Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Нарында лазер менен сүннөткө отургузулду


“Орто Азия – жаштар” фондунун колдоосу менен Нарын шаарынын облустук бейтапканасында эркек бөбөктөрдү сүннөткө отургузуу ырымы өттү. Бул кайрымдуулук иш-чарада облус боюнча миңден ашуун бала сүннөткө отургузулууда.

“Орто Азия – жаштар” фондунун төрагасы, түркиялык Илхами Демиржи сүннөткө отургузуу ырымы эмне себептен Нарында өткөрүлүп жатканын түшүндүрүп берди.

- Элдин муктаждыгын билип Нарынга келгенбиз. Нарын шаарында бүгүн 200 баланы сүнөткө отургузуп, аларга белектерди алып келгенбиз. Кыргызстанда ар-бир аймакта ушундай иштерди жүргүзүп жатабыз. Биз көбүнчө кайрымдуулук жардамдарды кылабыз.Ушул жардамдарды элге жеткирүү үчүн аракет көрүүдөбүз.

Бул иш-чара “Инсанга жардам” эл аралык коомунун колдоосунда өтүүдө. Аталган фонд сүннөт менен гана чектелбестен, башка гуманитардык жардам берерин Илхами Демиржи кошумчалады:

- Биздин ишмердүүлүк сүннөткө отургузуу менен гана чектелбейт. Ушул бейтапкана менен сүйлөшүп, булардын муктаждыгын өз көзүбүз менен көрүп, анан ушул ишке тиешелүү адамдарды мамлекетке алып келип, эл менен байланыштырып, жардамдашканы келгенбиз.

Балдарды сүннөткө отургузууда денени оорутпаган түрү колдонулгандыктан балдарын жетелеген ата-эне кубанып алышкан.

- Мен Абдылдаев Рысбек, эки баламды сүннөткө отругуздум. Ооруган жок. Дароо эле жакшы кести. Азыр жеңил эле болду.

- Атым Бурулсун. Нарындан келдим, балам ооруган жок. Молдо өзү көтөрүп чыкты, “Султан мусулман болду” деди. Рахматыбызды айттык. Белегибизди алып кетип баратабыз.

Тизме алдын ала түзүлгөн экен, бирок кайрымдуулук жараяны дегенди уккандар кезексиз келип жатышты. Буга байланыштуу “Орто Азия – жаштар” фондунун Нарын облусу боюнча өкүлү Зайырбек Ашырбаев буларга токтолду:

- Алдын ала биз ирээтке салсак болмок. Алыскы айылдан келгендерди кабыл алып, анан шаардыктарды кабыл алалы деп пландаган элек. Тилекке каршы айылдыктар бир аз кечигип, шаардыктар эрте келип алгандыктан бир аз тартипсиздик болду. Кайрадан айылдык менен шаардыктарды аралаштырып тизме түзүп, ошол тизме боюнча киргизип атабыз.

Ал эми кезек күтүп турган Элнура айым элдин көп келген жөнүн төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Кишинин көп болгонунун себеби – булар оорутпай, лазер менен кесет экен. Мындай кестиргенде баланыкы аябай канайт да. Мында канабай бат бүтүп, айыгып кетет. Ошон үчүн киши көп болуш керек.

Арапстандан сүннөткө отургузуу өнөрүн үйрөнүп келген Мусаб Криж мурда Кыргызстанда Медициналык академияны бүтүргөн. Ал сүннөткө отургузуу ишинде мүчүлүштүктөр болбогонун айтты.

- Мен 15 жылдан бери 4500дөй эркек баланы сүннөткө отургузгам. Баары жакшы бүткөн. Бул жакшы жыйынтыктар даарат алып, намаз окуганыман жана Кудайдын шыбаасы менен болуп жатат.

Мурда кыргыз коомунда аксакалдар наристе балдарды сүннөткө отургузуп келген. Кийин бул миссияны көбүнчө хирург дарыгерлер аткарып жатышат.

XS
SM
MD
LG