Казакстандын Алматы шаарындагы абакта жазасын өтөп жаткан аялды зордуктады деп айыпталган түрмө сакчысы Руслан Хакимов тогуз жылга эркинен ажыратылды. Алматыдагы райондук соттун бүгүнкү чечимине ылайык, соттолуучунун үй-мүлкү конфискацияланып, юстициянын майору наамынан ажыратылды.
Каракчылык боюнча сегиз жылга соттолгон Наталья Слекишина өткөн жылы түрмөдө зордукталып, быйыл кыз төрөгөн. Ал төрт түрмө сакчысынын сексуалдык зомбулугуна кабылганын билдирип чыккан.
Иликтөөнүн жыйынтыгында абакта төрөлгөн ымыркайдын атасы Алматыдагы тергөө абагынын кызматкери Руслан Хакимов экени аныкталып, ал негизги айыпталуучу болуп калган. Калган үч шектүүнүн макамы өзгөрүп, күбө катары сот алдына келишкен.
Хакимов айыптарды четке кагып келет. Жабырлануучунун адвокаты Айман Умарованын айтымында, ал Слекишинаны зордуктабаганын, ал экөө өз ыктыяры менен мамиледе болушканын билдирген. (KKs)