Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков жазгы талаа иштерине даярдык, жеңилдетилген насыя тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Башка региондорго караганда Нарында жазгы талаа иштери кечирээк башталат эмеспи. Даярдык кандай? Мисалы, күйүүчү май, үрөн жетиштүүбү?

Муратбеков: Жазгы талаа жумуштары бизде апрелдин 10-15теринде башталып калат. Биз быйыл 2 миң гектар жерге чөп, 29 миң гектарга дан эгиндерин айдайлы деп пландаштырып жатабыз. Күйүүчү май боюнча азыр сүйлөшүү жүрүп жатат. “Газпромдун” май куюучу жайлары Кочкор, Нарын жана Ата-Башы райондорунда бар. Майды алар ошол жактан алат. Ал эми Ак-Талаа менен Жумгал болсо күйүүчү майды Балыкчы шаарынан ташып алат. Азыркы сатылып аткан баадан 50 тыйынга арзаныраак болот деп сүйлөшүп жатабыз.

Бизге 1800 тонна үрөн керек. Анын 500 тоннасын өкмөттөн сурап атабыз. Арзаныраак болсо сатып алалы деп турабыз. Азыр техникаларды камдап-чомдоп атабыз, 50-60 пайызы дайын болду. Бизде дагы убакыт бар.

Былтыр жазында кургакчылык болуп, түшүм жакшы алалган жокпуз. Быйыл да кар аз жаады. Бирок ага карабастан болгон аракетибизди жасап жатабыз.

“Азаттык”: Жеңилдетилген насыя берүү башталдыбы?

Муратбеков: Насыя берүү башталды. Азыркы күндө 5 банктан алып жатабыз. Быйыл өзгөчөрөөк болуп жатат. Буга чейин малчылыкка, дыйканчылыкка берилсе, азыр айыл чарба өнүмүн кайра иштетүү, малды бордоп сатуу менен алектенген ишкерлерге да берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эмитен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле ишкерлердеги убараны азайтуу үчүн документтерди бир жерден ала тургандай кылып “бирдиктүү терезени” уюштуруп берип жатабыз.

Быйыл насыя биздин облуска абдан кенен берилип жатат: 300 миллион сомдун тегерегинде алып жатабыз. Былтыр биз 7 пайыз менен 70 миллион сом алганбыз.

Быйыл биз бардык жерде техникалык сервистерди, башкача айтканда, МТСтерди уюштура баштадык. Элдин колундагы техниканын баарын ортого топтоп иш алып баралы деп жатабыз. Мисалы, бирөөнүн менчик техинкасы болсо, ал өзүнүкүн, же каалаганыкын айдайт да, мүмкүнчүлүгү келбесе башкаларга жардам бербей койот. Андан сырткары өкмөттүн программасы менен 1,5 миңдей айыл чарба техникасы келет деп жатат. Лизинг боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Азаттык”: Жеңилдетилген насыяга байланыштуу былтыр нааразычылык айтылды эле. Текши берилген жок дегендей доомат болгон.

Муратбеков: Азыр көп адам чакан насыя берген компаниялардын кредит алып алган. Былтыр, мисалы, биз бир кичинекей айылды эле сураштырсак, анда 17 үй-бүлө эле мындай компаниялардан насыя алган эместиги аныкталды. Анан ал 17 адамдын өкмөттөн насыя алууну каалаганы да, каалабаганы да болду. Ошондуктан жанагы нааразы болгондор жеке компаниялардан насыя алгандар, ошондой эле өкмөттөн да алабыз дегендер. Биз аларга үстөккө-босток насыя берүүгө жол бербей жатабыз. Себеби бир ирээтке келтирбесек болбойт.

Анан жеңилдетилген насыя тааныш-билишке, тууган-уругуна берилет деген бул болбогон сөз. Биз быйыл да башка жерде насыя алсаң, өкмөттүкүн ала албайсың деп айтып жатабыз. Анткени арзан кредит алып, мурункуларын жаба койобуз деп ойлоп жатат. Берилген каражат натыйжалуу болушу үчүн биз өзгөчө көзөмөлгө алалы деп жатабыз.

“Азаттык”: Быйылкы насыялар айыл чарба өнүмүн кайра иштеткен ишкерлерге берилет деп айттыңыз. Сиздердин божомолуңуздар боюнча, мындан улам канча ишкана ачылышы мүмкүн? Мисалы, мал киндиктүү Нарын үчүн этти, сүттү кайра иштеткен ишканалар жокко эсе.

Муратбеков: Сиз туура айтасыз. Бизде быйыл 35 жаңы айыл өкмөтү шайланды. Жакында эле мен алар менен таанышуу ирээтинде жолугуп, ар бир айылда ишканалар ачылсын деген милдеттемелерди койдум. Биз мыкты айылды аныктоо боюнча атайын сынак да уюштурдук, баалуу белектерди койдук. Биз ушундай ыкма менен жумушсуздукту азайталы деп жатабыз. Мисалы, былтыр мурдагы жылга караганда, 1,5 миң киши жумуш менен камсыз болду.

Ал эми этти, сүттү кайра иштетүү боюнча өкмөттө да программа даярдалып жатат. Жакында эле вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев Кытайга барып келди. Жакын арада,11-мартта биз да жыйырма чакты фермер менен Кытайга барганы жатабыз. Ал жактан биз да ушул жаатта жолугушуу, сүйлөшүү өткөрөбүз. Быйыл жок дегенде 1-2 ири ишкана ачканга мүмкүнчүлүк бар. Биз аракет жасап жатабыз.

“Азаттык”: Кытайдан башка дагы кайсы мамлекеттин ишкерлери Нарынга инвестиция салууга кызыгып жатат?

Муратбеков: Өзгөчө Түркия менен Казакстандын кызыгуусу чоң. Эгер жакында биз Бажы биримдигине кирип калсак, эт-сүттү экспорттоого жакшы шарттар түзүлөт.

Андан сыртка биз мамлекеттик ветеринардык кызматты күчөтүү боюнча өкмөткө сунуш кылып жатабыз. Жылдан жылга эле мамлекеттик ветеринарлар кыскарып, жеке менчик кызмат көрсөтүүгө өтүп жатабыз. Эгерде мал ылаңы жайылып кетсе, жеке мал доктурлар жооп бербей жатат. Азыр, Кудайга шүгүр, мал көбөйүп жатат, бирок ветеринардык кызмат аксап жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG