Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Украина орус сотунун Межилис боюнча чечимин айыптады


Мажилистин жаңы мүчөлөрүнө мандат берүү аземи, 1-ноябрь, 2013-жыл.
Мажилистин жаңы мүчөлөрүнө мандат берүү аземи, 1-ноябрь, 2013-жыл.

Орусиянын Жогорку Соту крым-татарларынын межилисине тыюу салган чечимди күчүндө калтыргандан кийин Украинанын Тышкы иштер министрлиги кескин билдирүү менен чыкты.

Министрлик Крымдагы татарлардын жогорку мекемеси боюнча соңку чечимди ачык эле маскаралоо деп атады. Ошондой эле элди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Быйыл 26-апрелде Крым соту Межилисти экстремисттик уюм деп таап, анын ишине тыюу салган. 29-сентябрда Орусиянын Жогорку Соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Украина 1999-жылы Межилиске атайын макам берген. Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялагандан кийин көптөгөн татарлар аймактан чыгып кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG