Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:33

Бийик тоолуу Нарындын Соң-Көл жайлоосу жайкысын туристтер көп келчү жерлердин бири.

Соң-Көл жайлоосун жайлаган малчылар чет элдик конокторго шарт түзүп, жакшылап тейлегенди үйрөнө башташты.

Ади Израилден курбусу экөө келген. Алар тааныштарынан Кыргызстан тууралуу угуп, Кытайга баратып, Соң-Көлдө эс алып кетүүнү чечишкен.

- Биз Кыргызстанга биринчи жолу келдик. Бизге аябай жакты, эли, тамак-ашы жана меймандостугу аябай жакшы экен. Бул жакта бир апта жүрүп, анан Кытайга кетебиз.

Соң-Көл жайлоосунда көбүнчө 7-8 үй биригип коом түзүп, Бишкектеги туристтик фирмалар менен иштешет.

Кочкор районунан түзүлгөн “СВТ Кочкор” коомдук бирикмеси Соң-Көл жайлоосунда туристтерди тейлегенине 12 жыл болуптур. Бирикменин менеджери Махабат Батырова:

- Бул жерде биздин жети үй бар. Көбүнчө француздар келишет, АКШдан, Германиядан, Италиядан, Жапониядан, Кореядан келишет. Котормочу Бишкектен кошо келет, гид болуп жол көрсөтөт. Туристтердин жатканы, тамагы болуп бир күнгө 1000 сом болот. Алар адатта үч-төрт күн жүрүшөт. Аларды бул жер тынч болгону менен тартат. Көлүбүздү да жакшы көрүшөт. Келгенде эле аябай сүйүнүшөт.

Париждеги турфирмада иштеген Биета айым 10 жылдан бери Кыргызстанга туристтерди жетектеп келет. Акыркы жылдары Соң-Көлгө көп келе баштады. Себеби француздар ат мингенди жакшы көрүшөт экен:

- Биздин келгенибизге төрт күн болду. Кыргызстандын жаратылышы укмуш. Соң-Көл, Ысык-Көл бар. Француздар ат мингенди жакшы көрүшөт, тоого жөө чыгышат. Бир гана жаман жери - жолдор өтө начар.

Жайлоодо чет элдик конокторду тоскондор уктоочуу, тамактанчу бөлмөлөрдү, ашкананы өзүнчө бөлүп, үч-төрттөн боз үй тигип, ички жасалгасына да көңүл бурушат.

Төлөк Султаналиев туристтерге бардык шарттарды түзүп берген: жууна турган көчмө мончо (душ) орноткон:

- Быйыл туристтерди тосконума 12 жыл болду. Мал багам. Душту биз адегенде туристтер үчүн, анан албетте өзүбүзгө карап да атайын Бишкектен жасатып келгенбиз. Жайлоодо суу көйгөйлүү маселе. Мурда 100 километр жүрүп, Кочкорго барып жуунуп келчүбүз.

Акыркы жылдары Соң-Көлгө чет жактан эле эмес, Кыргызстандын булуң-бурчунан эс алуучулар да, спортчулар да келе баштады.

Кыргызстандын Эрежесиз мушташ федерациясынын жетекчиси Эмил Токтогонов 30 спортчусун Казакстанда өтө турган Азиянын турнирине даярдап жаткан экен:

- Кереметтүү Соң-Көлгө биз төртүнчү жолу келдик. Федерация Азиянын чоң турнирин өткөрүп жатат. Ошол жакка балдарды даярдап жүрөбүз. Алгач он бала менен машыгып, анан Карагандада өткөн чоң турнирге катышканбыз. Бул жактан машыгып барган балдар тердеген да эмес. Анткени бул бийик жер, бул жактан машыккандан кийин физикалык жактан абдан күчтүү болуп калат.

Айтор, малдуулар бир иштен эки иш кылып киреше таап мамлекетке да салык төлөшөт экен. Туристтерди тартуу үчүн атаандашып, тейлөө жагы бир аз оңолуп бараткандай.

Дениз деңгээлинен 3000 миң метрден ашык бийик турган Соң-Көлгө Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондору жайлашат. Соң-Көлдүн тереңдиги 13 метр, туурасы 18, узундугу 29 км. созулат.

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG