Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Нарында тигүүчүлүк өнөрдүн баркы артууда


Нарын шаарындагы тигүүчүлүк курсу “Ыйык Ата-Журт – Нарын” коомдук жаштар фонду жана Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте түзгөн долбоордун негизинде иштеп келе жатат.

Тигүүчүлүк курстун техникалык базасын Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы колдоп келет. Үйрөнөм деп кызыккандар 500 сом төлөп 2 ай окушат. Аталган фонддун төрагасы Кошой Мөндүрбаев мындай дейт:

- Фондубуздун максаты – жаштардын патриоттук сезимин чыңдоо, аларды заманбап илимдерге үндөө, жаштардын арасында демократиялык маданиятты калыптандыруу. Жаштарды колдоо үчүн биздин фонд кайрымдуулук иштерди жүргүзөт, ошого жараша окуу баасын арзан кылганбыз.

2008-жылдан бери тигүүчүлүк өнөрүн 320 улан жана кыз-келин үйрөнүп кеткен. Алардын көпчүлүгү Бишкекте жана Орусияда ири кийим тигүүчү цехтерде иштешет экен.

27 жылдык тигүүчүлүк тажрыйбасы бар Жаңыл Курманалиева бул курста 7 айдан бери мугалим. Эми кыз-келиндер менен бирге эркек балдар үйрөнүп жатышат. Ушул тапта тигүүчүлүк баалуу кесиптерге кирерин Жаңыл айым айтууда.

- Үй-бүлөлүлөр окуйт, алар аябай аракеттенишет. Бул жактан үйрөнүп алып, жайында Бишкекке барып, иштеп келишет. Ошондуктан көп киши бизге жазылууда. Эки айда чөнтөктөрдүн, жакалардын түрүн үйрөнүп бүткөндөн кийин башынан аягына чейин шым, көйнөк тигишет.

4-курстун студенти Марина окуудан кийин, бош убактысында өздөштүрүп жаткан тигүүчүлүк өнөрү жашоосунда жардам берерине ишенет:

- Окуумдан тышкары түштөн кийин бул жакка келип, тиккенди үйрөнөм. Аялзаты тиккенди үйрөнүш керек, өзүнө эле жакшы деп ойлойм.

Бул өнөрдү өздөштүрүп жаткандардын арасында студент эмес, өз кесиби боюнча жумушу жок же айлыгы аз деп андан баш тарткандар да бар. Өзүн Жазгүл деп тааныштырган айым буларды айтты:

- Нарын мамлекеттик университетин аяктагам. Азыр кесибим боюнча жумуш жок болгондуктан тигүүчүлүктү үйрөнүп жатам, бул кесип менен үй-бүлөмдү багам.

Мугалимдик кесипке ээ болгону менен иш табалбай жүргөн Айнура:

- Университетте 5 жыл окуп мугалим болдум. Тилекке каршы алган билимимди жашоодо пайдалана алган жокмун. Себеби мектептерде бош орун жок. Ушул курста окуп жатам. Тигүүчүлүк азыркы жашоодо эң актуалдуу жана ар бир адамга керектүү кесип. Акчасы да мугалимдикине караганда жогору, - деди.

Айтор, Нарында тигүүчүлүк кесип барктуу болуп, кыздарга эми эркектер кошулуп жатышат.

XS
SM
MD
LG