Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

БШК КСДПнын Жалал-Абадда шайлоого катышуусуна уруксат берди


Шайлоо 11-декабрда өтөт
Шайлоо 11-декабрда өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-декабрда Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын КСДПнын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарган чечимин талкуулады. Анын жыйынтыгында аталган партиянын шайлоого катышуусу көпчүлүк добуш менен колдоого алынды. БШК мүчөлөрүнүн тогузу буга "макул" болсо, экөө мыйзам одоно бузулганын айтышып каршылык билдиришти.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы 2-декабрда КСДПнын талапкерлерин каттоодо гендердик норма сакталган эмес деп, тизмени жокко чыгарган эле. Бирок маселе убагында каралбай, тийиштүү чечим кечигип кабыл алынган деген негизде ал кайра жокко чыгарылган. (NT)

XS
SM
MD
LG