Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Бойго жете элек эже-сиңди бир күндө турмушка чыкты


Ак-Талаа: турмушка чыккан секелектер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы эки кызын бир күндө күйөөгө берди. Бул факт боюнча жергиликтүү бийлик териштирүү иштерин баштады.

Диндар үй-бүлөнүн кыздарын турмушка эрте узаткан факт боюнча акимчилик, райондук милиция жана социалдык коргоо бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен кыздардын ата-энесине да, аларды келин кылып алган тарапка да укуктук баа берилет.

16 жана 17 жаштагы эки кызын бир күндө күйөөгө узаткан Руслан кыздары эч кандай мужбурланбай эле турмушка чыкканын билдирди.

- Кыздарыма жуучу түшүп келишти. Динде эч кандай мажбурлоо жок. Мен кыздарымы мажбурлаган жокмун. Өз көңүлдөрү менен макул болушту. Кудаларым менен сүйлөшүп, кыздарымдын никелери биздин үйдөн кыйылды. Мага калың беришкен жок. Динде атасына калың бербейт, күйөө болчу киши кызга алына жараша калың берет. Кыз каадасын кылып, той өткөргөн жокпуз. Эми кийинчерээк кыргыздын салтын кылып, куда тособузбу-жокпу сүйлөшөбүз.

Байгөнчөк айылы
Байгөнчөк айылы

Кыздар атасынын үйүнөн жүзүн жаап чыгышкан. Ал эми адатта кыргызда болуп келген кыз каадасы - жеңелери жеткирип же кууп баруу, ачуу басар сыяктуу шаан-шөкөттөр да болгон эмес.

Русландын сексенге таяп калган апасынын айтымында, уулу намаз окуп, акыркы убакта ислам динине берилип жүрөт. Аялынын да жүзүн жаап, паранжа жамынтып койгон.

Бул окуя учурда райондо кызуу талкууга түштү. Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Жылдыз Мамбетова жашы жете элек кыздарды дин жолу менен эртелеп турмушка узатуу тенденциясы жайылып кетпеши үчүн буга чара көрүлө турганын билдирди:​

- Күйөөгө тийсе боло берет экен, мамлекет эч нерсе кыла албайт экен деген сөз элде болбош үчүн биз азыр аракет кылып жатабыз. Бул кыздар негизи мектепте тогузунчу классты бүтүшкөн. Тогузунчу классты бүткөндөн кийин ал окуусун улантабы же жокпу өзү билет, бирок бойго жетелек кыздардын турмуш курганына биз кайдыгер карай албайбыз.

Жумабаева: эрте никеге тургандар азайбады

Жумабаева: эрте никеге тургандар азайбады

Ал арада райондук ички иштер бөлүмү жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү фактысы боюнча ишти тергөөгө жөнөтүү алдында турат. Аталган бөлүмдүн өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкери Бермет Мамбеталиеванын ырасташынча, ал окуядан кийин кыздар менен сүйлөшкөн.

- Кыздардын турмушка чыккан жерине барып өздөрү жана келин кылып алган тарап менен сүйлөштүк. Кыздар дин жолунда экенин, эч ким аларды турмушка чыгууга зордобогонун айтышты. Азыр мен он алты жаштагы кыздын метрикасынын көчүрмөсүн жана башка кагаздарды топтоп койдум. Эми тергөөгө берем. Ал жактан аларга кандай укуктук баа берилет тергөө чечет.

Ак-Талаа районунун милициясы.
Ак-Талаа районунун милициясы.

Райондук ички иштер бөлүмү, акимчилик бул окуяга укуктук баа беребиз деп жатканы менен, кыздардын атасы Руслан алар өз ишин аткара берсин деп гана тим болду.

- Мыйзам ушундай экен да. Эми алар өз иштерин аткара беришсин. Мен кыздарды эч кандай мажбурлаган жокмун. Өз көңүлдөрү менен кетишти.

Мындан тышкары Руслан кыздарын эрте турмушка узаттым деп эсептебей турганын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык, 18 жаштан баштап турмуш курганга уруксат. Нарын облусунда өткөн жылы 18 жашка толо элек алты кыз күйөөгө чыккан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG