Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Нарын: аялдын өмүрүн алган асма кайык


Нарындагы асма көпүрөлөрдүн бири
Нарындагы асма көпүрөлөрдүн бири

Нарын дарыясынын үстүнө курулган асма көпүрөдөн беш балалуу аялдын кулап, каза болушу аймактагы асма көпүрөлөр талапка жооп бербей турганын ашкере кылды.

Жалгыз бой аялдын балдары эми томолой жетим калды.

Нарын районунун аймагын бойлой аккан Нарын дарыясынын үстүнө салынган мындай асма көпүрөлөрдөн адамдар кулап, мерт болуп калган учурлар буга чейин да болуп келгенин жергиликтүү эл сөз кылууда. Бул асма көпүрөлөрдү асма кайык деп да аташат.

Адам өмүрүн алган бул асма көпүрө жарым кылым мурда гидрометереологиялык изилдөө жүргүзүү, Нарын дарыясынын агымын жана көлөмүн текшерип туруу максатында суу өлчөөчү асма кайык катары курулган. Бирок Чет-Нура айыл аймагында жашаган эл бул көпүрөнү эчак эле эки өйүздүн айылдарын байланыштыруучу жол каттамына айландырып алышкан.

Жергиликтүү аксакалдардын бири Жалый Мухамбетовдун айтымында, эл көпүрөнүн абалын жана өз коопсуздугун ойлобогондон улам ушундай аянычтуу окуялар орун алууда.

- Канчасы батса олтура беришет. Негизи кайык ортосуна жеткенде тарта алса кете беришет. Ушуну эл деле ойлоп капталдарына жыгачтан деле коюп койсо болот эле да. Ал жактан мал, карагай жүктөп өткөндөр бар. Өкмөт деле караш керек эле да. Жок андай эмес. Көпүрөдөн аракка тоюп алгандар, кары-картаңдар өтөт. Негизи эл биринчи өзүнүн коопсуздугун ойлош керек да.

Нарындагы асма көпүрөлөрдүн бири
Нарындагы асма көпүрөлөрдүн бири

Ал эми Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Кудайбергеновдун айтышынча, Ак-Булуң айылындагы бул асма көпүрө эч бир айылдын же мекеменин каттоосунда жок. Бирок айыл башчы элдин коопсуздугу үчүн ал маал-маалы менен оңдоодон өтүп тураарын айтат.

- Бүгүнкү күнгө чейин бул көпүрө кимдин балансында экенин таппай келебиз. Бул көпүрөнү таптакыр алып салалы десек да жергиликтүү элдин муктаждыгына жарап жатат. Ошондон улам алып сала албай жүрөбүз. Ал эми жакында катталган кырсык караңгыда болуптур. Көпүрө болсо бүгүнкү күндө оң, ишке жарактуу абалда эле турат.

Нарын районунун аймагында мындай алты асма көпүрө бар. Алар 300 килограммга чейин жүк көтөрүүгө ылайыкташкан. Анын үчөө Кыргыз гидрометереологиялык борбордун Нарын аймагынын бөлүмүнө тиешелүү.

Нарын дарыясынын үстүнөн көрүнүшү
Нарын дарыясынын үстүнөн көрүнүшү

Аталган борбордун жетекчиси Анварбек Иманбаев бул асма көпүрөлөр суу өлчөө үчүн колдонулат жана текшерүүдөн өтүп турат дейт.

- Кичи-Нарында, Чоң-Нарында жана Нарын шаарындагы үч асма суу өтмөк бизге тиешелүү жана аларды атайын адистер барып майлап, текшерип турушат. Аны менен суунун агымынын метр секундасын, кубун аныктап турабыз. Ар бир өтмөктө бирден киши иштейт. Жазында, күзүндө текшерип, 300 килограмм жүктөп алып, ары-бери өтүп көрөбүз. Биздин карамагыбыздагы асма көпүрөдөн деле башка кишилер өтүшөт, бирок аларга түшүндүрүп, коопсуздугун карап турабыз.

Анварбек Иманбаев кошумчалагандай, кырсык болгон Ак-Булуң айылындагы көпүрөнү жергиликтүү эл ошол кезде көпүрө салган адистерден суранып, курдуруп алган экен. Бирок көпүрө курулгандан бери анын коопсуздугун жана жоопкерчилигин эч ким мойнуна алган эмес.

Деген менен асма көпүрө менен ары бери өткөн элди мындай кырсык деле токтото албайт. Нарын дарыясынын эки тарабындагы айылдарды байланыштырган асма көпүрөлөргө муктаждык айрыкча эртең менен жана кечинде пайда болот. Анткени бул автоунаалар сээлдеп, ары-бери каттоо кыйындап калган учур болот.

XS
SM
MD
LG