетилген график түзүп бергиле десек болбойт. Анан эл көтөрүлүп чыкты. Төлөбөйбүз дедик. Бүгүн милициялар келиптир. Биз "Мол булакты" бул жерде иштетпейбиз. Кеткиле десек, бүгүн кайра отурушат.

Бирок ошол эле маалда бул кол салууну сындагандар да жок эмес. Алардын бири - аталган уюмдун кардары Эламан Боталиев:

- Азыр заман башка да. Документтерди өрттөп жиберсе, компьютер деген бар. Кагаздарды өрттөгөндүн ордуна "пайызыңар көп, бизге мындай кылып бергиле" деп түшүндүрсө, мыйзамга таянып, талап кылса болмок. Документтерди өрттөө менен эч нерсе чечилбейт. Экинчиден, бул жакка келген ишкерлер да элге жакшы мамиле кылышы керек. Кээ бир кызматкерлери адамгерчилик дегенди билбейт. Ушундай нерселер кыжырга тиет да.

“Мол булак” кичи насыя уюмунун аткаруучу директору Айнагүл Самудинова бул башаламандык артында кандайдыр бир күчтөр турат деп шек саноодо:

- Бул окуянын артында бирөө турганы шексиз. Буга чейин кардарларды колдойбуз деп кишилер келгенин, үгүт жүргүзгөнүн укканбыз. Ошонун айынан ушул окуя болду деп ойлоп калдык. Анан элге кагазга жазылган билдирүүлөр таркатылыптыр. Анда "Бажы биримдигине кирип жаткандыктан кымбатчылык болуп пайыздар көбөйөт" деп жазылган экен. Келгендер түштүк-түндүк маселесин да козгоптур. Бул менин оюмча, өлкөгө туруксуздук жаратуу аракети. Биз да укук коргоо органдарына кайрылдык. Мунун үстүнөн иштеп жатышат. Ким күнөөлүү экенин аныктоо алардын иши.

"Мол булак" насыя уюмунун өлкөдө 106 миңге чукул кардары бар. Алардын 90-95 пайызы алган насыяларын убагында кайтарып жаткандыгын аталган уюмдун кызматкерлери кабарлашты. Ал эми окуя болгон Казыбек айылындагы кеңсе өзүнүн ишин мурункудай эле улантарын компаниянын аткаруучу директору Айнагүл Самудинова белгиледи.

XS
SM
MD
LG